Загрузка документа…
| Жайыл райондук кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы №80/3 токтому менен бекитилген |
Жайыл райондук кеңешинин регламенти
“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык райондук кеңеш райондун өкүлчүлүк өзүн-өзү башкаруу органы болуп эсептелет. Райондук кеңештин полномочиелеринин мөөнөтү төрт жыл.
Райондук кеңештер өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына, Президенттин жана КР Өкмөтүнүн нормативдик жана укуктук актыларына, ошондой эле ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
Райондук кеңештин Регламенти райондук кеңештин ишинин уюштуруу тартибин, анын укуктук негизин, убактылуу жана туруктуу комиссиялардын түзүмүн, сессияларды өткөрүу мөөнөттөрүн аныктайт.
Райондук кеңештин сессиясы бир кварталда бир жолдон аз эмес жана депутаттардын жалпы санынын 3/1 бөлүгүнөн аз болбогон санынын талабы боюнча өткөрүлөт.
Райондук кеңештин токтомдорун менчик түрүнө карабастан райондун аймагында орун алган бардык уюмдар, мекемелер,ишканалар аткарууга милдеттүү.
Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын аныкталган мыйзамдарынын негизинде гана жокко чыгарылышы мүмкүн.
2.1. Райондук кеңештер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык төмөнкү суроолорду карап, токтомдорду кабыл алат:
1). райондун социалдык-экономикалык өнүүгүсүнүн программасын жана планын, стратегиясын, болжолдорун, райондогу айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү программасын бекитүү, алардын аткаруусун көзөмөлдөө;
2). райондук бюджетти кабыл алат жана анын аткарылышынын сарэсебин бекитүү, ошондой эле атайы фонддордун пайдалануу ирээтин кароо;
3). пайдаланылбаган жана керектелбеген жайыттар жөнүндө суроолорду кароо;
4). тийиштүү аймакта жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын маалыматын бир жылда бир жолдон аз эмес угуу;
5). Мыйзам аныктаган чекте жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетине талапкерди сунуш катары киргизүү;
6). Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтпөө;
7). Кыргыз Республикасынын мыйзамы аныктаган чекте депутаттардын полномочиелерин мөөнөтүнө чейин токтотуу;
8). Тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдарына киргизүү үчүн административдик –аймактык түзүлүштү өзгөртүү боюнча сунуш даярдоо;
9). Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мызамдарына туура келбеген кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу;
10). Райондук кеңештин Регламентин кабыл алуу;
11). Райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
12). Өкмөт тарабынан аныкталган нормативдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын жана штаттын курамын бекитүү;
13). Курлуш тармагын, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жай фондун жана коммуналдык чарба объекттерин, социалдык жана оюн зоок чөйрөсүн модернизациялоо, аларды тийиштүү деңгээлде кармоо боюнча проекттик иштерди мыйзам чегинде жүргүзүүнүн сунуштарын киргизүү;
14). Райондук маанидеги социалдык маданият мекемелерин уюштуруу, жок кылуу, кайра уюштуруу боюнча маселелерди макулдашуу;
15. Райондук маанидеги илимий,окуу-тарбия,маданий-тарбия,жаштардын спорттук иш чараларын уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
16). Мыйзамдын негизинде башка жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен коңшулаш кызматташуу, коомдук пайдалуу иштерин жана кызматтарын жүзөгө ашыруу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызыкчылыгын коргоосун ишке ашыруу, жергиликтүү жана эл аралык чарба субъекттеринин коомдору менен жалпы кызыкчылык үчүн аракеттер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
17). Райондун символикасын бекитүү;
18). Кыргыз Республикасынын Сот, прокуратура, улуттук коопсуздук, статистика органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн иш аракетин көзөмөлгө алуу, жана бул бөлүмдөрүн жетекчилерин милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотуу;
19). Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен каралган башка суроолор;
Райондук кеңештин төрагасы:
3.1. Райондук кеңештин сессияларын чакырат, тµрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго, райондук кеңештин иш кагаздарына кол коёт, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
3.2. Арыздарды, жарандардын кайрылууларын карайт;
3.3. Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын,мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу боюнча жогорку органдарга кайрылат;
3.4. Кеңештин Регламентинин аткарылуусун көзөмөлдөйт;
3.5. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча талапкерди көрсөтөт:
3.6. Кыргыз Республикасынын”Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык жооптуу катчыны жана райондук кеңештин кызматкерлерин өзүнүн буйругу менен бошотот жана дайындайт.
3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кеңештин компетенциясына кирген суроолорду чечет;
3.8. Өзүнүн милдетин райодук кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясына чейин аткарат.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары
3.9. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасы жок болуп калганда же болбосо милдетин аткара албай калган учурда төраганын милдетин аткарат;
3.10.Өзүнүн милдетин коомдук негизде аткарат.
4.1. Депутаттарды өзүнүн милдетин аткарып жаткан учурда тийиштүү маалымат менен камсыз кылат;
4.2. Райондук кеңештин ишинин алдын ала планынын аткарылышын камсыздайт;
4.3. Райондук кеңештин убактылуу жана туруктуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.4. Райондук кеңешке түшкөн иш кагаздардын аткарылышын тактайт жана көзөмөлдөйт;
4.5. Райондук кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын депутаттарга жеткирилүүсүн көзөмөлдөйт;
4.6. Сессиянын ишине депутаттардын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн чакырулуусун көзөмөлдөйт;
4.7. Райондук кеңештин аппаратынын ишин уюштурат жана көзөмөлдөйт.
5.1. Райондук кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүнүн -өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзөт;
5.2. Туруктуу комиссиялар райондук кеңешке тийиштүү болгон суроолорду алдын ала кароо үчүн жана отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн уюштурулат.Туруктуу комиссиялар зарыл болгондо, бирок бир кварталда бир жолдон аз эмес отурум өткөрөт.
5.3. Туруктуу комиссиялар райондук кеңеш менен райондук кеңештин полномочиесинин убагына уюштурулат. Комиссиялардын санын, алардын курамынын мүчөлөрүн шайлоосун райондук кеңеш аныктайт. Райондук кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жайыл районунун кеңешинде кийинки комиссиялар уюштурулган:
-Каржы-бюджет маселелери, унаа, байланыш жана турак-коммуналдык чарба боюнча;
-Өнөр жай, курулуш, кичи жана орто бизнес, соода жана калкты чарбалык тейлөо боюнча;
-Жер-агрардык маселелер, ветеринардык кызмат, айлана чөйрөнү коргоо боюнча;
-Социалдык, укуктук маселелер, жаштар маселелери жана коомдук тартипти сактоо боюнча;
-Депутаттык кызмат жана этика маселелери боюняа депутаттык иш комисииясы.
5.4. Райондук кеңеш атайы тапшырма жана иштерди аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды уюштуруга укугу бар;
5.5. Убактылуу комиссия аныкталган убакыттын ичинде ишин аткарып, районук кеңештин сессиясында сарэсеп берет.
5.6. Жүктөлгөн милдеттенмелер аткарылгандан кийин, убактылуу комиссия ишин токтотот жана жоюлат.
6.1. Кайрадан шайланган райондук кеңештин биринчи сессиясы шайлоо болуп µткµндµн кийин эки жуманын ичинде мурунку чакырылыштагы райондук кеңештин төрагасы же болбосо депутаттар тобунун демилгеси менен чакырылат. Райондук кеңештин биринчи сессиясын жаңы шайланган депутаттардын эң улуусу ачат;
6.2. Райондук кеңештин отуруму депутаттардын саны кеңештин жалпы санынын жарымынан кем эмес учурда укутуу болуп эсептелинет. Райондук кеңеш чечимди депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алат, мыйзамда башка нерсе каралбаган учурда;
6.3. Райондук кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине регламентти бекитүү, райондук кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңештин башка уюштуруу иштери боюнча суроолор коюлат.
6.4. Райондук кеңештин төрагасын шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтпөө жана башка процедуралык маселелер ушул Регламент менен аныкталат.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана ишинин ирээти райондук кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана депутаттар менен талкууланып бекитилет. Күн ичине аныкталган райондук кеңештин күн тартиби кезектеги маселелерди жана алардын каралышынын ирээтин камтыш керек.
7.2. Депутаттар тарабынан күн тартиби боюнча киргизилген сунуштар депутаттар тарабынан талкууланат жана кабыл алынат. Райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңештин аппараты тарабынан даярдалган күн тартибинин проектиси депутаттарга таркатылат.
7.3. Райондук кенештин иш планы бир жылга түзүлөт.Райондук кеңештин иш планынын проектиси райондук кеңештин аппараты тарабынан даярдалат.
7.4. Райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө депутаттардын, райондук кеңештин туруктуу комиссияларынын, мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин укугу бар.
Бекитилген иш планга түзөтүүлөрдү, ондоолорду киргизүү, же болбосо маселелерди алып салуу депутаттардын добуш берүүсү менен чечилет жана райондук кеңештин токтому менен бекитилет.
8.1. Райондук кеңештин сессиясында каралуучу маселелердин иш кагаздарынын топтому Регламент боюнча төмөнкүлөрдү камтышы зарыл:
маселени даярдаган жактын кол тамгасы коюлган доклад жасоочунун аты жөнү менен коштоочу кат. Эгерде иш-кагаз райондук кеңештин мурдагы кабыл алынган токтомунун аткарылышы жөнүндө болсо, анда атайы шилтеме коштоочу катта белгиленет райондук кеңештин токтомунун проектиси
Райондук кеңештин токтому материалдык же каражат ресурстарынын түшүшү же сарпталышы жөнүндө суроолорду камтыса, атайы эсеп-кысап (экономикалык негиздеме) берилет.
8.2. Токтомдун проектиси талкууланып жаткан учурда райондук кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, башка талкуулого чакырылгандардын сунуштары угулат. Райондук бюджеттин эсебинен сарпталуучу чыгашалар жөнүндө токтомдун проектиси талкууланып жаткан учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын бүтүмү угулат.
8.3. Токтомдун проектиси талкууланып бүткөндөнн кийин райондук кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1. Токтомду бүтүндөй кабыл алуу;
2. Кайра иштеп чыгууга жөнөтүү;
3. Күн тартибинен алып салуу.
8.4.Токтомдо анын аткаруу ирээти аныкталат, тактап айтканда:
1. Мөөнөтү аныкталат, токтомдун иш жүзүнө ашыруусунун жана пункттарынын аткарылышынын аракеттери каралат;
2. Мыйзам чегиндеги акттарды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү органдарга жана кызмат абалындагы адамдарга конкреттүү тапшырма берилет, нормативдик укуктук акттарды өркүндөөтүү жана кабыл алынган токтомго ылайыкташтыруу боюнча атайы мөөнөт белгиленет.
8.5. Райондук кеңеш кабыл алган токтомдордун ар биринде аны көзөмөлдөөчү кызматкердин ата-жөнү белгиленет.
Көзөмөлдөөнүн максаты иш-кагаздын мазмунунун аткарылышынын эффективдүүлүгүн аныктоо, аткаруунун тоскоолдуктарынын себептерин билүү, тоскоолдук жараткан кызматкерлерди (мекемелерди) ачуу жана аларды жоопкерчилике тартуу, керектүү учурда иш кагаздын мазмунунун аткарылышын сот аркылуу чечүү.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүүчү пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же болбосо райондук кеңештин түзүмүн бөлүгү жана аткарылышынын мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6. Көзөмөлдөө боюнча сарэсептин мөөнөтү токтомдун өзүндө же райондук кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат.
8.7. Райондук кеңештин аппараты сессиянын өткөрүлүшүнө чейин беш күн мурун депутаттарды, жергиликтүү топторду, массалык маалымат каражаттарын өткөрүү мөөнөтү, күнү, күн тартиби жана орду жөнүндө маалымдайт.
Сессияга чейин үч күндөн кеч эмес убакытта райондук кеңештин депутаттары токтомдун проектиси менен таанышат.
Райондук кеңештин сессиясын төрага алып барат. Төрага жок болгон учурда сессияны төраганын орун басары же болбосо алар төрагалыкты тапшырган депутат алып барат.
8.8. Сессиянын чакырылышы райондук кеңештин төрагасынын же болбосо туруктуу комиссиянын төрагасы,депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен өтөт.
8.9. Депутаттардын кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунушу кеңештин төрагасына каралуучу маселелер менен зарылчылыгын аныктоосун негиздөө аркылуу билдирилет.
8.10. Сессиянын материалдары жооптуу кызматикерлер менен райондук кеңештин иш планынын негизинде дайындалат. Пландан тышкары каралган суроолор алардын демилгечилери менен дапярдалат.
8.11 .Киргизилүүчү суроолор боюнча материалдар (токтомдордун проекттери, маалымат, билдирмелер, кайрылуулар ж.б.) демилгечилер тарабынан райондук кеңештин жоопту катчысына сессиянын мөөнөтүнө чейин 7 күндөн кеч эмес тапшырылышы керек.
8.12. Райондук кеңеш бир жылда бир жолдон кем эмес учурда райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин тийиштүү аймактагы ахыбалы жөнүндө маллыматын угат.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин маалыматынын тексти райондук кеңешке аны угуу мөөнөтүнүн 10 күндөн кеч эмес киргизилиши керек.
8.13. Өзүнүн милдетин аткарбагандыгы же ылайыксыз иш алып баргандыгы үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү менен кабыл алынат.
8.14.Райондук бюджет, анын аткарылышынын сарэсеби,райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын киргизген аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калкты социалдык жактан коргоо маселелери депутаттардын жалпы санынын жарымынан көп бөлүгү добуш бергенде гана кабыл алынат.
8.15. Келээрки каржы жылына райондук бюджеттин кабыл алуусунун процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9.1.Райондук кеңештин токтомдору талкуулодон кийин сессияда депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2.Туруктуу комиссиялардын курамынын жана мурунку кабыл алынган токтомдордун өзгөрүүсү депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
9.3.Күн тартибинин каралып жаткан суроолору боюнча райондук кењеш чечим кабыл алат жана ага райондук кењештин тµрагасы колмµµр‰н коёт.
9.4.Депутаттын оозеки же жазуу түрүндөгү маалыматы сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5.Токтомдун проектисинин ар бир пункту талкууланат жана андан кийин бүтүндөй менен кабыл алынат.
10.1.Уюштуруу иштерин жµнгµ салуу максатында райондук кеңештин сессиясы жумушчу органдарды секретариат, зарыл учурда эсеп жана башка комиссияларын түзөт. Жумушчу органдар депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
10.2.Сессиянын секретариаты райондук кењеш менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3.Сессиянын секретариаты райондук кењештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун жүргүзөт.
Райондук кеңештин протоколунда сессиянын күнү, убактысы, өткөрүлгөн жери, сессияга катышкан депутаттардын саны, сессиянын күн тартибинин маселелери, таркатылуучу материалдар, суроолор жана сунуштар, добуш берүүнүн жыйынтыгы чагылдырылат.
Протокол сессиянын төрагасынын колтамгасы менен бекитилет. Сессиянын протоколдорунун, токтомдорунун көчүрмөлөрү райондук кеңештин аппараты тарабынан жоопту катчынын макулдугу менен жүргүзүлөт.Көчүрмө жасалгандыгы жөнүндө маалымат атайы китепте катталат.
10.4.Райондук кеңештин депутаты өзүнүн сөзүнүн стенограммасы менен таанышып аны жарыялоо үчүн көчүрмө алууга укугу бар.
11.1. Депутаттардын укуктарынын иш жүзүнө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, ”Жергиликтүү өзүнүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана башка жергиликтүү кеңештердин жана алардын органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдары, ошондой эле райондук кеңештин Регламенти менен аныкталат.
12.1.Райондук кеңештин төрагасы, анын орун басары,райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнө тийиштүү суроолор боюнча коомдук угууларды уюштурууга укугу бар.
Коомдук угуулар эл аралык практиканын өзүн-өзү башкарууга жарандык катышуунун негизинде Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылып иштеп чыгарылган колдонмолор менен уюштурулушу мүмкүн.
13.1.Райондук кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциянын же болбосо көпчүлүк фракциянын коалициясынын депутаттарынын ичинен жашыруун көпчүлүк добуш берүү менен райондук кеңештин полномочиесинин мөөнөтүнө шайланат.
13.2.Талапкерлер бирдей добуш алса талапкерлигин алып салышат.
13.3.Көрсөтүлгөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салууга укугу бар.
13.4.Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.5. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары сессияда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
13.6. Милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы же аткарбай койгондугу үчүн райондук кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланган депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен ээлеген кызматынан убагына чейин бошотулушу мүмкүн.
14.1. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн райондук кењештин сессиясынын учурунда курамы 3-4 депутат болгон эсеп комиссиясы түзүлөт.
14.2.Эсеп комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет) бюллеттендерди, жашыруун добуш берүү үчүн кутучаларды жана кабиналарды даярдайт.
14.3.Добуш берүүнү камсыздоо үчүн эсеп комиссиясы сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактайт.
Эсеп комиссиясы жашыруун добуш берүү материалдарынын сактыгын камсыздайт жана аларды райондук кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4.Райондук кеңештин төрагасынын кызматына талапкерлердин аты-жөнү бюллетенге алфавит менен киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы добуш берүү үчүн бюллетенденди эсептегенден кийин аныкталат.
14.5.Бюллетенге паспорттун же башка өздүк күбөлүктүн негизинде талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты жазылат. Башка маалыматты бюллетенге киргизүүгө тыйуу салынат.
14.6. Ар бир талапкердин бюллетендеги “Ооба”, “Каршы”,”Бузулган бюллетень” боюнча эсеп комиссиясы жыйынтык чыгарат, протоколду бекитет жана сессияга алып чыгат.
14.7. Депутаттардын санынын көпчүлүк добушун алган талапкер райондук кеңештин төрагасы болуп тµрт жылга шайланат.
14.8. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлер ачык добуш менен шайланат. Эсепти жана жыйынтыкты эсеп комиссиясы жүргүзөт.
14.9. Депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер райондук кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
14. Акимдин кызмат ордуна дайындоо тартиби
1. Жогорку билими бар жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны аким боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, ал мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынбаган Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт.
2. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн талапкерлердин (3төн кем эмес) ичинен райондук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.
Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү сунуштаманы киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде талапкер боюнча чечим кабыл алат жана акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш киргизет.
3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча сунуш киргизбесе, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кенешке башка талапкерлерди (3 төн кем эмес) сунуш кылат.
4. Ушул беренеде белгиленген тартипте аким дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимдин милдетин аткаруучуну дайындоого укуктуу.
1. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) өз арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) райондогу социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, ошондой эле жаманатты кылган жосунду жасаган учурда-депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен райондук кеңештин сессиясынын макулдугу менен;
4) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
5) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
6) аны өлдү, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жерине чыгып кеткен учурда;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет өлкөлүк мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
9) ишке туруктуу жарамсыздыктын натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда;
10) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;
11) райондук кеңештин жањы чакырылышы шайланган учурда. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жаңы башчысы дайындалганга чейин аким өзүнүн милдеттерин аткара берет.
2. Акимге райондук кеңештин депутаттары тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же райондук кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу.
3. Эгерде райондук кеңештин депутаттары 3 айдын ичинде акимге ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.
4. Аким кызмат ордунан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы талапкер дайындалганга чейин акимдин милдетин аткаруучуну дайындай алат.
|
|