Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 29 сессиясы
2016-жылдын 11-марты № 29/1
Дөбөлү айыл аймагынын 2016-2018-жылдарына стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын 2016-2018-жылдарына стратегиялык өнүгүү планын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2018-жылдарына стратегиялык өнүктүрүү планы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана стратегиялык планда көрсөтүлгөн иш чараларды аткаруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |
| «БЕКИТИЛДИ»Дөбөлү айылдык кеңешинин «11» март 2016-жылдын ΧΧVI-чакырылышынын 29-сессиясынын 29/I- токтому менен бекитилди |
Дөбөлү айылы
2016-жыл
Мазмуну
Кириш сөз ................................................................................................................. 3
Дөбөлү айыл аймагынын элеси............................................................................. 3
Дөбөлү айыл аймагынын элесинин багыттары............................................... 3
Дөбөлү айыл аймагы боюнча жалпы маалымат............................................... 4
Социалдык – демографиалык маалымат............................................................ 4
Жакырчылыктын деңгээли (үй бүлөлөрдүн саны)........................................... 5
Дөбөлү айыл аймагынын миссиясы……………………………………………. 5
Дөбөлү айыл аймагынын миссиясынын багыттары…....………………....…. 5
Өнүктүрүү багыт ........................................................................................................ 6
Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери ............................ 6
Проблемаларды чечүү үчүн колдоо болгон жана
зарыл ички жана тышкы ресурстар ...................................................................... 6
Долбоорлор жана күтүлүүчү жыйынтыктар ........................................................ 7
Иш-чаралар же долбоорлор ...................................................................................... 8
Мониторинг жана баалоо........................................................................................... 9
Маниторинг жана баалоо тобунун милдеттери жана укуктары....................... 10
Мониторинг жана баа берүүнүн планы.................................................................. 11
Инвестициялык план ................................................................................................ 16
Финансылык ресурстарды баалоо.......................................................................... 17
2013-2015-жылдары Дөбөлү айыл аймагында
ишке ашырылган микродолбоорлор.................................................................... 18
1. Кириш сөз
Ар бир региондун жаратылыштык-климаттык, тарыхый традициялык шартына, экономикалык тармактарынын өнүгүү деңгээлине байланышкан спецификалык өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүгүү стратегиясы болушу зарыл. Регионалдык өнүгүү, албетте улуттук стратегиянын негизинде иштелип чыгышы керек. Жакшы түзүлгөн иш пландын болушу тармактын же региондун айылдын жетекчилиги тарабынан натыйжалуу чечимдерин кабыл алынышына алып келет.
Дөбөлү Айыл аймагы жакынкы аралыкта өнүгүүсүнүн негизги максаты - бардык тармактардын натыйжалуу иштөөсүн, келечекте айылдык аймактын экономикасынын стабилдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу аркылуу региондогу калктын жакырчылыгын кыскартуу, социалдык абалын жакшыртуу. Башкача айтканда “Күчтүү айыл - күчтүү мамлекет” чакырыгына багыт алып иш алып баруу, Дөбөлү айыл аймагынын 2016-2018-жылдардагы өнүгүү планынын негизги принциптерден турат.
Дөбөлү айылдык аймагынын өнүгүү планы – бул айыл аймактын эң негизги стратегиялык документи болуп саналат. Стратегиялык пландын негизги максаты айыл калкынын жашоо турмушун жакшыртуу, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкару органдары менен коомчулуктун өз ара ишеним атмосфераларын чыңдоо менен эриш-аркак иштешин камсыз кылуу болуп эсептелет.
2. Дөбөлү айыл аймагынын элеси:
Биз, Дөбөлү айыл аймагынын тургундары, келечекте айылыбызды социалдык-маданий жактан өнүккөн, заманбап инфраструктурага бай, жумуш ордулары менен камсыз болгон кайра иштетүүчү ишканалары бар, туризм багыты өнүкөн, айыл чарбасы калыптанган, экологиясы таза, жаратылышы кооз, “Ааламга кеткен жол – айылдан башталат” - деген кыргыздын макалын ураан тутуп элибизге, Кыргызыстанды өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошуучу интеллектуалдуу жаш муундардын өкүлдөрү көп аймак деп көрөбүз.
2.1. Дөбөлү айыл аймагынын элесинин багыттары:
Багыттын аталышы | Багыттын мааниси |
«Социалдык-маданий жактан өнүккөн, заманбап инфраструктурага бай» | Дөбөлү айыл аймакта социалдык - маданий обьектилери жана имараттар курулуп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды толук камтыган борбор катары эсептелинет |
Жумуш ордулары менен камсыз болгон кайра иштетүүчү ишканалары бар | Дөбөлү айыл аймакта өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары чакан жана орто ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, чыгарылган продукциялар ички жана тышкы базарда сапаттуулугу менен элдин суроо талабын камсыздайт. |
«Эл аралык туризм борборуна айланган» | Айыл аймакта жайгашкан «Салкын-Төр», «Кыргыз айылы», «Сейил -Булак», «Кара-Суу» эс алуучу жайлары эл аралык стандарттарга жооп берген очогу катары таанылып, туризм багытынын ар тараптуулугун өздөштүргөн |
«Айыл чарбасы калыптанган» | Айыл аймакта дыйканчылык жана мал чарбачылыгы онүккөн, экологиялык таза продукцияларды өндүрүп, сапаттуулугу менен керектөөчүлөрдүн суроо талабын камсыздайт |
«Экологиясы таза, жаратылышы кооз аймактагы айыл» | Дөбөлү айыл аймагы бийик Тянь-Шань тоолору менен курчалган, Орто Азиядагы эн ири Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан, жаратылышы кооз, экологиясы таза аймак болуп эсептелинет |
3. Дөбөлү айыл аймагы боюнча жалпы маалымат
Дөбөлү айыл өкмөтү болуп 1994-жылы уюшулган. 2008-жылы Дөбөлү айыл округу болуп аталган. 2013-жылы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп бекитилген. Ал Нарын областынын Нарын районунун курамына кирип, райондун чыгыш тарабынан орун алып, Дөбөлү айыл аймагынын жалпы аянты -7,2 мин. км2. Дениз денгээлинен 2100 м бийиктикте жайланышкан. Түндүк жагынан Нарын дарыясынын жээгинде, түштүк жагынан Ат-Башы району менен чектеш. Дөбөлү айыл аймагына Дөбөлү, Алыш, Кенеш айылдары кирет. Райондун борбору – Нарын шаарынан Дөбөлү -20 км, Алыш-15км, Кенеш-13км алыстыкта жайгашкан.
Климаты мелүүн континенталдуу. Жайы салкын, кышы суук, тоолу аймак болуп саналат. Кыш мезгилинин узактыгы октябрдын ортосунан апрелдин аягына чейин созулат. Кышкы эң суук мезгилде абанын температурасы -35, -40 градусту түзөт, жайкы эң ысык мезгилде +25,+30 градус болот.
Аймактын рельефи ар түрдүү келет. Жер кыртышынын катмары аймактын бийиктигинен, рельефтен материалдык катмарлардын мүнөзүнөн түздөн-түз каранды. Дыйканчылык аймагынын жер кыртышынын катмары төмөндөгүдөй: Кенеш айылынын тегерегинде ачык түстөгү ак топурак, Алыш айылынан чыгышты көздөй кара коңур топурак, Дөбөлү айылынын тегереги кара топурак, ал орточо гумустуулугу менен мүнөздөлөт.
Табигый өсүмдүктөрдүн абалы жана курамы климаттык факторлордун ар түрдүүлүгүнөн, рельефтин шарттарына жана топурак кыртышынын абалына жараша бири биринен өзгөчөлөнгөн ар түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Дениз деңгээлинен 2800-3600 м бийиктеги тоонун чокуларында казтаман, шимир, каракыяк, кымыздык ж. б. өсүмдүктөр кездешет.
Айдоо жерлерде талаа чырмоогу, аткулак, кара сулуу, кекире, сүттикен ж.б. өсүмдүктөр таралган. Суу жээктеринде эчки талдар кездешет, тектирлерде бетеге, шыбак, адырларда алтыкана өсүмдүктөрү, кырка тоолордо арча, карагай, табылгы, шилби, кайың, карагай, ошондой эле уу осумдуктордон уу коргошун, чекенде, адырашманды кездештирууго болот. Дөбөлү айыл аймагы экономикасын негизгиси айыл чарбасы түзөт. Эң көп өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү – дан өсүмдүктөрү: арпа, буудай, картошка жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү көк беде, эспарцент. Айдоо аянтынын теңинен көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Дөбөлү айыл аймагынын аймагы жаратылышынын кооздугу менен бааланып, потенциалдык киреше алып келе турган Алыш айылында Салкын-Төр эс алуу жайы, Кеңеш айылында Кара-Суу участкасы, Дөбөлү айылында Мазар-Булак, Төө-Жайлоо, Кызыл-Дөбө тарыхый, Кыргыз айылы тейлөө жайлары болгондуктан туристтердин жылдан-жылга тартылып келүүсүнө шарттар түзүлгөн.
Айыл аймакта 3 орто билим берүү мекемеси, 3 ФАП, 3 бала бакча, 3 мечит, 2 маданият үйү, 1 кесиптик лицей, 1 почто бөлүмү бар.
3.1. Социалдык – демографиалык маалымат
№ | Көрсөткүчтөр | Баардыгы (саны) |
Калк жөнүндө маалымат | ||
1 | Кожолуктун саны | 500 |
2 | Калктын саны | 2490 |
| Анын ичинен | |
3 | Эркектер | 1267 |
4 | Аялдар | 1215 |
| Курагы | |
5 | 0-7 жаш | 316 |
6 | 8-16 жаш | 558 |
7 | 17-65 жаш | 778 |
8 | Пенсионерлер | 385 |
9 | 65-жаш жана андан жогору | 40 |
10 | Окуучулардын саны | 523 |
11 | Мектепке чейинки билим алуучу балдардын саны | 250 |
3.2 Жакырчылыктын деңгээли (үй бүлөлөрдүн саны)
| Үй-бүлөлөрдүн жан башына алынган орточо кирешесинин деңгээли (бир айда) | Бардыгы (саны) |
1 | 0-810 сомго чейинки | 68 |
2 | 810-1465,70 сом | 48 |
3 | 1465,70-2485,40 сом | 57 |
4 | 2485,40 жогорулар | 327 |
| Жалпысы | 500 |
4. Дөбөлү айыл аймагынын миссиясы:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ар бир атуулдун жеке максатына жетүүдө бирдей шартты камсыздап, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принцибин сактайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ишкер жамааттар жана башкаруу органдарынын натыйжалуу байланышын камсыздап, ошондой эле ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында жагымдуу шарттарды түзөт.
Жергиликтүү жамааттардын таасирин жогорулатуу, калктуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иштерге тартуу маселелеринде уюштуруу, усулдук, кеңеш берүүчү жардам көрсөтөт.
4.1 Дөбөлү айыл аймагынын миссиясынын багыттары:
Багыттын аталышы | Багыттын мааниси |
«Калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтөт» | Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы жергиликтуу жамааттар, ишкерлер жана эл аралык донорлук уюмдар менен биргеликте иштеп, калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтүүнү камсыздайт. |
«Ар бир атуулдун жеке максатына жетүүдө бирдей шартты камсыздап, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принцибин сактайт» | Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы ар бир жаранга бирдей шарттарды түзөт, билим алууга, ден соолугун чындоого, жашоо шартын жогорулашына ачык-айкын принцибин колдонуп социалдык саясатты активдуу колдонот. Көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык отчет өз убагында берилип туруу жагын камсыздайт. |
«Ишкер жамааттар жана башкаруу органдарынын натыйжалуу байланышын камсыздап, ошондой эле ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында жагымдуу шарттарды түзөт» | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ишкер жамааттарды өнүктүрү боюнча «Бир айыл-Бир азык» долбоор иштелип чыгып, баардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Азыркы учурда донорлор аркылуу ишкерликти өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жергиликтуу жамааттар менен биргеликте иштелип чыгып, анын туруктуулугун камсыздоо максатында байланыш күчөтүү жагын камсыздайт. |
«Жергиликтүү жамааттардын таасирин жогорулатуу, калктуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иштерге тартуу маселелеринде уюштуруу, усулдук, кеңеш берүүчү жардам көрсөтөт» | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаатардын катышуусунда чечим кабыл алат. Аймакты онүктүрүү боюнча жарандарды тартуу менен биргеликте иш чара түзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жамааттардын өнүгүшүнө түрткү берүүчүү эң негизги багыт катары эсептейт. |
5. Өнүктүрүү багыты
Билим берүү тармагын өнүктүрүү жана жаңы заманбап технология, инвентарь, имарат менен камсыз кылуу, сапаттуу билим тарбия берүү үчүн шарт түзүп берүү;
Саламаттыкты сактоо тармагына ФАПтарга заманбап технология, инвентарь менен камсыз кылуу жана учурдагы ремонт иштерине көмөк көрсөтүү, шарт түзүп берүү;
Маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү, материалдык базасын чыңдоо, имарат жана аспаптар менен камсыз кылуу;
Инфраструктура жана курулуш тармагы Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарына замамбап баардык шарты менен бала бакчаларды куруу, Алыш айылына мектеп куруу жана башка имараттарды куруу;
Жол каттамын жакшыртуу – ички жана борборду жолдорду асфальттоо, кеңейтүү, оңдоо;
Табигый кырсыктарын алдын алуу – материалдык базаны чыңдоо, маалымат берүү ж.б.;
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү – калкты жумуш менен камсыз кылуу, айылдын экономикасы көтөрүү;
Мал чарба жана талачылык – малдын асылдуулугун жогорулатуу, үрөнчүлүк базаларды уюштуруу, вет сервистерди ачуу, алыскы жайыттарды пайдалануу;
Сугат жана иригациялык система – Иригациялык системаларды жакшыртуу, сугат суусу менен камсыз кылуу;
Энергетика тармагы – Айылдын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылуу, трасформаторлорду орнотуу жана жаңылоо;
Туризм тармагы – туризмди өнүктүрүү;
Инвестиция тармагы – Чоң жана кичи долбоорлорду тартуу, донорлор, бэйөкмөт уюмдар менен иш алып баруу;
6. Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери.
Дөбөлү айыл аймагында негизги кѳйгѳйлүү жагдай бала бакчалардын орун аздыгы, мектеп дараатканалардын санитардык талапка жооп бербегендиги, сапаттуу билим берүүнүн тѳмѳндүгү, инновациялык маалыматтык технологиялардын жоктугу, интернет колдонуучулардын кеңири колдонусунун начардыгынан улам сыртткы дүйнѳ менен маалыматтык алмашуусу жоктугунан байланыштуу жарандык саясый активдүүлүгү начар болууда. Ошондой эле айыл чарба техникалардын моралдык-материалдык эскилиги жеткендигинен улам айыл чарба жерлерин толук кандуу иштеттүү начар болуп жатат. Атайын спорт шаймандарынын жетишсиздигинен улам жана спорт комплексинин жоктугуна байланыштуу жаш ѳспүрүмдѳрдүү жана айыл аймак тургундарын спорт менен алектенбегендигине байланыштуу ден соолуктарына коркунуч тууп, жаш муундардын жаман адаттарга баруусууна түрткү болуп жатат. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканалардын жоктугу, жумушсуздук арбын болууда, жол инфраструктурасы канааттандырылалык болгондугунан, айыл чарба продукцияларын Бишкек шаарына сатуу кыйын турат. Кийинки мезгилде мал чарбасынын арбыгандыгына карата жайыт кѳйгѳйү келип чыкты, бул маселени чечиш үчүн алыскы жайыттарга жол салуу үчүн эксковатор керек. Жер планетасынын аба климаты ысып ѳзгѳрүшүнѳ ылайыкташуу үчүн суу ресурстарын сарамжалдуу колдонулбай, суу технологияларынын жоктугунан чаржайыт ысыркоорчулук менен пайдаланууда.
7. Проблемаларды чечүү үчүн колдоо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
-Жалпы коомчулуктун колдоо иш аракеттери;
-Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органын ѳздүк салымына колдоо кѳрсѳтүүсү;
-Айыл тургундарынын жумушчу күчү;
-Донорлук уюмдар менен алака түзүлгѳндүгү ;
-Байланыш боюнча уюлдук жана интернет технологиясынын иштеши;
-Жарандардын айыл чарба багытында иштегендиги;
-Жаратылыш ресурстарынын жетиштиги;
Долбоорлор жана кутуулучу жыйынтыктар
№ | Иш чаралар же долбоорлор | Жыйынтыктар |
1 | О.Токтосунов атындагы орто мектепке спорттук тренажорлорду орнотуу
| Дөбөлү айылынын жаштары жана мектептин окуучулары бош убакыттары спорт менен өткөрүп, ден соолуктарынын чыңдалышына шарт түзүлөт. |
2 | Дөболү айыл аймагына ветеринардык комплекс куруу (вет сервис ачуу) | Ветеринардык комплекс курулса малдын ар кандай жугуштуу ооруларын алдын алууга шарт түзүлөт, Мал ээлерине малдарын бир жерден дарылап, вакцинацияларын жүргүзүүгө шарт түзүлөт |
3 | Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарга малдын өлүктөрүн таштоочу Беккери чуңкурларын куруу. | Беккери чуңкурлары курулса малдын өлүктөрү айлана чөйрөгө зыян алып келбей убагында дарыланып өлүктөр жок кылынат. |
4 | Алыш орто мектебинин спорт залын куруу
| Алыш орто мектебинин спорт залы курулса айылдын жаштары жана мектептин окуучулары бош убакыттары спорт менен өткөрүп, ден соолуктарынын чыңдалышына шарт түзүлөт. |
5 | Эксковатор (спец техника) алуу | Алыскы жана жакынкы жайыт жана башка жолдорду өз убагында оңдоого мүмкүнчулук түзүлөт. Айылдын ичиндеги каналдарды касуу жана айылдын ички жумуштарын жасоого шарт түзүлөт. |
6 | Данги көпүрөсүн куруу | Алыскы жайыттарга жол ачылат, чабан жана малчылардын коопсуз көчүп конуусуна шарт түзүлөт. |
7 | Көчмө кыркын пунктун ачуу | Малчылардын малдарын жеринде барып кыркууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жеңилдейт. |
8 | Дѳбѳлү айылына 100 орунду бала бакча куруу | Бала бакча курулгандан кийин бала бакчага келген балдардын ата-энесинин бош убактылары болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк алат, бул өз убагында үйбүлөлүк бюджетти жогорулатууга мүмкундүк берет. Бала бакчага барган 100 балага мектепке чейинки билим алууга шарт түзүлөт.Кошумча алты адам жумуш оорду менен камсыз болот.100 баланын тазалыгы, туура тамактанышы, ден соолугу дайыма көзөмөлдө болуп турат. |
9 | Маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү | Кыш мезгилинде маданий иш чараларды, элдик чогулуштардын катышуучуларынын ден соолугуна коркунуч туудурбай өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
10 | Маданият үйүнө улуттук кийимдер жана аспаптар менен камсыз кылуу | Маданият кызматкерлеринин материалдык базасы чыңдалат. |
11 | Дѳбѳлү айылдык маданият үйүнүн чатырчасын оңдоо
| Маданият үйүнүн имаратынын көп убакытка падаланууга шарт түзүлөт. |
12 | Алыш айылга маданият үйүн куруу | Маданий иш чараларды, элдик чогулуштарды өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
13 | Ч.Айтматов атындагы китепкананын залын кеңейтүү,китеп фондусун көбөйтүү, интернет менен камсыз кылуу | Материалдык базасы чыңдалат жана окурмандарга шарт түзүлөт (зал кеңейет,интернетке кошулуга мункундук берилет,бир убакытта көп окурмандарды кабыл алууга мүмкунчүлүк түзүлөт) |
14 | Кеңеш айылында курулуп жаткан маданият үйүн курулушун аяктоо | Маданий иш чараларды, элдик чогулуштарды өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
15 | Кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу | Жэргиликтүү бюджеттин көлөмү жогорулайт, жумуш оорундары түзүлөт. |
16 | Мини цехтерди ачуу | Жэргиликтүү бюджеттин көлөмү жогорулайт, жумуш оорундары түзүлөт. |
17 | Туристтик эс алуу жайларын ачуу | Туристердин келишине шарт түзүлөт, жэргиликтүү бюджеттин көлөмү жогорулайт, жумуш оорундары түзүлөт. Айыл жеринин инфраструктурасы оңолот. |
Иш-чаралар же долбоорлор
№ | Иш чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мѳѳнѳтү | Жалпы бюджети миң сом | Катышуучулар | |||
Коомчулук Жергиликтүү демѳѳрчүлѳр
| ЖѲАБО | Донорлор | Башкалар | ||||
1 | О.Токтосунов атындагы орто мектепке спорттук тренажорлорду орнотуу | 2016-2017 жылдары | 300,0 |
| 50,0 |
|
|
2 | Дөболү айыл аймагына ветеринардык комплекс куруу (вет сервис ачуу) | 2016-жыл | 5000,0 |
|
|
|
|
3 | Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарга малдын өлүктөрүн таштоочу Беккери чуңкурларын куруу. | 2016-жыл | 210,0 |
| 140,0 |
|
|
4 | Алыш орто мектебинин спорт залын куруу
| 2016 жыл | 13000,0 |
|
|
| 13000,0 |
5 | Эксковатор (спец техника) алуу | 2016-жыл | 3000,0 |
| 1300,0 | 1725,0 | 375,0 |
6 | Данги көпүрөсүн куруу | 2016-жыл | 490,0 |
|
| 343,0 | 147,0 |
7 | Көчмө кыркын пунктун ачуу | 2016-жыл | 209,0 |
|
| 165,0 | 43490 |
8 | Дѳбѳлү айылына 100 орунду бала бакча куруу | 2016-жыл | 24000,0 |
| 1000,0 | 23000,0 |
|
9 | Маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү | 2016-жыл | 1000,0
| 1 314,0 |
| 250,0 | 500,0 |
10 | Маданият үйүнө улуттук кийимдер жана аспаптар менен камсыз кылуу | 2017-жыл | 200,0 |
| 50,0 | 50,0 |
|
11 | Дѳбѳлү айылдык маданият үйүнүн чатырчасын оңдоо
| 2016-жыл | 600,0 |
| 100,0 |
| 400,0 |
12 | Алыш айылга маданият үйүн куруу
| 2018-жыл | 5000,0 |
| 1000,0 |
| 1000,0 |
13 | Ч.Айтматов атындагы китепкананын залын кеңейтүү,китеп фондусун көбөйтүү, интернент менен камсыз кылуу | 2017 жыл | 400,0 |
| 100,0 |
|
|
14 | Кеңеш айылында курулуп жаткан маданият үйүн курулушун аяктоо | 2016 жыл | 2000,000 |
| 210,0 |
|
|
15 | Кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу | 2017-2018 жылдары | 10 000,0 |
|
|
| 10000,0 |
16 | Мини цехтерди ачуу | 2017-2018 жылдары | 5000,0 |
|
|
| 5000,0 |
17 | Туристтик эс алуу жайларын ачуу | 2017-2018 жылдары | 10000,0 |
|
|
| 10000,0 |
8 Мониторинг жана баалоо
Бул айыл аймактын өнүүгү стратегиясын толук ишке ашырууну көзөмөлгө алуу үчүн маниторинг жана баалоо тобу айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлөт. Маниторинг топтун курамына Дөбөлү айыл аймагынын активистери, лидерлери, депутаттары жана өз калоосу менен айыл тургундары кире алат. Мониторинг топтун курамын коомдук угууда аныкталат.
Курамы 5-7 адамдан тузулот. Мониторинг топтун ишин мониторинг топтун лидери жургузот. лидерди мониторинг жана баало тобунун биринчи чогулушунда мониторинг жана баало тобунун мучолору оздору шайлашат.
8.1 Маниторинг жана баалоо тобунун милдеттери жана укуктары:
Айыл аймактын өнүүгү стратегиясын толук ишке ашырууну көзөмөлгө алуу;
Убагында план боюнча маниторинг жүргүзүү;
Отчет, сунуш берүү (а/ө, а.к., айыл тургундарына)
8.2 Мониторинг жана баа берүүнүн планы
№ | Негизги иш-чаралары жана долбоорлор | Жоптуу адамдар | Мониторинг жүргүзүүнүн убактысы жана ыкмалары | Мониторинг жана баалоону ким өткөрөт | Отчеттордун формалары жана мѳнѳѳттѳрү |
1 | О.Токтосунов атындагы орто мектепке спорттук тренажорлорду орнотуу | Мектеп директору, айыл ѳкмѳт башчы | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | чогулган материалдар менен отчет сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
2 | Дөболү айыл аймагына ветеринардык комплекс куруу (вет сервис ачуу) | Айыл өкмөт, мал чарба адиси, жеке ветеринарлар | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
3 | Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарга малдын өлүктөрүн таштоочу Беккери чуңкурларын куруу. | Айыл өкмөт, мал чарба адиси, жеке ветеринарлар | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
4 | Алыш орто мектебинин спорт залын куруу
| Айыл ѳкмѳт, мектеп директору | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
5 | Эксковатор (спец техника) алуу | Жайыт коми-н төрагасы, а/ө башчысы | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
6 | Данги көпүрөсүн куруу | Дөбөлү Алыскы жайыт жолдору | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
7 | Көчмө кыркын пунктун ачуу | Дөбөлү Алыш Кеңеш | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
8 | Дѳбѳлү айылына 100 орунду бала бакча куруу | Айыл ѳкмѳт, бала бакча директору | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
9 | Маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү | Айыл ѳкмѳт | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
10 | Улуттук кийимдер жана аспаптар менен камсыз кылуу | Айыл ѳкмѳт маданият кызматкерлери | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
11 | Дѳбѳлү айылдык маданият үйүнүн чатырчасын оңдоо
| Айыл ѳкмѳт, маданият кызматкерлери | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
12 | Алыш айылына маданият үйүн куруу
| Айыл ѳкмѳт, маданият кызматкерлери. | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
13 | Ч.Айтматов атындагы китепкананын залын кеңейтүү,китеп фондусун көбөйтүү, интернет менен камсыз кылуу
| Айыл ѳкмѳт башчы, китепканачы | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде
|
14 | Кеңеш айылында курулуп жаткан маданият үйүн курулушун аяктоо
| Айыл ѳкмѳт, айыл башчы, маданият кызматкерлери | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
15 | Кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу | Айыл ѳкмѳт, айыл тургундары | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
16 | Мини цехтерди ачуу | Айыл ѳкмѳт, жеке ишкерлер | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
17 | Туристтик эс алуу жайларын ачуу | Айыл ѳкмѳт, айыл тургундары | Доолбордун пландаштырылган убактысынында Жооптуу адамдардан интервию алуу жана беневицарлардан анкета толтуру | Мониторинг жана баало тобунун мучолору (мониторинг топтун лидери дайындайт) | Жогулган материалдар отчет менен сунуш даярдоо 10 жумушчу кун ичинде |
9.Инвестициялык план
Дѳбѳлү айыл аймагынын 2016-2018-ж.ж. чейинки социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү стратегиялык планынын негизинде иштелип чыкты. Стратегиялык пландын негизги максаты айыл калкынын жашоо турмушун жакшыртуу, айыл аймагынын инфраструктурасын ѳнүктүүрү, коомчулуктун жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдары менен эриш-аркак иштешин камсыз кылуу болуп эсептелет.
№ |
Микро долбоорлордун аталышы |
Айылдардын аталышы |
Мѳѳнѳттѳрү (ишке ашыруунун башталышы жана аякташы) |
Жалпы бюджет (сом) |
Финансылоо булактары (сом) | ||
Донорлор | ЖѲАБО | Башкалар | |||||
1 | О.Токтосунов атындагы орто мектепке спорттук тренажорлорду орнотуу | Дѳбѳлү | 2017 жылдары | 300,0 | 50,0 | 200,0 | 50,0 |
2 | Дөболү айыл аймагына ветеринардык комплекс куруу (вет сервис ачуу) | Айыл аймака | 2017-жыл | 1200,0 | 1200,0 |
|
|
3 | Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарга малдын өлүктөрүн таштоочу Беккери чуңкурларын куруу. | Дөбөлү Алыш Кеңеш | 2016-жыл | 210,0 |
| 140,0 |
|
4 | Алыш орто мектебинин спорт залын куруу | Алыш | 2016 - жыл | 13000,0 |
|
| 13000,0 |
5 | Эксковатор (спец техника) алуу Жайыт комитети аркылуу | Айыл аймака | 2016-жыл | 3000,0 | 1675,0 | 1300,0 | 375,0 |
6 | Данги көпүрөсүн куруу | Айыл аймака | 2016-жыл | 490,0 | 343,0 |
| 147,0 |
7 | Көчмө кыркын пуктун ачуу | Дөбөлү Алыш Кеңеш | 2016-жыл | 209,0 | 165,0 |
| 43,5 |
8 | Дѳбѳлү айылына 100 орунду бала бакча куруу | Дѳбѳлү | 2016- жыл | 22000,0 | 21 000,0 | 1 000,0 |
|
9 | Маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү | Дѳбѳлү | 2016 жыл | 1 314,0 | 1 264,0 | 50,0 |
|
10 | Маданият үйүн улуттук кийимдер жана аспаптар менен камсыз кылуу
| Кеңеш, Алыш, Дѳбѳлү | 2017 жыл | 200,0 | - | - | - |
11 | Дѳбѳлү айылдык маданият үйүнүн чатырчасын оңдоо | Дѳбѳлү | 2017-жыл | 600,0 |
| 100,0 | 500,0 |
12 | Алыш айылына маданият үйүн куруу
| Алыш | 2018-жыл | 5000,0 | 1000.0 | 500,0 | 3000,0 |
13 | Ч.Айтматов атындагы китепкананын залын кеңейтүү, китеп фондусун көбөйтүү, интернет менен камсыз кылуу | Дѳбѳлү | 2018 жыл | 400,0 | - | 100,0 | - |
14 | Кеңеш айылында курулуп жаткан маданият үйүн курулушун аяктоо | Кеңеш | 2017 жыл | 2000,0 |
| 210,0 |
|
15 | Кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу
| Кеңеш, Алыш, Дѳбѳлү | 2017 жылдары | 10 000,0 |
|
| 10000.0 |
16 | Мини цехтерди ачуу | Кеңеш, Алыш, Дѳбѳлү
| 2018 жылдары | 5000,0 |
|
| 5000,0 |
17 | Туристтик эс алуу жайларын ачуу | Кеңеш, Алыш, Дѳбѳлү
| 2018 жылдары | 10000,0 |
|
| 10000,0 |
10. Финансылык ресурстарды баалоо
| Муктаждыктар |
Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
жыл | 2016-ж | 2017-ж | 2018-ж | Бардыгы: | 2016-ж | 2017-ж | 2018-ж | Бардыгы: | 2016-ж | 2017-ж | 2018-ж | Бардыгы |
| 1 | 2 | 3 | 1+2+3 | 4 | 5 | 6 | 4+5+6 | 4-1 | 5-2 | 6-3 |
|
| 40223,0 | 14 300,0 | 20 400,0 | 74 609,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтуу бюджет |
|
|
|
| 2 490,0 | 510,0 | 600,0 | 3 600,0 |
|
|
|
|
РБ |
|
|
|
| 13 000,0 | 500,0 | - | 13 500,0 |
|
|
|
|
Донорлук каражаттар |
|
|
|
| 24 447,0 | 1250,0 | 1 000,0 | 26 383,0 |
|
|
|
|
Менчик сектордун каражаттары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Барды гы: |
|
|
|
| 40223,0 | 2260,0 | 1600,0 | 43 483,0 | 286,0 | 12040,0 | 18800,0 | 31126,0 |
2013-2015-жылдары Дөбөлү айыл аймагында ишке ашырылган микродолбоорлор боюнча
МААЛЫМАТ
№ | Микродолбоорлордун аталышы | Ишке ашыруу мезгили | Жалпы бюджет | Анын ичинен салымдар | МП ѳз максатына жеттиби | ||||
ЖӨБО | Коомчулук демөөрчү | донор | РБ | Эгерде “ООБА” болсо, анда канча % | Эгерде “ЖОК” болсо, анын себебин кыскача баяндап бериңиз | ||||
1 | Алыш орто мектеби курулду | 2015-жыл | 27 000,0 |
|
|
| 27 000,0 | 90% | Спорт залы курула элек |
2 | Кеңеш айылына Бала бакча курулду | 2014-жыл | 6000,0 | 800,0 | 250,0 | 1050,0 | 3900,0 | 100% |
|
3 | Алыш айылына бала бакча куруу | 2015-жыл | 8000,0 | 200,0 | 7800,0 |
|
| 15% | Фундаменти куюлду |
4 | Алыш айылына футбол аянтчасын курулду | 2013-жыл | 1200,0 | 50.0 | 950,0 | 200,0 |
| 100% |
|
5
| Дѳбѳлү айылына жүн тыттуучу цех иштейт | 2013-жыл | 80,0 |
|
| 40,0 |
| 100% |
|
6 | Доболү каналын тазалап кеңейтүү | 2015-жыл | 190,0 | 10,0 | 40,0 | 140,0 |
| 100% |
|
7 | Дөбөлү, Алыш айылдарынын борбордук көчөлөрү асфальталды | 2014-жыл | 18 000,0 |
|
|
| 18 000,0 | 100% |
|
8 | Алыш айылына мечит курулду | 2015-жыл | 3000,0 |
| 3000,0 |
|
| 100% |
|
9 | Кеңеш айылына мечит курулду | 2015-жыл | 3500,0 |
|
| 3500,0 |
| 100% |
|
10 | Дөбөлү айылына питомник курулду | 2015-жыл | 130,0 | 10,0 | 36,0 | 84,0 |
| 100% |
|
11 | Купка капиталдык ремонттон өттү | 2015-жыл | 490,0 |
| 300,0 | 190,0 |
| 100% |
|