Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-сентябры № 25
Теплоключенка айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жаңы мыйзамга ылайык, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык кеңештин регламенти бекитилсин (тиркелет).
2. Теплоключенка айылдык кеңештин регламенти Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү жооптуу катчы Б.Джумабаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттардын этикасы комиссиясы (Усенова Н.У.), жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Б.Джумабаева милдеттендирилсин.
4. Теплоключенка айылдык кеңешинин регламенти Ак-Суу райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялансын.
5. 2008-жылдын 29-майындагы № 99 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы (баардык киргизилген өзгөртүүлөрү менен) күчүн жоготту деп табылган.
Теплоключенка айылдык кеңешинин төрайымы |
Байсеитова С.А |
| «Бекитемин» Теплоключенка айылдык кеңешинин төрайымы ___________Байсеитова С.А. «12»__09__2011-жылы |
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Жергиликтүү кеңеш - Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
1.2. Жергиликтүү кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жактан болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
1.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.5. Жергиликтүү кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамында белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
2.1. Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обүекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жанан тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыйуу салганга чейинки чектоолорун аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- ушул мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы учун белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.3. Айыл аймагынын кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.4. Айыл аймагынын кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
3.3. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.
3.4. өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
3.5. Айылдык кеңештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
- жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
- сессияларга төрагалык кылат;
- жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
- жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.7. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон, же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
5.1. Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин катчысынын милдетин айыл аймагынын башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин катчысы:
жергиликтүү кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт;
келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
жергиликтүү кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
жергиликтүү кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
жергиликтүү кеңешинин сессияларынын токтомдорун тариздейт жана кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
жергиликтүү кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт, ошондой эле убактылуу комиссиялар да түзүлсө болот.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамын жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша жаңы туруктуу комиссияларды түзө, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.1. Жергиликтүү кеңешинин сессиялары анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат. Жергиликтүү кеңешинин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
7.2. Жергиликтүү кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
7.3. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
7.4. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
7.5. Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.6. Айыл аймагынын кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияда төрагалык кылуучунун колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айыл аймагынын кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8.1. Айыл аймагынын кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айыл аймагынын кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
8.3. Айыл аймагынын кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл аймагынын кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айыл аймагынын кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айыл аймагынын кеңешинин кабыл алынган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9.1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынын кабыл алынган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. өзүн өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10-күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
9.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
9.6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – аткаруу органынын тиешелүү башчылары, ал эми райондук кеңеште - райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы өз мойнуна алат.
Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
10.1. Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш регламентин Типтүү регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айыл аймагынын кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
10.4. Регламент жана регламентке оңдоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.