Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-сентябры № 105
Аламүдүн райондук кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 10-подпунктунун, 65-беренесинин 5-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №96 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн райондук кеңешинин Регламенти бекитилсин (тиркелет).
2. Аламүдүн райондук кеңешинин 2008-жылдын 6-ноябрындагы 25-чакырылышынын №5 токтому менен бекитилген Аламүдүн райондук кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Аламүдүн райондук кеңешинин “Аламүдүн райондук кеңешинин этикасы жана регламенти боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясына (төрагасы Г.Асекова) милдеттендирилсин.
Аламүдүн райондук кеңешинин төрайымы |
Дж. Айдакеева |
| Аламүдун райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-сетябрындагы 22 сессиясынын №105 токтому менен бекитилген
|
25 чакырылыштагы Аламүдүн райондук кеңешинин Регламенти
1-берене.
Райондук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статустары жөнүндөгү” Мыйзамдары менен бекитилген тартипте калыптанган өкүлчүлүктүү орган.
“Райондук кеңештин сандык курамы 35 депутат эсебинде бул Регламент аркылуу бекитилет. Райондук кеңештин шайланган депутаттары депутаттык фракцияларга биригет (мындан ары фракция). Райондук кеңеште депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон жана фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы көпчүлүк деп эсептелет. Фракциянын же көпчүлүк фракциянын коалициясына кирбей калган фракция же фракциялар азчылык болуп эсептелет . Курамы 29 депутаттан турган учурдагы райондук кеңеш 2012-жылдын аягына чейин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагыча сакталат” жана өзүнүн ишмердигин мурунку структурасында уланта берет.
2-берене.
Райондук кеңеш өзүнүн компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү маселелерди өз алдынча чечет, райондук кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, бул чечимдердин турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзөт жана юридикалык статуска ээ.
Райондук кеңеш обочолонгон мүлккө, жергиликтүү бюджеттен каржылоо булактарына, өзүнүн атынан сатып ала алат, мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарды ишке ашыруу жана милдеттенме алуу укугуна ээ, мөөргө, штампка жана жергиликтүү башкаруунуун символикасы менен бланкка, банктык мекемелерде эсептик жана башка эсептерге ээ.
3-берене.
Райондук кеңештин ыйгарым укуктарынын чегиндеги жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы пикирде эмнес чечимдери Аламүдүн районунун территорясында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын менчигинин түрүнө карабастан бирикмелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, Аламүдүн районунун территориясында жашаган жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан сөзсүз аткарылышы керек.
4-берене.
Райондук кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актылары жана бул Регламент тарабынан аныкталат.
Райондук кеңештин иш формасы болуп райондук кеңештин сессиялары, туруктуу, убактылуу комиссиялардын кеңешмелери, райондук кеңештин шайлоо органдарынын, жумушчу топторунун кеңешмелери, депутаттык угуулар жана райондук кеңештин ишмердиги менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүнүн башка формалары эсептелет.
Райондук кеңештин жогорку органы болуп сессиялар эсептелет. Жыл ичинде райондук кеңештин сессиялары 1-сентябрдан 1-июлга чейин өткөрүлөт, андан соң 1-июлдан 1-сентябрга чейин депутаттык каникул жарыяланат. Зарыл болгон учурда райондук кеңештин кезексиз сессиялары чакырылат.
5-берене.
Райондук кеңештин регламенти райондук кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, аны уюштуруунун жана ишмердүүлүгүнүн маселелерин, чакырылыштарды жана сессияларды өткөрүүнүн тартибин, райондук кеңештин органдарынын калыптанышын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ишмердигинин процедурасын жана тартибин аныктайт.
6-берене.
Райондук кеңештин ишмердиги мыйзамдуулуктун, саясий көп түрдүүлүктүн жана көп партиялуулуктун, объективдүүлүктүн, депутаттар кабыл алган чечимдердин эркин талкууланышынын жана кабыл алынышынын принциптеринде негизделет.
7-берене.
Райондук кеңештин депутаттары өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын жана укуктук-ченемдик актыларынын, ошондой эле бул регламент менен аныкталган кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз аткаруу укугуна ээ.
8-берене.
Райондук кеңештин депутаттарынын милдеттери саясий муниципалдык кызматка кирет.
Райондук кеңештин депутаты бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана айылдык кеңештин депутаты боло албайт.
Райондук кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта жетекчилик кызматты ээлей албайт.
Райондук кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын убагында ишкананын, мекеменин жана уюмдун, ошондой эле администраторунун демилгеси менен ээлеген кызматынан бошотулууга же райондук кеңештин сессиясынын болжолдуу макулдугусуз тартип жазсына ылайык төмөнкү алык акы төлөнүүчү кызматка которулбайт.
9-берене.
Райондук кеңештин төрагасы Райондук кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен райондук кеңештин ыйгарым укук мөөнөтүнө шайланат. Райондук кеңештин төрагасы кызматына талапкерлигин коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:
райондук кеңештин депутаты, анын ичинде өзүн көрсөтүү тартибинде;
Райондук кеңештин төрагалыгына талапкер добуш берерден мурун депутаттардын алдында өзүнүн программасы менен тааныштырат жана алардын суроолоруна жооп берет.
Райондук кеңештин төрагалыгына талапкерлигин койгон ар бир депутатка сүйлөө үчүн 7 минутка чейин, суроолорго жооп берүү үчүн 12 минутка чейин жана жыйынтыктоочу сөзү үчүн 3 минутага чейин убакыт берилет. Райондук кеңештин төрагалыгына талапкерди колдоо жана ага каршы сүйлөөчүлөр үчүн 3 минутага чейин убакыт берилет. Райондук кеңештин төрагалыгына талапкердин фамилиясы талкууланып бүткөндөн кийин алфавиттик тартипте өзү баш тарткан адамдын талапкерлиги алынып салынуу менен жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Райондук кеңештин төрагалыгына талапкер баш тартууну жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге талапкерлиги киргизилгенге чейин билдириши керек. Баш тартуу добуш берүүсүз жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин төрагасы болуп райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
Эгерде бюллетенге экиден ашык талапкер киргизилип, алардын бири да жалпы депутаттын санынынын керектүү көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, көбүрөөк добушка ээ болгон эки талапкер үчүн кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт. Эгерде бирөө дагы жетиштүү көпчүлүк добушка ээ боло албаса жаңы өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү өткөрүлөт. Добуш берүү процедурасы кайталанат.
Эгерде бюллетенге экиден ашык талапкер киргизилип, алардын бири да жалпы депутаттын санынынын керектүү көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, жаңы талапкерлигин коюу жүргүзүлөт.
Добуш берүү бюллетенине киргизилип жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болбой калган депутаттардын бул сессиядагы шайлоодо талапкерлигин коюусуна жол берилбейт.
Райондук кеңештин төрагасы башка каалаган кызматты ээлөөгө укугу жок. Райондук кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө райондук кеңештин токтому кабыл алынат.
10-берене.
Райондук кеңештин төрагасы Райондук кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен райондук кеңештин ыйгарым укук мөөнөтүнө шайланат. Раондук кеңештин төрагасы кызматына талапкерлигин коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:
райондук кеңештин депутаты, анын ичинде өзүн көрсөтүү тартибинде;
райондук кеңештин төрагасы;
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары болуп райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары кызматына талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ боло албаса, жаңы өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү, жаңы талкуу жана добуш берүү жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө райондук кеңештин токтому кабыл алынат.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок учурда жана өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын милдетин аткарат.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
11-берене.
Райондук кеңештин төрагасы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиснинин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулат.
12-берене.
Райондук кеңештин төрагасынын жана орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу райондук кеңеш тарабынан райондук кеңештин төрагасынын жана орун басарынын кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогон кырдаалга байланыштуу өзүлөрүнүн өтүнүчү менен да жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин төрагасынын жана орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүсү менен токтом кабыл алынат. Эгерде Райондук кеңештин төрагасынын жана орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө чечим райондук кеңеш тарабынан кабыл алынбаса, анда райондук кеңештин төрагасы жана орун басары Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндөгү мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.
13-берене.
Райондук кеңештин төрагасы:
- райондук кеңештин сессияларын чакырат жана алардын кеңешмелерин алып барат;
- райондук кеңештин сессияларын жана райондук кеңештин сессияларына коюлган маселелердин даярдалышына жалпы жетекчилик кылат;
- райондук кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштурат;
- райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишмердигин координациялайт;
- райондук кеңештин аппаратынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
- райондук кеңештин төрагасынын орун басары жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын, алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- депутаттардын ыйгарым укуктарын аткарууларына, жарандарды кабыл алууну жүргүзүүлөрүнө, шайлоочулардын алдында отчет берүүлөрүнө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
- райондук кеңештин жана анын органдарынын иштери жөнүндөгү пикирлердин м болушун жана учетун камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамилелерде райондук кеңешти алып чыгат;
- райондук кеңештин айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүлөрүн уюштурат;
- компетенциясына кирген маселелери боюнча буйруктарды чыгарат жана кабыл алынган чарбалык-тескөө чечимдерин жоопкерчиликке алат;
- райондук кеңештин аппаратынын ишмердиги тууралуу маселелер боюнча буйруктарды жана инструкцияларды чыгарат, райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин ортосундагы кызматтык милдеттерди бекитет, райондук кеңештин аппартынын кызматкерлеринин иш-сапарлары жөнүндөгү буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикаснын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жана коммерциялык эмес башка уюмдарга, жана чет өлкөлөргө районду көрсөтөт;
- бекитилген бюджетке жана чыгашалар сметасы ылйык райондук кеңешке бөлүнгөн каражаттарына ээлик ылат;
-райондук кеңештин жана анын органдарынын абийирин жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чаралдарды көрөт;
- райондук кеңешке тиешелүү болгон имараттар, курулмалар, жабдыктар жана унаалар, ошондой элте территорияларды пайдаланууга башчылык кылат;
- райондук кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндөгү жобону бекитет;
- райондук кеңештин чыгашалар сметасынын долборунун бюджеттик жылдын бүтүшүнө 3 ай калган убакыттан кеч эмес мөөнөттө иштелип чыгышын камсыз кылат, райондук кеңештин ссессиясынын кароосуна сунуштайт;
- бюджеттик жылдын бүтүшүнө 1 жарым ай калган убакыттан кеч эмес мөөнөттө райондук кеңештин сессиясынын кароосуна райондук кеңештин өтүп кеткен жыл ичиндеги чыгымдары жана бекитилген чыгашалар сметасына ылайык келүүсү же келбөөсү жөнүндө жазуу түрүндө отчет сунуштайт;
- райондук кеңештин сессиясында райондук кеңештин комиссияларынын курамынын өзгөргөндүгү тууралуу жарыялайт;
- жогорку органдарга мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын Ардактуу наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жана башка маанилүү маселелер менен кайрыла алат;
Райондук кеңештин төрагасынын буйруктары райондук кеңештин сессияларында жалпы депутаттын санынын көпчүлүк добушу менен өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы мүмкүн.
Райондук кеңештин төрагасы райондук кеңештин сессияларында отчет берет. Жыл сайын райондук кеңештин сессияларында өзүнүн ишмердиги, райондук жана органдарынын иштеринин уюштурулушу жөнүндө отчет берет.
14-берене.
Райондук кеңеш депутаттардын каалоолорунун негизинде арасынан зарыл учурда райондук кеңештин иш алып баруусуна тиешелүү маселелерди алдын ала кароо үчүн жана райондук кеңештин сессиясынын кароосуна даярдоого жана киргизүүгө, ошондой эле райондук кеңештин чечимдерин иштеп чыгууга жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө катышуу үчүн туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзөт.
15-берене.
Туруктуу комиссиялар райондук кеңеш тарабынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагыча түзүлөт.
Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин райондук кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү ичинде зарыл болгон учурда жаңы туруктуу жана убактылуу комиссиялар түзүлүшү, мурда түзүлгөн комиссиялар кайрадан түзүлүшү жана алардын курамына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Райондук кеңештин депутаты мандат, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлүгүнөн башка бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуукомиссиялардын мүчөлөрү тең укуктарга ээ.
Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамына райондук кеңештин төрагасы жана орун басары шайлана албайт.
Туруктуу депутаттык комиссиялардын мүчөлөрү ачык жана жашыруун добуш берүүлөрү менен туруктуу комиссиялардын төрагасы жана орун басары шайланат жана ачык жана жашыруун добуш берүү менен райондук кеңеш бекитет. Төрага жана орун басар жалпы депутаттын санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон учурда шайланган болуп эсептелет. Туруктуу депутаттык комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан шайланган төрага, төраганын орун басары райондук кеңеш тарабынан бекитилбей калган учурда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү анын талапкерлигин дагы бир жолу бекитүүгө коюуга же туруктуу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын кайра шайлап жана райондук кеңештин бекитүүсүнө коюуга укуктуу.
Туруктуу комиссиянын төрагасы жана орун басары эч себепсиз үч ай ичинде өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда туруктуу комиссиянын көпчүлүгүнүн чечими менен кайра шайланат. Бул учурда төраганы жана орун басарын кайра шайлоо жөнүндөгү чечим туруктуу комиссиянын кеңешмесинде анын катышуусу жок да кабыл алынышы мүмкүн.
Туруктуу комиссиялар комиссия алдында өзүнүн ишмердигинин негизги багыттары боюнча түзүлүшү мүмкүн.
Туруктуу комиссиялардын ишмердиги миыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, объективдүүлүктүн, маселелерди эркин талкуулоонун жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптеринде негизделет.
Туруктуу комиссиялар компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди жана корутундуларды кабыл алат.
16-берене.
Туруктуу комиссияларга жетекчиликти тийиштүү комиссиялардын төрагалары жүргүзөт.
Туруктуу комиссиялар райондук кеңештин алдында жоопкерчиликтүү жана ага отчет берет. Туруктуу комиссиялардын чечимдери райондук кеңештин сессиясы менен жокко чыгарылат.
17-берене.
Райондук кеңештин туруктуу комиссиялары:
- райондун экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшү менен байланышкан маселелердин даярдалышын жана болжолдуу каралышын ишке ашырат, аларды тиешелүү корутундулары менен райондук кеңештин сессиясына киргизет;
- райондук кеңештин сессиясына райондун социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктуранын өнүгүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин бекемдөө боюнча маселелерди киргизет;
- аймактын экономикалык өнүгүү планынын жана райондун бюджетинин долбоорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча эскертүүлөрдү даярдайт, райондук бюджеттин тиешелүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
- өзүнүн ишмердигин уюштуруу маселелерин чечет;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- райондук кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин турмушка ашырылышын көзөмөлдөйт;
- райондук кеңештин төрагасына каралган маселени талкуулоо үчүн башка туруктуу комиссияларга берүү жөнүндө сунуш киргизет.
- райондук кеңештин туруктуу комиссиялары маселелер боюнча жергиликтүү администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун территориясында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу;
Райондук кеңештин туруктуу комиссиялары маселелер боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнөн, райондун территориясында жайгашкан ишканалардан, жана уюмдардан туруктуу комиссиялардын иштери үчүн зарыл материалдарды, райондук кеңештин токтомдорун аткаруу маселелери боюнча түшүндүрүү талап кылганга укуктуу.
Туруктуу комиссиялар өзүлөрү тараптан каралып жаткан маселелерди даярдоо үчүн райондук кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, ошондой эле адистердин жана окумуштуулардын арасынан алардын макулдугу менен жумушчу топторду түзөт.
Туруктуу комиссиялар өзүлөрү тараптан каралып жаткан маселелер боюнча райондук кеңештин башка туруктуу комиссияларынын пикирлерин да сурай алышат.
18-берене.
Туруктуу комиссиялардын кеңешмелери планга ылайык жана зарылчылыкка байланыштуу чакырылат. Туруктуу комиссиялардын кеңешмесин өткөрүү жөнүндө анын төрагасы комиссия мүчөлөрүн жана райондук кеңештин башка депутаттарын, ошондой эле райондук кеңештин жооптуу катчысы аркылуу 3 сутка калган убактан кечикпестен маалымдайт.
Райондук кеңештин депутаты өзү мүчө болуп эсептелген комиссиянын кеңешмелерине катышууга милдеттүү.
Комиссиянын кеңешмесине катыша албагандыгы тууралуу депутат туруктуу комиссиянын төрагасына күн мурун кабарлап коюусу зарыл.
Туруктуу комиссиянын кеңешмеси өтүүгө укукуу, эгерде кеңешмеде комиссиянын жарымынан көбү катышып отурса.
Туруктуу комиссиялардын бардык маселелери жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүсү менен жүргүзүлөт.
Зарыл болгон учурда туруктуу комиссиялар кеңешмелерин жабык жана иш ордуна чыгуу менен да өткөрөт.
Туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринде кеңеш берүүчү добуш укугу бар туруктуу комиссиянын мүчөсү болбогон райондук кеңештин депутаты да катыша алат жана талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн пикирин билдире алат.
Туруктуу комиссиялардын чечимдерине төрагалар, алар жок болгон учурда орун басарлары кол коет.
Райондук кеңештин бир нече туруктуу комиссияларына тийиштүү болгон маселелер туруктуу комиссиялардын демилгеси менен жана төраганын тапшырмасы менен чогуу даярдалат жана каралат.
Биргелешкен жыйналыштарда комитеттер ар бир комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, биргелешкен кеңешмелерди өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барат.
Бир нече туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналыштарында мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, туруктуу комиссиялардын чечимдерине ошол комиссиялардын төрагалары кол коёт.
Туруктуу комиссиялар менен биргелешип даярдалган маселелер боюнча туруктуу комиссиялар биргелешкен баяндамалар менен жана жарыш баяндамалар менен чыга алышат.
Туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринин пртоколдоруна алардын төрагалары кол коет, биргелешкен кеңешмелердин протоколдоруна тийиштүү туруктуу комиссиялардын төрагалары кол коет.
Сессияларга даярдык көрүү мезгилинде туруктуу комиссиялардын демилгеси менен кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн, ал сессияга киргизилген маселелер каралат.
19-берене.
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
коомдук башталыштарда туруктуу комиссиялардын ишин жетектейт;
туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен биргеликте туруктуу комиссиянын кеңешмелеринин күн тартибинин планын жана долбоорун түзөт;
туруктуу комиссиянын кеңешмелерин чакырат жана туруктуу комиссиянын кеңешмесине зарыл документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
туруктуу комиссиянын чечими менен туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө тапшырма берет, аларды туруктуу комиссиянын ишмердиги менен байланышкан материалдар жана иш кагаздары менен тааныштырат;
туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүн даярдоо комиссияларындагы жана жумушчу топтордогу иштер үчүн, ошондой эле туруктуу комиссиянын башка тапшырмаларын аткаруу үчүн чакырат;
райондук кеңештин жооптуу катчысы аркылуу туруктуу комиссиялардын кеңешмелерине катышуу үчүн бардык депутаттарды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди жана окумуштууларды чакырат;
туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринде төрагалык кылат;
райондук кеңештин төрагасы менен дайыма байланышта болот, туруктуу комиссияда каралган сурактар, туруктуу комиссиянын кабыл алган чечимдерин ишке ашыруу боюнча чаралар жана сунуштамалар жөнүндө маалымдайт;
туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча иштерди уюштурат, туруктуу комиссияны аткарылган чечимдер жана сунуштардын каралышы тууралуу маалымдайт;
жыл сайын райондук кеңештин сессиясында райондук кеңештин иш планына ылайык туруктуу комиссиянын иштери жөнүндө отчет берет;
туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн анын дарегине келип түшкөн документ тууралуу маалымдайт;
Туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында туруктуу комиссиянын атынан туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашылбаган маселелелер боюнча чыгып сүйлөөгө укугу жок;
20-берене.
Кайсы гана депутат болбосун туруктуу комиссиялардын кароосуна өзүнүн сунуштарын киргизүүгө, алардын даярдалышына жана талкууланышына, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле райондун территориясында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен райондук кеңешке тиешелүү болгон маселелер боюнча текшерүү зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизе алат. Бул маселелер боюнча отчеттор жана маалыматтар туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринде уктурулат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү укуктуу:
туруктуу комиссиянын күн тартиби, талкуулануучу маселелердин каралуу тартиби жана маңызы тууралуу эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизе алат;
туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринде туруктуу комиссилардын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат адамдарын угуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
туруктуу комиссиянын чечиминин долбоорлоруна оңдоолорду киргизет;
өзүнүн сунуштарынын негиздемелери менен чыгууга, маалым кат берүүгө;
туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга;
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын ишине, кабыл алынган чечимдерди турмука ашырууда көмөк көрсөтүүгө жана туруктуу комиссиянын тапшырмаларын аткарууга активдүү катышууга милдеттүү.
Туруктуу комиссиянын мүчөсүнө жана туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн топторуна туруктуу комиссиялардын ишмердиги боюнча дайыма тапшырмалар берилип турат.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү туруктуу комиссия тарабынан каралган бардык маселелерди чечүүдө активдүү катышуу үчүн шарттар менен камсыз болот жана бул үчүн зарыл материалдар берилет.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын тапшырмалары боюнча жана өзүнүн демилгеси менен комиссияга тиешелүү болгон маселелерди иш ордуларында изилдей алат жана өзүнүн тыянак ойлорун, сунуштарын туруктуу комиссияга билдирет.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү туруктуу комиссия тарабынан каралган маселе колдоого алынбай калса ал маселени талкуулоодо жазуу жана оозеки түрүндө райондук кеңештин сессиясына киргизе алат.
Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары райондук кеңеш тарабынан жана өзүнүн өтүнүчү боюнча, ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогон кырдаал менен байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
21-берене.
Жаңы туруктуу комиссияларды түзүү, же мурда түзүлгөн комиссияларды кайрадан түзүү же жоюу маселелерин чечүүдө райондук кеңеш тарабынан райондук кеңештин туруктуу комиссияларынын тизмеси, төрагаларды жана орун басарларын шайлоо жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынат. Райондук кеңештин токтому кабыл алынгандан кийин бул комиссиянын төргасынын жана орун басарынын тиешелүү ыйгарым укуктары токтотулат. Бул учурда райондук кеңештин туруктуу комиссиянын төрагасын чакыруу жөнүндөгү өзүнчө токтом кабыл алынбайт.
Жаңы туруктуу комиссияларды түзүү, же мурда түзүлгөн комиссияларды кайрадан түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
22-берене.
Райондук кеңеш зарыл учурда алардын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу, алдын ала кароо жана изилдөө максатында убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия өзү кароо үчүн түзүлгөн маселе боюнча башкы комиссия болуп эсептелет.
Убактылуу комиссия өзүнүн ишмердигин Райондук кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн бекитилген тартипке ылайык жүргүзөт.
23-берене.
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү маселе райондук кеңештин сессиясынын күн тартибинин өзүнчө пунктуна киригизилиши мүмкүн.
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү токтом төмөнкүлөрдү аныкташы керек:
- убактылуу комиссиянын аталышын;
- убактылуу комиссиянын маселелери;
- убактылуу комиссиянын сандык курамы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы;
- райондук кеңеш тарабынан шайланган убактылуу комиссиянын төрагасы:
- убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн (мурдатан аныкталган убакыт же белгиленген ишти аткаруу мөөнөтү);
- райондук кеңеш бул комиссияга берилген кошумча ыйгарым укуктар (эгер зарыл болсо);
- тапшырманы аткаруу үчүн тартылган юридикалык жана физикалык жактар тарабынан аткарылган же көрсөтүлгөн иштерге же кызматтарга төлөө үчүн убактылуу комиссиянын тескемесине бөлүнүп берилген каражаттардын көлөмү (жана алардын булактары);
- убактылуу комиссиянын ишин кадрдык, материалдык-техникалык, уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча;
Райондук кеңеш зарыл каражаттардын көлөмүн аныктоо үчүн болжолдуу чыгаша-сметасын иштеп чыгат, бул чыгашалар сметасы аталган пункт боюнча добуш бергенге чейин депутаттар арасында тарайт.
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү маселе райондук кеңештин тиешелүү токтому менен таризделет. Бул токтомдун жобосу талкууланат жана добушка коюлат, мындан ары ушул беренеде жазылган.
Убактылуу комиссия райондук кеңештин макулдугун берген депутаттардын арасынан шайланат. Туруктуу комиссиянын төрагасы убактылуу комиссиянын төрагасы боло албайт
Убактылуу комиссиянын түзүлүшү жеке курамы боюнча добуш берүү өзүнчө жүргүзүлөт.
Убактылуу комиссиянын жеке курамы боюнча сунуштар райондук кеңеш тарабынан аталган комиссияны түзүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 2 күндүк мөөнөттөн кеч эмес убакытта берилет; бул тиешелүү сунуштардын күн мурунтан даярдалышына жолтоо болбойт.
24-берене.
Убактылуу комиссия райондук кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө, ал түзүлгөн күндөн тартып 6 айдан кийин райондук кеңешке аткарылган иш боюнча жазуу түрүндө отчет берет, алар тарабынан даярдалган тиешелүү актылардын проекттерди жана ошондой эле депутаттардын арасында таралган материалдарды тапшырат. Убактылуу комиссиянын иштеринин жыйынтыгы убактылуу комиссияда жана райондук кеңеште талкуулангандан кийин акыркы бүтүмдү чыгарат же убактылуу комиссияга улантууну тапшырат жана бул бул үчүн жаңы мөөнөт бекитет.
Убактылуу комиссиянын иштеринин жыйынтыгы жөнүндөгү акыркы чечимди кабыл алгандан кийин же тиешелүү комиссия тарабынан түзүлгөн долбоорду даярдоо үчүн райондук кеңеш тарабынан акт кабыл алынып жана расмий жарыяланууусу менен, ошондой эле бул комиссияны түзгөн райондук кеңештин ыйгарым укутары бүткөндө бул комиссиянын ыйгарым укуктары автоматтык түрдө токтотулат.
25-берене.
Райондук кеңештин планы бир жылга түзүлөт. Райондук кеңештин планынын долбоорун даярдоо туруктуу депутаттык комиссиялар менен биргеликте райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
26-берене.
Райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна райондук кеңештин депутаттары, туруктуу комиссиялар жана Аламүлдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким ээ.
Райондук кеңештин иш планында бекитилген маселелердин формулировкасын өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү же алып таштоо райондук кеңештин сессиясы менен таризделет.
27-берене.
Райондук кеңештин иш планын бекитүү мезгилинде сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун кереги жок.
Райондук кеңештин ишин пландоо райондук кеңешке бул регламент менен аныкталган тартипте пландан тышкаркы документтердин долбоорлорун даярдоого жана киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
5-глава. Аламүдүн райондук кеңешинин сессиясынын маселелерин даярдоонун жана кароонун тартиби.
28-берене.
Райондук кеңештин сессиясында кароого маселелерди киргизүү укугуна райондук кеңештин депутаттары, туруктуу комиссиялар жана Аламүлдүн райондук мамлекеттик администрациясы жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрү ээ.
Райондук кеңештин сессиясынын кароосуна документтердин топтому
бул Регламент менен аныкталган тартипте төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
суроону даярдоого жооптуу адамдын колу менен баяндамачы көргөзүлгөн коштомо каты, эгерде документ райондук кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу максатында даярдалган болсо, анда коштомо катында тиешелүү шилтеме болуу керек.
Райондук кеңештин токтомунун долбоору;
Эгерде райондук кеңештин токтомунун долбоорунда материалдык жана каржылык келип түшүүлөр же чыгымдар каралган сүйлөм болсо, иштеп чыгуучулар каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тиешелүү эсептерди (экономикалык негиздемелерди) тапшыруусу зарыл.
29-берене.
Райондук кеңештин кароосуна киргизилген документтин долбоорунда сол жагынын үстүндө көрсөтүлүшү керек:
документтин аталышы – тексттин биринчи бетинин сол жагынын үстүндө;
документти киргизүү демилгечиси – оң жагынын үстүндө “ПРОЕКТ” сөзүнөн кийин;
документти киргизүү датасы - ПРОЕКТ” сөзү менен катар;
документтин бул проектиси боюнча жооптуу аткаруучунун (документтин проектисинин редактору) фамилиясы жана кызматтык телефон номери - документтин текстинин астында;
токтомдун долбоору, ошондой эле Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын ишмердигине тиешелүү болгон арыздар, кайрылуулар үчүн райондук кеңештин жооптуу катчысынын колу
30-берене.
Документтин киришмеси эреже катары шилтемелер менен бирге кыска мыйзамдык жана фактологиялык негиздемелерди камтуусу зарыл.
31-берене.
Райондук кеңештин токтомунун долбоору райондук кеңештин аппараты тарабынан туруктуу комиссияларга жиберилет. Райондук кеңештин төрагасы бир же бир нече туруктуу комиссияларга токтомдун алдынт ала талкуулоону сунуштай алат.
Токтомдун долбоору райондук кеңештин сессиясында каралганга чейин жалпы райондук талкуулоо, элдик жана депутаттык угуу формасында алдын ала талкуулануусу мүмкүн.
Элдик жана депутаттык угуунун регламенти райондук кеңештин чечими менен аныкталат.
32-берене.
Маселени райондук кеңештин сессиясында кароо процедурасынын негизги элементтери:
бул регламентте карлган учуларда баяндама жана кошумча баяндамалар;
баяндамачыга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана аларга жооптор;
талкууланган маселе боюнча жарыш сөздөр;
баяндамачыга жана кошумча баяндамачылардын корутунду сөзү;
добуш берүү мотиви боюнча сөз;
документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
документтин негиз катары кабыл алынган долбооруна оңдоолорду киргизүү;
документти толугу менен кабыл алуу боюнча добуш берүү;
33-берене.
Райондук кеңеш тарабынан токтомдун долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуу зарылдыгы жөнүндөгү маселе талкууланат, токтомдун долбооруна жыйынтыкталган жалпы баа берилет.
Талкуу токтомдун долборунун демилгечисинин баяндамасынан жана жооптуу туруктуу депутаттык комиссиянын кошумча баяндамасынан башталат.
Эгерде токтомдун долбоорун иштеп чыгуу бир нече туруктуу комиссияга тапшырылып, алар ар кандай жыйынтыктарды алып келишсе, анда райондук кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын концепциясы менен макул болбогон туруктуу комиссиялардын доклады да угулат.
Райондук кеңештин токтомунун долбоорун кароодо райондук кеңештин депутаттарынын, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн жана башка талкууга чакырылган жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдар каралган токтомдун долбоорун кароодо сөзсүз түрдө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын корутунду сөзү уктурулат.
34-берене.
Чыгып сүйлөөнүн кезеги эреже катары райондук кеңеште төрагалык кылуучу тарбынан сүйлөөгө убактысын жазуу менен аныкталат.
Чыгып сүйлөөнүн кезегин аныктоодо райондук кеңеш тарабынан каралган маселени даярдоо үчүн түзүлгөн туруктуу комиссияларга; райондук кеңештин профилдик туруктуу комиссияларынын өкүлдөрүнө, райондук кеңештин сессиясына тиешелүү суроо боюнча сөз сүйлөө үчүн жооптуу аткаруучу же комиссия тарабынан чакырылган эксперттерге, жазуу түрүндө корутунду берген депутаттарга артыкчылык жасалат.
Райондук кеңеш сөз берүү өтүнүчү менен жеке кайрылууларды караганга укуктуу.
35-берене.
Алдын ала жазылбастан кезексиз сүйлөөгө райондук кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы укуктуу.
36-берене.
Жарыш сөз сүйлөөчүлөр мамлекеттик жана расмий тилде сүйлөй алат. Сүйлөөчү талкууланып жаткан документтин долбоорун колдоого, кабыл алынбоосун негиздөөгө же проектке башкача оюн билдирүүгө, ошондой эле негизделген эскертүү жана сунуштарды айтууга укуктуу.
37-берене.
Төрагалык кылуучу сессияда сүйлөгөндөрдүн мазмунунун күн тартибиндеги маселеге тиешеси бар экендигин, бекитилген убакыттын сакталышын көзөмөлдөйт, зарыл учурда эскертет.
Эгерде сүйлөөчү төраганын көрсөтмөсүнө баш ийбей, өзүнүн кебинде укугуна шек келтирген сөздөрдү айтса төрага аны тартипке чакырууга укуктуу.
38-берене.
Жарыш сөзгө бөлүнгөн убакыт аягына чыккан соң сөз жазылган депутаттардын ичинен сөз сурагандарына берилет.
Төрагалык кылуучу мындай депутаттардын санын аныктайт жана ар бирине сөз сүйлөөгө 3 мүнөттөн убакыт берет же регламент тарабынан бекитилген жарыш сөз сүйлөөчүлөрдүн убактысын сактоо менен убактысын узартууну добушка коет.
Жарыш сөздү токтотуу жөнүндөгү сунуш добушка коюлат жана депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе кабыл алынат. Сүйлөөгө жазылып бирок сүйлөбөй калган депутаттардын сөздөрү протоколго тиркелет. Мындай учурда тексттер райондук кеңештин аппаратына берилет.
39-берене.
Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы корутунду сөзү менен чыгууга укуктуу, добуш берүү мотиви боюнча сүйлөө жүргүзүлөт жана документтин долбоорун негиз кылып кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат.
Туруктуу комиссиялар жарыш сөздүн жыйынтыгы менен документтин долбоорун негиз кылып кабыл алганга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана добуш бергенге чейин райондук кеңешке маалымдоого укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу менен райондук кеңештин сессиясы кийинки сессияга чейин протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз кылып кабыл алууну токтото алат.
40-берене.
Райондук кеңештин сессиясы менен документтин долбоорун негиз кылып кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар документтин долбоорун райондук кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен оозеки жана жазуу түрүндө расмий чакырып ала алышат. Бул учурда жарыш сөз токтотулат. Сессия аркылуу документтин долбоорунун үстүндө мындан аркы иштөө бекитилет.
41-берене.
Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы менен райондук кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
токтомду толугу менен кабыл алуу;
токтомду иштелип бүтүрүүгө жиберүү;
күн тартибинен алып салуу;
Бир эле маселе боюнча бир нече токтомдун долбоору киргизилген учурда райондук кеңеш кайсынысын мындан ары кароо үчүн кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алат.
Эгерде бүтүндөй токтом кабыл алынбай калса токтом иштелип бүтүрүүгө жиберилди деп эсептелет. Иштелип бүтүрүүгө жиберилген токтомдун долбоору райондук кеңеш тарабынан 3 айдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан каралышы мүмкүн. Райондук кеңеш иштелип бүтүрүүгө жиберилген токтомдун долбоорун жалпы райондук талкууга алуу тууралуу чечим кабыл алат.
42-берене.
Иштелип бүтүрүүгө жиберилген токтомдун долбоору макул болбой калган учурда өзүнүн вариантын сунуштай турган жооптуу туруктуу комиссияга жиберилет.
Биринчи депутаттардын сунушу добушка коюлат, андан кийин туруктуу комиссиялардын сунушу коюлат. Эгерде райондук кеңеш тарабынан бир дагы сунуш колдоого алынбай калса пункт баш тартылган болуп эсептелинет.
43-берене.
Райондук кеңеш тарабынан токтомдун долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндөгү чечим кабыл алынып калса, токтомдун долбоорун оңдоо жөнүндөгү, конкреттүү пунктуна өзгөрүү жана толуктоо тексти түрүндө же конкреттүү абзацты, подпункт же пунктту алып салуу жөнүндө сунуш тиешелүү туруктуу комиссияга жиберилет.
токтомдун долбоорун оңдоо жөнүндөгү сунушту киргизүүгө райондук кеңештин депутаттары, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы укуктуу.
44-берене.
Райондук кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясы оңдоо жөнүндөгү сунуштарды изилдейт жана топтойт. Туруктуу комиссия предметти оңдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдаарына туура келиши жөнүндөгү сунушун көз карандысыз экспертке жибере алат. Оңдоо киргизген жактар туруктуу комиссияда талкуулануусунун жүрүшүндө тактоого укуктуу.
Токтомдун долбоорунун пункттары боюнча оңдоо жөнүндөгү топтолгон сунуштар туура деп табылып жана токтомдун долбоорунун текстине киргизе турган же оңдоолорду алып салуу жөнүндөгү сунуштаманы райондук кеңешке киргизе турган туруктуу комиссия тарабынан каралууга туура келет. Иштелип чыккан токтомдун долбору туруктуу комиссиянын кеңешмесинде каралгандан кийин андан аркы каралышы үчүн райондук кеңештин иш планына сунушталат.
45-берене.
Райондук кеңеш тарбынан кабыл алынган токтомдун долбоорунун тексти райондук кеңештин чечимисиз оңдолбойт. Токтомдун долбоорунун текстинин райондук кеңеш тарабынан кабыл алынган жыйынтыктоочу варианттагы текстке ылайык келүүсүнө жоопкерчилик райондук кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилет.
Эгерде кабыл алынган укуктук-ченемдик актынын иштелип чыгышына жана чыгарылышына жооптуу болгон райондук кеңештин аппараты тарабынан депутаттардын сунуштары жана эскертүүлөрү менен кабыл алынган укуктук-ченемдик актынын акыркы вариантын даярдоо процессинде пикир келишпестиктер жана башка райондук кеңештин аппаратынын ыйгарым укуктарына кирбеген маселелер байкалса, алар боюнча чечим райондук кеңеш тарабынан кабыл алынат.
46-берене.
Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби бекитилет, тактап айтканда:
мөөнөттөр конкреттештирилет жана пункттар же токтомду толугу менен аракетке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
кызмат адамдарына дагы мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет, укуктук-ченемдик актыларды ишке ашыруу, кабыл алынган токтомго ылайык келтирилиши үчүн мөөнөттөр аныкталат.
47-берене.
Райондук кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү жак көрсөтүлөт (райондук кеңештин түзүмдүк калыптанышы).
Көзөмөлдүн максаты болуп документтин жоболорун ишке ашыруунун эффективдүүлүгүнүн деңгээлин, аткаруудагы кыйынчылыкты жараткан себебин көрсөтүү, аларды жоопко тартуу, ошондой эле зарыл учурда документтин жоболорунун соттук тартипте аткарылышы камсыз кылынат. Райондук кеңеш көзөмөл кылган жак, орган аталган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн эч кандай атайын ишеним каттар талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүүчү пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук кеңештин түзүмдүк калыптанышы, эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
48-берене.
Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү билдирүү угузулгандан кийин райондук кеңеш укуктуу:
аткарылган катары токтом көзөмөлдөн алынып салынат;
аткарылган катары токтомдун өзүнчө пункттары көзөмөлдөн алынып салынат;
көзөмөлдүк ыйгарым укуктар узартылууга;
көзөмөлдүк ыйгарым укуктар башка жакка же органга милдеттендирилет;
токтом жокко чыгарылат;
токтом өзгөртүлөт же толукталат;
кошумча токтом кабыл алууга;
49-берене.
Көзөмөл боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө бекитилет же токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөчү жакка же органга тапшыруу, райондук кеңештин сессиясында билдирүү жасоо укугуна ээ болгон райондук кеңештин төрагасы бекитет.
50-берене.
Райондук кеңештин ар бир сессиясында ачылгандан жабылганга чейин, тыныгуулардан тышкары протокол жүргүзүлөт.Зарыл учурда аудио-видео жаздыруулар да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сессиянын протоколунда көрсөтүлөт:
сессиянын өтүү убагы, орду, райондук кеңештин чакырылыш жылы, сессиянын катар номери;
райондук кеңеш үчүн бекитилген депутаттардын саны, жалпы депутаттардын жана катышып отурган депутаттардын саны;
күн тартибиндеги маселе жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) фамилиясы;
сессияда сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
добуш берүүнүн жыйынтыктары;
сессиянын жүрүшүндө сунушталган кошумча материалдар;
Депутаттардын фамилиялары алардын шайлоо округу, башка жактардын фамилиялары – кызматы жана иш орду көрсөтүлүү менен коштолот.
51-берене.
Сессиянын пртоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 10 күн аралыгында таризделет жана райондук кеңештин төрагасы кол коет. Сессиянын протоколунун көчүрмөсү райондук кеңештин сессиясынын токтомун иштеп чыгуу үчүн бир жумалык мөөнөттө таризделет.
52-берене.
Протоколдун негизги нускасы райондук кеңештин жооптуу катчысына сактоо үчүн берилет. Депутаттардын өтүнүчү боюнча жооптуу катчы таанышуу үчүн протоколдун көчүрмөсүн берет.
53-берене.
Райондук кеңештин жабык сессиясынын материалдарынын таризделиши, сакталышы, тираждалышы, таралышы, жөнөтүлүшү жана ага депутаттарга, райондук кеңештин аппаратына жана башка адамдарга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган сессияда талкууланып жаткан маалыматтардын жашыруун деңгээли менен туура келүүчү жашыруун деңгээлдеги маалыматтар үчүн бекитилген эреже боюнча жүргүзүлөт.
54-берене.
Депутаттарды табелдик каттоо райондук кеңештин аппаратында сакталат.
Толугу менен кабыл алынган токтомдун долбоорлорунун жана аларга киргизилген оңдоолордун тексттеринин түп нускалары райондук кеңештин аппаратында сакталат. Кабыл алынган документтер күчүнө киргенден кийин 5 жылдан кийин аталган материалдар сакталуу үчүн мамлекеттик архивге өтөт.
55-берене.
Документ кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө райондук кеңештин аппараты документтин долбоорунунун аткаруучусу менен биргеликте анын таризделишин жүргүзөт. Райондук кеңештин токтомуна документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын кол коюуларынан кийин төрага кол коет. Райондук кеңештин сессияларынын токтомдорунун тиркемелерине райондук кеңештин жооптуу катчысы кол коет.
Документтин этегине төрага кол койгондон кийин төмөнкүлөр кол коет:
райондук кеңештин профилдик туруктуу комиссиясынын төрагасы;
сунуштарын киргизген депутаттар;
райондук кеңештин жооптуу катчысы;
райондук кеңештин аппаратынын документти аткаруу үчүн жооптуу кызматкеринин фамилиясын, кызматын, телефон номерин көсөтүү менен;
Бул берененин талаптарына ылайык таризделген документ 3 күн ичинде кол коюу үчүн райондук кеңештин аппаратына жиберилет.
райондук кеңештин тиешелүү сессиясында сүйлөшүү жүргүзүлгөн документтен башка документтерди тариздөөдө оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Райондук кеңештин сессиясы менен бекитилген документке мыйзамсыз оңдоо киргизген жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
56-берене.
Райондук кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынган токтомдорду жарыялоо бул жөнүндө токтомдун текстине киргизилсе же райондук кеңештин сессиясында өзүнчө каралган учурда жүргүзүлөт.
57-берене.
Райондук кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынган укуктук-ченемдик актылар кабыл алынгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө райондук кеңештин аппараты тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына-акимге, башка документтин аткаруучусу тарабынан түзүлгөн тизмедеги кызыкдар жактарга таркатылат.
Райондук кеңештин кайрылууларынын тексттери биирнчи кезекте алардын адресаттарына жиберилет.
58-берене.
Райондук кеңештин укуктук-ченемдик актылары токтом жана буйрук түрүндө кабыл алынат.
Райондук кеңеш арыздарды жана кайрылууларды кабыл алууга укуктуу.
59-берене.
Райондук кеңештин токтому сессияда райондук кеңештин жалпы депутаттарынын санынын жарымынын көбү добуш берген учурда бул регламентте каралган учурлардан башка убактарда кабыл алынат.
60-берене.
Райондук кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына төрага кол коет. Төрага жок болгон учурда райондук кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына төраганын орун басары кол коет.
61-берене.
Райондук кеңештин сессиясы төмөнкү маселелерди карайт:
райондун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегияларын, прогноздорун, пландарын жана прграммаларын бекитүү, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү жана коргоо прграммалары жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
райондук бюджетти бекитүү жана аткарылышы тууралуу отчет, атайын фонддорду пайдалануунун тартиби;
керектелбеген жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
жылына бир жолудан кем эмес райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын тиешелүү территориядагы иштердин жобосу тууралуу маалыматтарды угуу;
мыйзам тарабынан бекитилген тартипте райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын талапкерлиги боюнча сунушту киргизүү;
райондук мамлекеттик администрациянын башчысына кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана тиешелүү аткарбагандыгы үчүн райондук кеңештин жалпы депутаттарынын санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө;
Кыргыз Республикасыныны мыйзамдарында каралган учурда депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу;
административдик-территориялык түзүлүш боюнча тиешелүү мамлекеттик органга киргизүү максатында сунуштарды иштеп чыгуу;
кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, аларды кызматынана бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген райондук кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу;
райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
райондук кеңештин чечимдеринын аткарылышын көзөмөлдөө;
Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүлүшүн жана штаттык тизимин бекитүү;
курулуш, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак фонддорду мыйзам чегинде каржылоо жанан модернизациялоо, ошондой эле коммуналдык чарба,экономика, социалдык чөйрө жана райондук маанидеги эс алуу чөйрөлөрүндөгү башка объекттер боюнча долбоордук иштерди ишке киргизүү боюнча сунуштар;
райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди түзүү, кайра түзүу жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашуу;
райондук маанидеги илимий, окуу-тарбиялык, маданий-тарбиялык, жаштар арасындагы спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү чечимдерди кабыл алуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен аракеттердин биригиши жөнүндө, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана кызматтарды, ишке ашыруу максатындагы чек ара аралык кызматташтык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыга жылдыруу жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлү чарбалар жана жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды ишке ашыруу жана иштерди аткаруу үчүн коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө мыйзамга ылайык чечимдерди кабыл алуу;
райондун символдорун бекитүү;
соттордон, прокурорлордон жана Кыргыз Респрубликасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик органынын жана мамлекеттик статистика органдарынын территориялык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, ошондой эле мекеменин аймагында жайгашкан мекеме-уюмдардан башка мамлекеттик бийлик органдарынын территориялык бөлүмчөлөрүнүн ишмердигине көзөмөл жүргүзөт жана кызматтык милдеттерин аткарбаган учурларында жогоруда аталган органдардын жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларында каралган башка маселелер;
62-берене.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул регламентте аларды тариздөөнүн тартиби аныкталбаса райондук кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы токтом менен таризделет.
63-берене.
Райондук кеңештин мсаелелерди коллективдик талкууну жана алардын аткарылышы боюнча чечим кабыл алууну камсыз кылуучу ишмердигинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп сессиялар эсептелет. Райондук кеңештин сессиялары мыйзамда жана бул регламентте каралган жалпы депутаттардын үчтөн экиси катышуусу зарыл болгон учурлардан башка учурларда депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.
Райондук кеңештин сессиясы райондук кеңештин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат. Райондук кеңештин сессиясынын чакырылышы тууралуу билдирүү депутаттарга жана элге сессия башталарына бир жума калганга чейин кабарланат.
Сессиянын кароосуна коюлган маселелер сессия башталарына 10 күн калганга чейин демилгечи тарабынан киргизилет.
Аныкталган мөөнөттө чакырылган сессиялар менен кошо эле кезексиз сессиялар да чакырылышы мүмкүн.
Сессиянын кароосуна коюлуучу маселелер райондук кеңештин төрагасы, туруктуу депутаттар жана депутаттардын үчтөн экисин түзгөн депутаттардын топтору, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Райондук кеңештин сессиясы ачык өтөт. Райондук кеңештин сессиясынын ачылышы жана жабылышы Кыргыз Республикасынын Гимни менен коштолот. Сессияда бул регламент менен аныкталган тартипте бардык райондук кеңештин карамагындагы маселе чечилет.
Райондук кеңештин сессиясынын жабылышы регламент тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
64-берене.
Кайрадан шайланган кеңештин биринчи сессиясы мурунку чакырылыштагы райондук кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөңдөн кийин 2 жумалык мөөнөттөн кеч эмес чакырылат. Райондук кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү райондук кеңештин жашы боюнча улуусу ачат. Биринчи сессияга даярдыкты райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
65-берене.
Райондук кеңештин сессиясын уюштуруучулук-техникалык жактан райондук кеңештин кызматкерлери камсыз кылат:
депутаттарды кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселе боюнча документтин долбоору менен жана башка маалымат менен сессия башталарына 10 күн калган мөөнөткө чейин, анын ичинде райондук кеңештин маалыматтык системасы аркылуу камсыз кылат;
райондук кеңештин депутаттарына сессияга күн тартибиндеги маселенин долбоорлорун, документтин долбоорлорун жана ага оңдоолорду сессияга даярдоого, анын ичинде райондук кеңештин депутаттары менен мамлекеттик бийликтин территориалдык органдарынын жетекчилеринин ортосундагы өз убагындагы байланышты уюштуруу жолу менен даярдоого көмөк көрсөтөт.
райондук кеңештин депутаттардын сунуштамасы менен сессиянын кароосуна киргизилген суроону талкуулоодо катышуусу зарыл болгон жактарды райондук кеңештин сессиясына чакырат;
депутаттардын табелдик каттосун жүргүзөт;
сессиянын жүрүшүндө төрагалык кылуучуга жардам көрсөтөт;
райондук кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тариздейт жана чыгарылышын жүргүзөт;
66-берене.
Райондук кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таратуу райондук кеңештин төрагасынын, орун басарынын же төрагалык кылган депутаттын колу бар учурда жүргүзүлөт.
Башка депутатка иши боюнча керек болгон материалдар депутаттын талабы менен көбөйтүлөт;
67-берене.
Райондук кеңештин сессиясынын ачылышына катышууга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары, райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлери, ММКнын өкүлдөрү катышууга укуктуу. Маселени кароодо (анын ичинде эксперт катары) чакырылган жактар сессиянын кеңешме залына төрагалык кылуучунун чакыруусу боюнча келишет жана маселе каралып бүткөн соң кете алышат.
Чакырылган жактардын сессияга катышуусу райондук кеңештин аппараты тарабынан документтердин долбоолоруна жооптуу болгон депутаттардын билдирмелерине ылайык камсыз кылынат.
Райондук кеңештин сессиясынын кеңешме залына ок чыгарууга жана газ куралы менен кирүүгө болбойт
68-берене.
Райондук кеңештин сессиясы жабык (күн тартибиндеги айрым маселелер) да өткөрүлүшү мүмкүн. Мында (күн тартибиндеги маселелердин жабык каралышы) жабык сессия (күн тартибиндеги маселелердин жабык каралышы) райондук кеңештин сессиясынын чечимине ылайык өткөрүлөт.
Жабык сессияда Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким, Аламүдүн районунун прокурору, соттун төрагасы, райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлери, ММКнын өкүлдөрү катыша алышат.
69-берене.
Сессияда катышып олтурган райондук кеңештин депутаттарынын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында башталып сессия аяктаганга чейин каттоо убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
Эгерде райондук кеңештин сессиясында каттоодон өтпөгөн депутат чыгып сүйлөсө же аты аталуу менен добушка катышса, ал депутат катталган болуп эсептелет жана бул жөнүндө райондук кеңештин ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу коюлуп табелге каттоо жүргүзүлөт.
Депутат өзүнүн катталуусун жок кылууга укугу жок.
Сессияда катталган депутаттардын тизмеси райондук кеңештин аппарат кызматкерлери тарабынан төрагалык кылуучуга берилет.
70-берене.
Бир жыл ичинде эки же андан көп сессияга эч себеби жок катышпаган депутаттардын тизмеси райондук кеңештин чечими менен мыйзамга ылайык депутаттык мандатынын токтотулушу тууралуу ММКда жарыяланууга берилет.
Райондук кеңештин сессиясына катышпаган депутаттардын жүйөөлүү себептери болуп оору экенин тастыктоочу документ, командировка, өргүү жана башка жүйөөлүү себептер эсептелет.
71-берене.
Райондук кеңештин протоколдук чечими менен жумушчу органдар (секретариат, эсептөө комиссиясы, зарыл учурда башка комиссиялар) түзүлүшү мүмкүн.
72-берене.
Райондук кеңештин сессиясынын бир күндүк күн тартибинде сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана кароонун тартиби камтылышы керек.
Райондук кеңеш сессиянын пландаштырылган материалына бул регламентке ылайык оңдоо киргизүүгө укуктуу.
73-берене.
Райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңештин аппараты тарабынан биргеликте даярдалган сессиянын күн тартибиндеги маселенин долбоору депутаттарга таратылат.
Сессияда күн тартибин кароодо бардык депутаттар маселенин сөзсүз каралуусу жөнүндө, ошондой эле ал маселени күн тартибинен алып салуу жөңүңдө сунуш киргизе алышат.
74-берене.
Райондук кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби төрага тарабынан кезектеги сессия башталаарына 10 күн калганга чейин бул регламентке ылайык райондук кеңештин аппаратынын сунуштарын эске алуу менен аныкталат.
Райондук кеңештин аппараты сессия башталарына 5 күн калганга чейин (эгерде бул регламентте каралбаса) сессиянын күн тартибинин долбоору жана кароого зарыл болгон маселе менен бардык депутаттарды кабарлайт.
Райондук кеңештин кезексиз сессиясы өткөрүлөөрдө күн тартибинин долбоору жана каралуучу маселе депутаттарга сессиянын башында жана катттоо убагында таратылат.
75-берене.
Сессияны сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Төрагалык кылуучу кызматы боюнча төрагага таандык. Төрага жок учурда анын орун басары же башка төрага, орун басар тарабынан же райондук кеңештин чечими менен тапшырылган депутат (баш тартуу жарыялабаган) төрагалык кылат.
Төрагалык кылуучу сессияны алып барууну өзү баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо берүүсү керек.
Райондук кеңештин төрагасы (орун басары) төраганы (орун басарды) кызмат ордуна дайындоо же бошотуу маселесин кароодо сессияны алып барууну берүүсү керек.
76-берене.
Райондук кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу укуктуу:
эгерде сүйлөөчү регламентти бузса, күн тартиби боюнча сүйлөбөсө,жүрүм-турум этикасын сактабаса сүйлөөчүнү сүйлөөдөн ажыратууга;
райондук кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиясынын жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн чакырууга;
маалым кат үчүн депутаттарга жана кызмат адамдарына кайрылууга;
пландаштырылбаган дебаттарды токтотууга;
депутатты тартипке чакырууга, бул регламенттин жоболоруна ылайык райондук кеңешке депутатка сөгүш жарыялоону сунуштоого;
кеңешме залында өзгөчө кырдаал ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуу келип чыккан учурда сессияны токтотууга;
77-берене.
Райондук кеңештин сессиясынын убагында сессиянын катышуучуларынын ичинен бири дагы төраганын уруксатысыз оюн билдире алат.
78-берене.
Райондук кеңештин снессиясында төрагалык кылуучу милдеттүү:
регламентти сактоого жана күн тартибин карманууга;
сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга;
сессиянын кеңешме залында тартипти камсыз кылууга;
сүйлөөнүн убакыт регламентинин сакталышына көзөмөл кылууга, сүйлөөчүгө убактысынын аяктап бара жатканын эскертип турууга;
бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөөгө, аларды добушка коюуга жана жыйынтыктарын билдирүүгө;
сөздү кезеги менен берүүгө;
сессиянын жүрүш тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын, анын ичинде өзүнүн альтернативдик сунуштарын угууга жана кезексиз добушка коюуга;
сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, персоналдык эскертүүлөрдөн карманууга жана катышуучуларынын сөздөрүнө баа берүүгө, комментарийди сүйлөөдөн кийин берүүгө;
этика жана регламент боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрүүлөрүн көңүлгө алууга;
79-берене.
Бул регламент тарабынан бекитилген тартипте депутаттар укуктуу:
райондук кеңештин органдарын шайлоого, шайланууга, бул органдарга талапкерлерди (анын ичинде өзүнүн талапкерлигин) коюуга, кандидаттардан баш тартууга;
сессиянын күн тартиби, сессиянын жүрүү тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;
документтердин долбоорлоруна оңдоолорду киргизүүгө;
жарыш сөздөргө катышууга, баяндамачыга (кошумча баяндамачыга) добуш берүү ыкмалары боюнча (добуш берүүгө чейин) сүйлөөгө;
өзүнүн сунуштарынын добушка коюлушун талап кылууга;
добуш берүүнүн эрежелеринин бузулушу жана эсептөө комиссиясынын каталары аныкталган учурда, депутаттардын добушунун учетун алууда сессияда катышпагандардын добушу учетко алынып калган учурда же добуш берүүгө катышып бирок учетко алынбай калган учурларда экинчи ирет добуш берүүнү талап кылууга;
райондук кеңеш тарабынан түзүлгөн жана түзүлүп жаткан органдардын персоналдык курамы боюнча жана шайланга же райондук кеңеш тарабынан дайындалган кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча, ошондой эле Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан райондук кеңешке сунушталган райондун акими кызматына дайындоого талапкер боюнча өзүнүн оюн билдирүүгө;
райондук кеңештин сессиясында райондук кеңештин көзөмөлүндөгү бардык органдын отчетун жана маалыматын угуу жөнүндөгү сунушту киргизүүгө;
райондук кеңештин компетенциясындагы маселелер боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана депутаттык комиссияларды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
документтерди өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдөгү” мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле бул регламент аркылуу берилген башка укуктарды колдонууга;
Райондук кеңештин аппараты жана алардын ишмердиги тууралуу бардык маалыматтарды алууга;
Райондук кеңештин сессиясынын кеңешмесинин стенограммасын алууга;
80-берене.
Райондук кеңештин депутаты сессияда милдеттүү:
регламентти, сессиянын күн тартибин, сессияда төрагалык кылуучунун укук-ченемдүү талаптарын сактоого, сессияда төрагалык кылуучунун уруксаты менне гана сүйлөөгө;
жүрүм-турум эрежелерин сактоого;
ар бир сессияда катталууга жана сессиянын ишине катышууга;
Депутаттар өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда бул регламенттин жоболоруна ылайык жоопко тартылат.
81-берене.
Сүйлөө убактысынын узактыгы:
баяндамалар жана жана жарыш баяндамалар – 15 мин.чейин;
жарыш сөздөрдө - 5 мин.чейин;
күн тартибиндеги “ар кыл” пунктунда – 3 мин.чейин;
маалым каттар, суроолор, сунуштарды формулировкалоо, жүрүш тартиби боюнча, добуш берүүнүн ыкмалары боюнча – 1 мин.чейин;
оңдоолор боюнча аргументтер жана комментарийлер менен – 3 мин.чейин;
бир эле маселе боюнча эки жолудан көп эмес сүйлөө - 1 мин.чейин;
Сүйлөөчүнүн демилгеси менен сүйлөө бактысы узартылышы мүмкүн (же протоколдук чечим менен же каршы депутаттар жок болгон учурда добуш берүүсүз).
82-берене.
Убакыттын жалпы лимити;
баяндамалардын жана жана жарыш баяндамалардын суроолоруна – 20 мин.чейин;
жарыш сөзгө - 1 саатка чейин;
оңдоолорду кароого – 30 мин. чейин;
жүрүү тартиби боюнча дебаттар келип чыккан убакта – 10 мин.чейин;
добуш берүү ыкмалары боюнча сүйлөөгө - 15 мин.чейин;
83-берене.
Сессияда тыныгуу төрагалык кылуучу тарабынан (добуш берүүсүз), ошондой эле райондук кеңештин чечими менен 30 мин. жарыяланат.
84-берене.
Эгерде сессияда баш аламандык келип чыгып, төрага аны токтото албаса, тыныгуу жаыялайт жана ордун таштап кете алат. Бул учурда сессияда 30 минут тыныгуу жарыяланган болуп эсептелет.
85-берене.
Каралуу зарыл болгон маселелерди чечүү үчүн кезексиз сессиялар чакырылат. Кезексиз сессиялар райондук кеңештин төрагасынын демилгеси менен же комиссиялардын сунуштары менен же райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экисинин арызы менен, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу менен сунуш түшкөндөн 5 күндөн кеч эмес мөөнөттө чакырылышы мүмкүн.
Райондук кеңештин кезексиз сессиясы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин демилгеси менен да райондук мамлекеттик администрация башчысын-акимдин талапкерлиги боюнча сунуштарды киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №96 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы №459 “Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына-акимине квалификациялык талаптар жана аны дайындоонун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү” токтому жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттигинин райондук мамлекеттик администрация башчысынын- акимди дайындоо үчүн райондук кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган талапкер жөнүндөгү чечимди кабыл алуу тартиби боюнча сунуштама менен бекитилген тартипте өткөрүлөт;
бул учурда райондук кеңеш тиешелүү сунуш түшкөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде күн тартибиндеги “Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы– акими кызматына талапкер боюнча сунуштарды киргизүү жөнүндө” маселе менен кезексиз сессияны чакырат;
добуш берүүнү өткөрүу жана добуштарды саноо үчүн үч адамдан кем эмес эсептөө комиссиясы түзүлөт;
эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышкан болсо акимдик кызматка дайындоо үчүн талапкерлер боюнча шайлоо өттү болуп эсептелинет.
жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүгү добуш берген болсо райондук мамлекеттик администрациянын башчысы– акими кызматына талапкер боюнча сунуш кабыл алынган болуп эсептелет;
эгерде чечим бир дагы сунуш боюнча кабыл алынбай калса, добуш берүү көпчүлүк добуш алган 2 кандидат боюнча өткөрүлөт;
экинчи турда жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүгү добуш берген сунуш кабыл алынган болуп эсептелет;
экинчи турда керектүү сандагы добушту сунуштардын бири да ала албаса “Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №96 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамдын 14-беренесинин 3-пункту, Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы №459 “Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына-акимине квалификациялык талаптар жана аны дайындоонун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү” токтому жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттигинин райондук мамлекеттик администрация башчысынын- акимди дайындоо үчүн райондук кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган талапкер жөнүндөгү чечимди кабыл алуу тартиби боюнча сунуштамасы” менен аныкталган тартипте жаңы шайлоо өткөрүлөт;
Райондук кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга сунушталган маселени көрсөтүү менен жана аны чакыруунун зарылдыгын кыскача негиздеме менен жазуу жүзүндө берилет.
Кезексиз сессияны жылдыруу, кезексиз сессияны дайындоо жөнүндөгү кабарлоо чечим кабыл алынган мөөнөттөн тартып 1 сутка ичинде жиберилет.
Кыргыз Республикасынын территориясында өзгөчө абал жарыяланган учурда райондук кеңештин төрагасы милдеттүү мөөнөттү сактабастан жана депутаттарга маалымдоо тартибисиз кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
86-берене.
Райондук кеңештин кеңешмесинде сүйлөгөн адамдар жүрүм-турум этикасын сактоолору зарыл - өзүнүн кебинде орой, кемсинтүү иретиндеги, мыйзамсыз аракеттерге чакырган сөздөргө, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөөлөрдү коюуга жол берилбеши керек.
Аталган жарандар тарабынан бул жоболор бузулган учурда алар сүйлөө укугунан ажыратылат жана талкууланып жаткан маселе боюнча кайрадан сөз берилбейт.
Эгерде сүйлөөчү талкуулоо темасынан четтесе төрагалык кылуучу эскертүү берет. Кайталанган эскертүү берилгенден кийин сөз сүйлөөдөн ажырайт.
87-берене.
Эгерде депутат сүйлөөчү же төрагалык кылуучу сессияда анын сөздөрүн же аракекттерин туура эмес түшүндүрмө берип жатат деп эсепетесе, төрагалык кылуучуга түшүндүрүү же эскертүүлөрү менен сөз сүйлөө өтүнүчү менен кайрылат. Мындай кайрылуу боюнча төрагалык кылуучу кезектеги сөз бүтөөрү менен депутатка сөз берет.
Мындай сөз каралган маселе боюнча депутаттын сүйлөгөн сөзүнүн санына кирбейт.
88-берене.
Райондук кеңештин сессиясы убагында депутаттар сүйлөөчүгө жана катышуучуларына аракеттери менен, тоскоолдук кылуучу билдирүүлөр же кабыл алуулар (кыйкыруу, колдоо, тура калуу ж.б.) менен тоскоолдук кылууга болбойт.
Райондук кеңештин сессиясы убагында залдагы бардык катышуучулар, депутаттар уюлдук жана башка байланыштарынын аппараттарын өчүрүүгө милдеттүү.
89-берене.
Эгерде депутат бул регламенттин талаптарын бузса төрагалык кылуучу ага персоналдуу түрдө эскертет жана тартипке чакырат.
90-берене.
Райондук кеңештин сессиясынын убагында сессиянын катышуучуларынын ичинен бири дагы төраганын уруксатысыз оюн билдирүүгө укугу жок.
Бир эле маселе боюнча эки жолудан көп сүйлөй албайт.
91-берене.
Райондук кеңештин депутаттары кеңешме залында сесиянын күн тартибиндеги маселе боюнча алар кол койгон материалдарды таратууга укуктуу.
Кеңешме залында таратууга сунушталган, бирок күн тартибине тиешеси жок документтер жана материалдар түшүндүрүүчү жазууга жана же төраганын, же орун басардын, же комиссиянын төрагасынын же депутаттын колуна ээ болуусу керек.
Түшүндүрүүчү жазууда документ же материал ким тарабынан киргизилип жаткандыгы тууралуу маалымат жазылышы керек.
92-берене.
Райондук кеңештин сессиясына жана мүчөсү болуп эсептелген туруктуу комиссиянын кеңешмесине депутат жүйөөлүү себеп менен гана катышпай кое алат.
Райондук кеңештин сессиясына катыша албай турган депутат өзүнүн себебин көрсөтүү менен төраганы жана орун басарды жазуу түрүндө же оозеки түрдө кабарлоого, ал эми туруктуу комиссиянын кеңешмесине катышуу мүмкүнчүлүгү болбосо ошол комиссиянын төрагасын жана орун басарын маалымдоого тийиш.
93-берене.
Жүйөөлүү себепсиз райондук кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссиянын кеңешмесине, ошондой эле добуш берүүдө 2 же андан ашык ирет катышпаган депутаттар жөнүндөгү маалымат жарыя кылынат жана райондук кеңештин “Этика жана регламент боюнча” туруктуу комиссиясына берилет.
94-берене.
Депутаттык ишмердик публикалык мүнөзгө ээ жана депутаттан өзүнө катуу көзөмөлдү, депутаттык чөйрөдө жана коомдук ишмердикте, турмушта өзүнүн жүрүм- турумуна өздүк баа берүүнү талап кылат.
Депутат райондук кеңештин сессиясынын же туруктуу комиссиянын жана райондук кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын кеңешмесинде жеке кызыкчылыктагы, б.а. өзүнүн, жубайынын, ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын материалдык пайдасы каралган маселелер каралган сессияларда катышууга жана добуш берүүгө катышууга болбойт. Мындай кырдаалдар сессияга, туруктуу комиисиянын кеңешмелеринде жана райондук кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын кеңешмесине катышпай тургандыгынын жүйөөлүү себептери экендигин түшүндүрүп райондук кеңешти эртерээк маалымдайт.
Депутат конфиденциалдык маалыматты саясий конъюктура жана өз пайдасына алып келүүгө пайдаланбашы керек.
Депутат райондук кеңештин, туруктуу комиссиялардын жабык сессияларында белгилүү болгон маалыматтарды, шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна байланыштуу болгон маалыматтарды жарыялоого укугу жок.
Депутат өзүнүн сөзүндө соттордун карала элек кылмыш жана жарандык иштеринен фактыларды пайдаланууга болбойт, бул сөздөр соттун жана болжолдуу изилдөө орг андарынын ишмердигине тоскоолдук же аларга көрсөтүлүп жаткан басым катары кабыл алынышы мүмкүн.
Райондук кеңештин атайын ыйгарым укугу жок депутаты чет өлкөлүк жарандар менен жана кызмат адамдары, чет мамлекеттердин органдары менен жеке өзүнүн атынан мамиле курууга укуктуу.
Депутат райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин кызматын өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербестен көрө алат.
Депутаттык милдеттерин аткаруудагы чыгымдары үчүн расмий бөлүнгөн каражаттарды гана пайдалана алат.
Депутат райондук кеңештин автоунаасын жеке максаттары үчүн пайдалана албайт. Депутат физикалык жана юридикалык жактардан кызматтык милдетин аткаруу менен байланыштуу аракеттери жана аракетсиздиги үчүн белек, акчалай сыйлыктарды алууга укугу жок.
95-берене.
Бул регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдаланылган төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
райондук кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 29;
Кеңешмеде катышкан депутаттар –добуш берүү алдында катталган акыркы каттодогу депутаттардын саны;
96-берене.
Райондук кеңеш сессияда чечимдерди ачык жана жабык добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Бул регламентте бекитилген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү жөнүндөү чечим райондук кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары райондук кеңештин кеңешмесинин протоколуна киргизилет.
97-берене.
Райондук кеңештин депутаты бир маселе боюнча, чечимди кабыл алууга “макул” же “каршы” же калыс экендигин билдирүү менен бир добушка ээ.
Райондук кеңештин депутаты өзүнүн добушка коюу укугун жеке ишке ашырат. Добуш берүү убагында катышпаган депутат добуш берүү аяктагандан кийин добуш берүүгө аталган маселе боюнча добуш берүү үчүн райондук кеңеш тарабынан кабыл алынгандан айырмаланган ыкма менен добуш берүүгө укугу жок.
Депутат кеңешме залында олтуруп бирок добуш берүүдө катышпоосу добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароого негиз боло албайт.
98-берене.
Райондук кеңеште ачык добуш берүү депутаттардын чечими менен жүргүзүлөт. Бул учурда курамы депутаттар тарабынан шайланган эсептөө комиссиясына тапшырылат.
Ачык добуш берүү башталардын алдында төрагалык кылуучу сессияда канча сунуш добушка коюларын, кандай көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынары (депутаттардын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) маалымдайт. Добуш берүү жарыяланнгандан кийин аны эч ким үзгүлтүккө учурата албайт.
Добуш саналгандан кийин төрагалык кылуучу сессияда чечим кабыл алынгандыгын же алынбагандыгын жарыялайт. Кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу добуш берүүнү райондук кеңештин сессиясынын кийинки кеңешмесине жылдырат. Добуш берүүнүн процедуралык каталары байкалган учурда (эсептөө комиссиясынын катасы) райондук кенгештин депутаттарынын чечими боюнча кайрадан добуш берүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
99-берене.
Жашыруун добюуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин талабы менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетень пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн райондук кеңеш ачык добуш берүү менен райондук кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясын шайлап алат. Шайланган органдардын курамына сунушталган депутаттар добуш берүү учурунда эсептөө комиссиясынын курамында өзүнүн ишмердигин токтотот.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Комиссия өзүнүн чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында анын сунушу менен райондук кеңештин чечими менен бекитилген формада райондук кеңештин сессиясында катышкан каттоодон өткөрүлгөн деутаттардын санына ылайык даярдалат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, өткөрүү тартиби бул регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан аныкталат жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
100-берене.
Жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеңештин ар бир депутатына депутаттык күбөлүгүн көрсөтүү менен депутаттардын тизмесине ылайык бирден бюллетень берилет, көрсөтүлгөн тизмеде депутат өзүнүн фамилиясына каршы кол коет.
Жашыруун добуш берүү бюллетени кадимки ак кагаздан даярдалат (А4 форматынын жарымы).
Бюллетендеги текст бир гана бетине жазылышы керек.
Бюллетенде долбоор боюнча добуш берүү үчүн чечимдер “макул” жана “жок” деген жооптор менен каралышы керек.
Бюллетенге кандидаттардын фамилиялары алфавиттик тартипте киргизилет.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендин экинчи бетинде эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлушу керек.
Жашуруун добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы тарабынан мөө басылган атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын оюн эркин билдирүү үчүн жашыруун добуш берүүнү түзүүгө милдеттүү. Депутаттардын добушун саноодо аныкталбаган формадагы, ошондой эле депутаттын оюн билүүгө мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эсептөө комиссиясы протокол түзүлөт жана ага бардык мүчөлөр кол коет. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы райондук кеңештин токтому менен таризделет.
Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процедурасында жана техникасында ката келип чыккан учурда райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес добушунун чечими боюнча кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт.
101-берене.
Процедуралык маселелер боюнча чечим эгерде башка тартип бул регламентте каралбаса добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Процедуралык маселелер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
кеңешмедеги тыныгуу, жылдыруу же кеңешмени жабуу жөнүндө;
сүйлөөгө кошумча убакыт суроо жөнүндө;
кеңешмеге чакырылгандарга сөз берүү жөнүндө;
талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна маселени берүү жөнүндө;
жабык кеңешмени өткөрүү жөнүндө;
кошумча каттоону жүргүзүү жөнүндө;
добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө;
Добуштарды кайра эсептөө жөнүндө же кайрадан добуш берүү жөнүндө чечим жалпы депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
102-берене.
Добушка коюлган сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана муну менен демилгечиси аталат.
Токтомдун долбоорун башында негиз кылып кабыл алуу үчүн добушка коюлат. Негиз кылып кабыл алынбаган токтомдун долбоору күн тартибинен алынып салынат.
Сунуштар жана оңдоолор киргизилген токтомдун долбоору толугу менен же анын жоболорун талкуулоо менен кабыл алынат. Жоболорун талкуулоо менен кабыл алынган токтомдун долбоору жыйынтыгында толугу менен кабыл алынат.
103-берене.
Бир нече талапкерлердин коюлушун кароодо же райондук кеңештин каралып жаткан маселенин чечими боюнча бир нече варианттарды кабыл алууда райондук кеңештин чечими менен добуш берүү эки ирет жүргүзүлүшү мүмкүн.
Биринчи турда райондук кеңештин депутаты талапкердин кимисине болсо да же маселенин чечиминин варианттарынын каалаганына добуш бере алат.
Добуш берүүнүн экинчи туру биринчи турунда көп добушка ээ болгон эки кандидат же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыгы менен чечимди кабыл алуу үчүн бекитилген депутаттардын добушунун санынын көпчүлүгүнө ээ болгон кандидат же вариант кабыл алынган болуп эсептелет.
Эгерде экинчи турда бир дагы кандидат керек болгон добушту ала албаса жаңы талапкерлер сунушталуу менен кайрадан шайлоо дайындалат. Мурда көрсөтүлгөн талапкерлер алынып салынат. Эгерде каралган маселе боюнча чечимдин варианттары талап кылынган добушка ээ болбосо, бул маселе кароодон алынып салынат.
104-берене.
Райондук кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиянын кеңешмесинин протоколу райондук кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин кеңешмесинин протоколунда датасы, убагы жана орду, депутаттардын саны, ушул кеңешме үчүн депутаттар арасында таралган документтердин аталышы жана редакциясы, төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилиялары, бардык добушка коюуга киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн жолдору, добуш берүүнүн жана кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы чагылдырылат.
Протоколго сессияда төрагалык кылуучу кол коет.
Райондук кеңештердин протоколдорунун, токтомдорунун көчүрмөлөрүн алуу жана көчүрмөлөрүн алуу жооптуу катчынын уруксаты менен райондук кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Көчүрмөлөрдү алуу жөнүндө башка журналда катталат.
11-глава.Депутаттык угуулардыуюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
105-берене.
Райондук кеңеш өзүнүн карамагындагы маселелери боюнча депутаттык угууларды жүргүзөт.
Депутаттык угуулардын материалдары депутаттарга угуу башталарына 10 күн калганга чейин сунушталышы керек.
106-берене.
Депутаттык угууларда райондук кеңештин компетенциясына кирген бардык маселелер талкууланышы мүмкүн.
Депутаттык угуулар райондук кеңештин депутатынын, туруктуу комиссияларынын, төраганын, орун басардын демилгеси менен өткөрүлөт
Депутаттык угуулар коомдук донордук уюмдар менен биргеликте да жүргүзүлөт.
107-берене.
Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү депутаттык угуунун демилгечисине жана райондук кеңештин аппаратына жүктөлөт.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдардын курамы ошол депутаттык угууну уюштуруп жаткан демилгечи тарабынан аныкталат. Райондук кеңештин төрагасы чакырылгандарды тизмеге кошумча киргизүүгө укуктуу.
Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине киргизилген жактарга депутаттык угууларга ала келүүлөрү керек болгон расмий билдирүүлөр эртерээк жиберилет.
108-берене.
Депутаттык угуулар ММКнын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн ачык.
Депутаттык угууну уюштурган демилгечиси жабык депутаттык угуу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Жабык депутаттык угууларда конфиденциалдык мүнөздөгү маселелер, ошондой эле мамлекеттик жана жана башка мыйзам менен корголгон сырларды түзүүчү маалыматтар талкууланат.
109-берене.
Депутаттык угуунун төрагасы болуп тиешелүу туруктуу комиссиянын төрагасы, ал жок учурда орун басары же депутаттык угуунун демилгечиси эсептелет.
Төрагалык кылуучу депутаттык угууну алып барат жана талкуунун тартибине көз салат.
110-берене.
Депутаттык угуулар төрагалык кылуучунун талкууланып жаткан маселенин маңызын, маанисин, угууну өткөрүүнүн тартиби, чакырылгандардын курамы тууралуу маалымдоо менен башталат.
Төрагалык кылуучунун уруксаты менен бардык каалоочулар сүйлөй алышат.
111-берене.
Депутаттык угууга чакырылгандардын сөзүнөн кийин райондук кеңештин депутаттарынын суроолору жана ага жооптор айтылат. Суроолор оозеки жана жазуу түрүндө берилет.
112-берене.
Депутаттык угуулар талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштамаларды кабыл алуу менен аякташы мүмкүн. Депутаттык угуулардагы сунуштамалар райондук кеңешке катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат.
113-берене.
Депутаттык угууларга протокол жүргүзүлөт. Депутаттык угуулардын протоколуна төрагалык кылуучу кол коет. Ачык депутаттык угуулардын сунуштамалары басмага жарыяланат.
Депутаттык угуулардын материалдары угууга катышкан депутаттарга, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө таратылат.
114-берене.
Кыргыз Республикасынын Конситуциясына ылайык райондук кеңеш райондук бюджетти жана анын аткарылышы тууралуу отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдалануунун тартибин бекитет.
Бул маселелер боюнча чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы саннын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
115-берене.
Райондук бюджеттин долбоорунун сапаттуу жана өз убагында түзүлүшү максатында райондук кеңеш жана анын органдары каржылык жана мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан зарыл маалыматтарды алууга уктуу.
Райондук бюджеттин долбоорун түзүүдөгү зарыл болгон маалыматтар өзүнө камтыйт:
жалпы мамлекеттик салыктардан түшкөн чегерүүлөдүн нормативдери:
гранттардын болжолдуу көлөмү;
бир бюджеттен экинчи бюджетке берилген чыгымдардын түрлөрү жана көлөмдөрү;
мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө каржылык чыгымдардын номативдери;
минималдык бюджеттик камсыз болуунун нормативдери;
башка зарыл маалыматтарды;
Райондун бюджетинин долбоорун болжолдуу кароо туруктуу комиссияларда жүргүзүлөт.
116-берене.
Райондук бюджеттин долбоорун кароо жана бекитүү райондук кеңештин ачык сессиясында жана коомдук угууларда ачык жана жалпыга маалымдалат. Бул маселелер боюнча чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Райондук кеңештин бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү токтому жана тиешелүү жылга райондун бюджети жөнүндөгү чечим ММКга жарыяланат.
117-берене.
Кыргыз Республикасынын Конситуциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык райондук социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын, прогнозун, пландарды жана программаларды, райондогу айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү; талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу маселелерин кароо; мыйзамга ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдиги кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунуш киргизүүгө; жылын бир жолудан кем эмес райондук мамлекеттик адмиинстрациянын башчысынын – акимдин тиешелүү территориядагы иштеринин абалы туууралуу маалыматын угууга; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган учурларда депутаттардын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым уккутарын токтотууга; административдик-территориялык түзүлүш боюнча аларды тиешелүү мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында сунуштарды иштеп чыгат; кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлайт, кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген учурда төраганын чечимдерин жокко чыгарат; райондук кеңештин регламентин кабыл алат; райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт; райондук кеңештин аппаратынын түзүлүшүн жана штаттык тизимин Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү укуктук документтердин негизинде бекитет; долбоордук иштерди, курулуш, жолдорду, көпүрөөлөрдү, турак үй фонддорун мыйзамга ылайык каржылоо жана модернизациялоо, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жана райондук көңүл ачуу чөйрөлөрүндө ишке ашырат; райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди түзүү, кайрадан түзүү жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашат; райондук маанидеги илимий, окуу-тарбиялык, маданий-тарбиялык, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөү чечимдерди кабыл алат; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана кызматтарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгын өнүктүрүү жана коргоо, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү жана иштерди аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбалар менен кызматташуу боюнча иш алып барат; райондун символдорун бекитет; сот, прокуратура, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жана статистика башкармалыгынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн башка бийликтин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле мекеменин территориясында жайгашкан башка мекемелердин, уюмдардын ишмердигине көзөмөл кылат, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарбаган учурларда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызматтан бошотот жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларында каралган маселелерди чечет.
Бул маселелер боюнча чечимдер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүнүн добушуна ээ болуу менен кабыл алынат.
118-берене.
Райондук кеңештин депутаттарынын жалпы саныннын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен райондук кеңештин сессиясы райондук мамлекеттик администрациянын башчысына – акимге райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө же кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Аталган маселе туруктуу комиссиялардын биргелешкен комиссияларында болжолдуу каралат, андан соң комиссиянын чечими тиешелүү документтер райондук кеңештин сессиясына кароого жиберилет.
12-глава. Мамлекеттик бийликтин органдары менен өз ара мамилелерди ишке ашыруунун тартиби.
119-берене.
Райондук кеңеш мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдуу актыларына ылайык жүргүзөт.
13-Бөлүм.Райондук кеңеш менен Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын биргелешкен чечимдерин даярдоонун жана кабыл алуунун тартиби
120-берене.
Райондук кеңеш менен Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын биргелешкен чечимдери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана райондук кеңештин бул Регламентинде каралган убактарда жана тартипте кабыл алынат.
14-Бөлүм.Райондук кеңеш тарабынан көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарын жүргүзүүнүн тартиби. Көзөмөлдөөчү депутаттык ыйгарым укуктар.
121-берене.
Райондук кеңештин көзөмөлдүк ишмердиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана райондук кеңештин бул Регламентине ылайык ишке ашырылат.
122-берене.
Райондук кеңештин көзөмөлдүк ишмердигинин уюштуруучу негизин райондук кеңештин көзөмөлдүк кызматтарын ишке ашыруучу депутаттар, туруктуу комиссиялар түзөт.
123-берене.
Көзөмөлдүк ишмердиги төмөнкү формада: райондук кеңештин сессияларында баяндамаларды угуу; депутаттык суроолорду жиберүү, маалыматтарды жана башка формаларды талап кылуу менен ишке ашырылат.
124-берене.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү райондук кеңештин төрагасынын көзөмөлдүк текшерүү өткөрүүнүн максаты, текшерүүнүн баштоо датасы жана аткаруучусу көрсөтүлгөн тескемеге ылайык (күбөлүк) буйруктун негизинде ишке ашырылат.
125-берене.
Көзөмөлдүк иш- чараны жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпашы керек. Каржы тартибиндеги одоно буузуулар, бюджеттик жана башка каражаттарды мыйзамсыз жана пайдасыз жумшоо, ошондой эле райондук кеңештин көзөмөлдүк кылуучу субъекттерине каршылык көрсөткөн убакта текшерүүчүлөрдүн баяндама катынын негизинде райондук кеңештин төрагасы тарабынан мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
126-берене.
Көзөмөлдүк кызматтарды ишке ашыруучу көзөмөлдүк кылуучу субъекттер тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтык записка даярдалат, зарыл болгон учурда райондук кеңештин токтомдун долбоору даярдалат. Текшерүүнүн материалдары бул Регламентке ылайык аныкталган процедура менен сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн сунушталат.
127-берене.
Райондук кеңештин туруктуу комиссиясынын көзөмөлдүк ишмердигинин жыйынтыктары туруктуу комиссиянын чечими менен таризделет. Зарыл болгон учурда туруктуу комиссиянын чечими райондук кеңештин сессиясына кароого киргизилет.
128-берене.
Райондук кеңеш тарабынан каралган көзөмөлдүк текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча текшерилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилеринин дарегине райондук кеңештин токтому, туруктуу комиссиялардын чечимдери, бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү үчүн сунуштар жиберилет.
Райондук кеңештин чечимин аткарууда туруктуу комиссия, депутат райондук кеңештин сессиясына чечимдердин аткарылбашынын себептерин аныктоо боюнча текшерүүнү дайындоо, аны аткаруу боюнча кошумча чаралар, зарыл учурда күнөөлүү тараптарды жоопко тартуу боюнча сунуштарды киргизе алат.
Райондук кеңеш бул маселелер боюнча чечим кабыл алат.
129-берене.
Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статустары жөнүндөгү” Мыйзамдын негизинде текшерүү процедураларына бөлүнөт.
Депутаттык талап – болжолдуу же райондук кеңештин сессиясында айтылган Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, анын орун басарларына, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жана райондук кызматтардын башчыларына, райондун территориясында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын коомдук маанидеги же райондук кеңештин жүрүшүнө байланышкан маселени чечүү, расмий түшүндүрүү же маселелер боюнча позициясын билдирүүсү саналат.
Талап депутат же депутаттардын тобу тарабынан жазуу же оозеки түрүндө киргизилиши мүмкүн, ал райондук кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет, ал маселе боюнча талкуу жүргүзүлөт жана чечим кабыл алынат.
Райондук кеңештин төрагасы тиешелүү органга же кызмат адамына депутаттык талапты жеткирет.
Талап менен кайрылуу жасалган орган же кызмат адамы райондук кеңеш тарабынан белгиленген мөөнөттө оозеки жана жазуу түрүндө жоопи берүүгө милдеттүү. Талапка жооп райондук кеңештин кеңешмесинде каралашы мүмкүн.
130-берене.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статустары жөнүндөгү” Мыйзамдын негизинде райондук кеңештин депутаты Аламүдүн районунун территориясында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарды текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жарандардын бириккен органдарынын ишмердиги, алардын текшерүүгө катышуусу тууралуу маселелерди райондук кеңешке жана анын органдарына коюуга укуктуу.
Райондук кеңештин жана анын органдарынын, ошондой эле төраганын тапшырмасы боюнча депутатрайондук алардын чечими менен өткөрүлгөн текшерүүгө катыша алат.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштары жөнүндө депутат алардын чечими менен өткөрүлгөн райондук кеңешке же анын органына же төрагагага баяндайт.
Депутат белгилүү болгон кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча ишмердиги текшерилген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине сунуш киргизет, ошондой эле баш ийген органдарга алардын айынан бузуу келип чыккан жактарды жоопко тартуу жөнүндө маселе коет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары бузулган учурда депутат бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылат.
131-берене.
Райондук кеңештин депутаты социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана райондун бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылып, алардын кызыкчылыктарын жана талаптарын эске алат.
132-берене.
Райондук кеңеш тарабынан бекитилген тартипке ылайык райондук кеңештин төрагасы, анын орун басары, райондук кеңештин депутаттары дайыма кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
133-берене.
Райондук кеңештин депутаты депутаттыкка талапкерлигин сунуштаган шайлоочулар, жамааттар, бириккен жарандар, ошондой эле районунун территориясында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана бириккен жарандар менен байланышта болот.
Шайлоочулар өзүлөрүнүн депутаттарына суроо-талаптарды бере алышат. Депутат өзүнүн шайлоо округунун шайлоочусуна жооптуу жана отчет берет.
134-берене.
Райондук кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочусу менен байланышта болот, ар дайым райондук кеңештин иши, экономикалык жана социалдык пландардын жана программалардын, жергиликтүү экологиялык программалардын, райондук кеңештин чечимдеринин жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурууга катышат, райондук кеңештин же анын органынын чечимдерин, шайлоо округунун территориясында өткөрүлгөн массалык иш-чараларды, коомдук пикирди, элдин каалоосун изилдейт, алар жөнүндө райондук кеңешти маалымдайт, жамаатттык керектөөлөдү жана жарандардын мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу боюнча башка чараларды көрөт.
Депутат шайлоо округунда өзүнүн ишинде коомдук комитеттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эмгек жамааттарына, жарандардын бириккен органдарына жардам сурап кайрыла алат.
135-берене.
Райондук кеңештин депутаты өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыз жана даттанууларды карайт, туура жана өз убагында чечилишине чараларды көрөт, жарандарды кабыл алат.
Депутат келип түшкөн сунуштарды, арыз жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чече турган тиешелүү мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга жиберет жана жыйынтыктары тууралуу арыз ээсин жана депутатты маалымдайт.
Депутат даттанууларга алып келген себептерди изилдейт, аларды жоюу боюнча сунуштарды райондук кеңешке, мамлекеттик органдарга, жарандардын бириккен органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга киргизет.
136-берене.
Райондук кеңештин депутаты мөөнөтү менен жылына бир жолудан кем эмес депутаттыкка талапкерлигин сунуштаган шайлоочулардын, жамааттардын, бириккен жарандардын алдында өзүнүн иши жана райондук кеңештин иши тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Райондук кеңеш жергиликтүү кеңештин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу отчетун угууга укуктуу.
Депутаттын отчету депутаттыкка талапкерлигин сунуштаган жамааттардын, бириккен жарандардын талабы боюнча каалаган убакта, ошондой эле шайлоочулардын жыйналышынын талабы менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Депутаттын отчету тиешелүү шайлоо округунун шайлоочулардын жыйналышында, ошондой эле депутаттыкка талапкерлигин сунуштаган эмгек жамааттарына, жарандардын бириккен органдарынын жыйналыштарында өткөрүлөт. Отчетту өткөрүү жөнүндө депутат райондук кеңешти же анын органын бекитилген тартипте маалымдайт.
137-берене.
Депутат шайлоочуларына отчет берүү жана алар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыз болт.
Райондук кеңеш депутаттын шайлоочуларынын алдында отчетт берүүсүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт, өз убагында отчет үчүн зарыл болгон сурап-билүүчүлүк жана маалыматтык материалдар менен камсыз кылат.
Депутаттын отчету өтүп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациялары, жарандардын бириккен органдары жыйналышты өткөрүү үчүн жай бөлүп берет, шайлоочуларды убактысы, орду тууралуу кабарлайт, ошондой эле шайлоо округунда депутаттын ишин ыңгайлаштыруучу башка чараларды көрөт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар ММКда чагылдырылат.
Депутаттын шайлоочуларынын алдындагы отчету менен байланышкан чыгымдар райондук бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
138-берене.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын топтоо жана болжолдуу кароо туруктуу комиссиялар жана райондук кеңештин аппараты менен Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте ишке ашырылат. Алар тарабынан даярдалган шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын долбоору райондук кеңештин сессиясына кароого киргизилет.
139-берене.
Шайлоочулардын суроо-талаптары Аламүдүн районунун экономикалык жана социалдык өнүгүү программалары, жергиликтүү экологиялык программалардын пландары, бюджеттин түзүлүшү , ошондой эле башка маселелер боюнча даярданууда эске алынат. Райондук кеңештин сессиясында шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга алуу жөнүндө чечим кабыл алынат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилет. Райондук кеңеш айрым суроо-талаптардын жөндүү аткарылышы жөнүндө далилденген чечимди кабыл алууга укуктуу.
140-берене.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, түзүмдүк бөлүмчөлөр, айыл аймактарынын аткаруучулук-тескөөчүлүк органдары камсыз кылышат, ошондой эле шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууда чарбалар, физикалыфк жана юридикалык жактар да катышат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү туруктуу комиссиялар, райондук кеңештин аппараты жана депутаттар тарабынан жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын мөөнөтүндө ишке ашырууну камсыз кылуучу райондук кеңеш тарабынан аныкталган органдар жылына бир жолудан кем эмес райондук кеңешке алардын аткарылышы тууралуу баяндама берет. Депутаттар ар дайым шайлоо округундагы шайлоочуларды алардын берген суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымдап турат. Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышынын жүрүшү ММКда чагылдырылат.
141-берене.
Райондук кеңештин ишмердигин камсыз кылуу үчүн райондук кеңештин аппараты түзүлөт.
Райондук кеңештин негизги функциясы болуп укуктук, методикалык, уюштуруучулук, документациялык, маалыматтык, материалдык-техникалык жана райондук кеңештин же анын органынын башка ишмердигин камсыз кылууну ишке ашыруу эсептелет.
Райондук кеңештин аппаратынын штаты жана түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде бекитилет жана өзүнүн ишмердигин контрактык негизде алып барат.
Райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлери болуп эсептелинет.
Райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынат.
Райондук кеңештин ишмердигин жана райондук кеңештин аппаратын камсыз кылууга чыгаша сметасы райондук кеңештин төрагасынын сунушу менен райондук кеңештин сессиясынын токтому менен бекитилет.
142-берене.
Райондук кеңештин аппаратына жооптуу катчы башчылык кылат.
Райондук кеңештин жооптуу катчысы кызматына талапкер төрага тарабынан сунушталат жана райондук кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
143-берене.
Райондук кеңештин жооптуу катчысы райондук кеңешти соттордо мыйзамга ылайык көрсөтөт.
Райондук кеңештин жооптуу катчысы:
- райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин арасында кызматтык милдеттерди иштеп чыгат;
- райондук кеңештин аппаратынын ишмердигин жетектейт, райондук кеңештин аппараты менен Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн, айыл аймактарынын башчылары, ишканалар, уюмдар менен биргелешкен аракетин камсыз кылат, байланышкан жана комплекстүү иштерди координациялайт;
- райондук кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун калыптайт;
- райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлери үчүн ички эмгек тартибининэ режесин, райондук кеңештин имаратынын ичинде режимдүү эрежелердин сакталышы боюнча инструкцияны иштеп чыгат, эмгек тартибин үзүлтүккө учуратпоо (колдоо) жана сактоо боюнча чараларды көрөт;
- райондук кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо боюнча сунуштарды киргизет;
144-берене.
Райондук кеңештин регламентинин жаңы редакциясы жана ага өзгөртүүлөр, толуктоолор райондук кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
Райондук кеңештин регламенти кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Регламентке өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү райондук кеңештин депутатынын, туруктуу комиссиянын демилгеси менен райондук кеңештин туруктуу комиссияларынын биргелешкен кеңешмесинде талкуулангандан кийин ишке ашырылат.
145-берене.
Регламентке өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштар туруктуу комиссиялар тарабынан же жалпы депутаттардын үчтөн биринин демилгеси менен райондук кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
146-берене.
Райондук кеңештин регламентинин жобосунун түшүндүрүлүшүн жана анын сакталышын Аламүдүн райондук кеңешинин “Этика жана регламент боюнча” жана “Мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча” туруктуу комиссиялар ишке ашырат. Райондук кеңештин регламентинин жобосунун түшүндүрүлүшү райондук кеңештин сессиясында берилет, зарыл учурда райондук кеңештин токтому менен бекитилет.
147-берене.
Райондук кеңештин регламентинин бузулушу менен кабыл алынган чечимдер кабыл алынган убактан тартып жараксыз болуп эсептелет. Мындай кырдаал келип чыккан учурда депутат этика жана регламент боюнча туруктуу комиссияга чечимди жокко чыгаруу талабы менен кайрыла алат.
Райондук кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл кылуу райондук кеңештин төрагасына жана этика жана регламент боюнча туруктуу комиссияга жүктөлөт.
Райондук кеңештин сессиясы убагында райондук кеңештин регламентинин сакталышы төрагалык кылуучуга милдеттендирилет.
148-берене.
Райондук кеңештин сессиясынын кеңешмесинде депутат тарабынан тартип бузулса төмөнкү чаралар көрүлөт:
тартипке чакыруу;
протоколго киргизүү менен тартипке чакыруу;
сөгүш жарыялоо;
Көрсөтүлгөн чаралар сессияда төрагалык кылуучунун талаптарын аткарбаган учурда депутатка колдонулат;
эгерде депутат сессияда башаламандык, тынч эмес көрүнүштөрдү уюштурса, эркин талкууну жана добуш берүүнүн күчүн кетирүүгө аракет кылса, кеңешме жүрүп жаткан учурда ээн эркин басып жүрсө жана чыгып кетсе;
райондук кеңештин аппартынын дарегине, сессиянын катышуучуларына жана сессияда катышып олтурган жана катышпаган жактарды маскаралагандыгы үчүн;
Депутат тарабынан милдеттерин, эрежелерди бузгандыгы жөнүндө депутаттын сунушу боюнча бул маселе Аламүдүн райондук кеңешинин “Этика жана Аламүдүн районунун регламенти боюнча” туруктуу комиссиянын кароосуна берилиши мүмкүн.
Аламүдүн райондук кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статустары жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын . 14-июлундагы №96 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамына жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча Улуттук агенттиктин райондук мамлекеттик администрациянын – башчысы – акими кызматына дайындоо үчүн сунушталган талапкер жөнүндө райондук кеңештин депутаттары тарабынан чечимди кабыл алуунун тартиби боюнча сунуштамасына ылайык иштелип чыкты.
Аламүдүн райондук кеңешинин регламенти 2011 - жылдын 19-сентябрындагы Аламүдүн райондук кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын биргелешкен кеңешмесинде алдын ала каралды.
“Экономика, бюджет жана
каржы боюнча” туруктуу
депутаттык комиссянын төрагасы Расулова Нургуль__________________
“Өнөр-жайды, соода, майда
жана орто бизнести, туризм,
коммуникация, курулуш жана
архитектураны өнүктүрүү боюнча”
туруктуу депутаттык
комиссянын төрагасы Абдиев Медер Абдиевич__________________
“Жер –агрардык маселелер
жана экология боюнча”
туруктуу депутаттык
комиссянын төрагасы Мусин Рустем Шаукатович_________________
“Жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүү боюнча”
туруктуу депутаттык
комиссиянын төрагасы Ишимканов Калыс Кыдыгалиевич__________________
“Миграция, эмгек, социалдык
саясат жана саламаттыкты сактоо
боюнча” туруктуу депутаттык
комиссиянын төрагасы Молдобекова Чолпон Асамбековна__________________
“Билим берүү, маданият, жаштар
жана гендердик саясат, дене тарбия
жана спорт боюнча” туруктуу
депутаттык комиссиянын төрагасы Абдрасаков Жанышбек__________________
“Этика жана Аламүдүн районунун
регламенти боюнча” туруктуу
депутаттык комиссиянын төрагасы Асекова Гулмира Асанкуловна__________________
“Мыйзам чыгаруу, мамлекеттик
түзүлүш мыйзамдуулук
жана адам укугу боюнча” туруктуу
депутаттык комиссиянын төрагасы Алыбаев Таалайбек Жуманазарович________________
Аламүдүн райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
А.Прохоров |
Аламүдүн райондук кеңешинин төрагасы |
Дж.Айдакеева |