Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентября № 26-7/3
«Каракол шаарынын аймагында автоунааларды парковкалоо үчүн төлөмдү эсептөө, төлөө тартиби жөнүндөгү» Жобону бекитүү
Каракол шаары боюнча МСКБнүн башчысы М. Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо, жана унаа, турак-жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларынын корутундууларын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын аймагында автоунааларды парковкалоо үчүн төлөмдү эсептөө, төлөө тартиби жөнүндөгү» Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3 Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Алымбаев К.И.) жана Каракол шаарынын биринчи вице- мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А. Джумабекова |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин №26-7/3 токтому менен 28-сентябрь 2012жылы бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Жыйымдарды төлөөчүлөр
III.Жыйымдардын чени
IV. Жыйымдарды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
V. Төлөөчүлөрдүн жана мэриянын ыйгарым укуктуу органынын
милдеттери жана жоопкерчилиги
N 1 тиркеме. Дүмүрчөк
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралу" Мыйзамына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Каракол шаарынын аймагындагы авто транспортту токтотуу үчүн жыйымдардын тартибин аныктайт (мындан ары - жыйымдар).
1.3. Авто транспортту токтотуу үчүн атайын жабдылган орун же Каракол шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту токтотуу жыйымдын объектиси болот.
1.4. Жыйымдар Каракол шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан ишке ашат (мындан ары - мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери).
1.5. Бул Жободо авто транспортту токтотуу деп, ушул максатта атайын жабдылган орун же Каракол шаардык мэриясы тарабынан белгиленген жерде убактылуу авто транспорттун токтотулушу түшүндүрүлөт.
1.6. "Атайын жабдылган орун" - бул Каракол шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн, тиешелүү белгилер, жол сызыктары менен белгиленген, авто транспортту талапка ылайык кароого убактылуу тосмолору жана башка каражаттары бар авто транспортту токтотуучу аянт.
1.7. "Бөлүнүп берилген жер" - бул Каракол шаардык мэриясы тарабынан белгиленген, тиешелүү белгилер менен белгиленген авто транспортту токтотуучу аянт.
2.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Каракол шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспорттун коюлушун ишке ашырган юридикалык жана жеке жактар жыйымдын төлөөчүлөрү болуп эсептелет.
3.1. Бир авто транспорт коюлуучу орундун эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн 5 пайыз эсебинде жыйымдын чени белгиленген.
3.2. Жыйымдардын чени Каракол шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Каракол шаардык кеңешинин чечими менен аныкталат.
4.1. Авто транспортту коюу үчүн атайын жабдылган орун же Каракол шаардык мэриясы тарабынан ушул максатта белгиленген жерлерге авто транспортту койгон учурда, бекитилген формадагы дүмүрчөктү алуу менен жыйым төлөнөт (N 1 тиркеме).
4.2. Жыйымды төлөө жөнүндөгү дүмүрчөктүн формасы (мындан ары дүмүрчөк) Каракол шаардык мэриясынын сунушу менен Каракол шаардык кеңеште бекитилет.
4.3. Дүмүрчөктөр мыйзамда белгиленген тартипке ылайык мэриянын ыйгарым укуктуу органы катталган жер боюнча салык органында катталат. Дүмүрчөк отчет бере турган документ болуп эсептелет, дүмүрчөк белгиленген мыйзамдык тартипте сакталат.
4.4. Жыйымдын суммасы ай сайын, кийинки отчеттуулук айынын 20 числосунан кеч эмес, мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жергиликтүү бюджетке мыйзамда белгиленген тартипте катталган жери боюнча Каракол шаары боюнча салык кызматынын башкармалыгына эсеп-кысапты берүү менен которулат.
5.1. Төлөөчүлөр өз убагында жана толук өлчөмүндө жыйымды төлөп турушу керек. Келишимдин шарттары бузулганда алар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.2. Мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери жыйымды которуу жана кабыл алууну, төлөөнүн мөөнөтүн жана жыйымдын суммасын өткөрүү тартибин бекем сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды тапшырбагандыгы, бюджетке жыйымды которуунун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
5.3. Мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери эсептөөнүн жана алуунун тартибин, жыйымдарды төлөө мөөнөтүн жана суммаларын эсептөө тартибин толук сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды бербегендиги, жыйымдарды бюджетке которуу мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Мэриянын ыйгарым укуктуу кызматкери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5.4. Авто токтотмолордун ордун уюштуруу, аларды талапка ылайык кармоо жана дүмүрчөктөрдү даярдоо мэриянын ыйгарым кызматкерине органына жүктөлөт.
5.5. Жыйымдардын суммасын жергиликтүү бюджетке өз убагында жана толук өлчөмдө которулушун Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөрү тууралуу" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөлдөөнү салык кызматынын органдары жүргүзөт.
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин жооптуу катчысы |
Э.Майрыков |
_______________________________________________________________________
Каракол шаардык мэриясы Каракол шаардык мэриясы
ИНН 02408199910071 ИНН 02408199910071
Серия ВА ______________________ Серия ВА ______________________
(каттоо номуру/ (каттоо номуру/
регистрационный номер) регистрационный номер)
ДҮМҮРЧӨКТҮН БӨЛҮГҮ/
КОРЕШОК КВИТАНЦИИ ДҮМҮРЧӨК/КВИТАНЦИЯ
5 сом 5 сом
А/транспорттун м/номуру / А/транспорттун м/номуру /
Г/номер а/транспорта ______ Г/номер а/транспорта ______
Саат ____ саат ____ чейин Саат ____ саат ____ чейин
С ____ час. до ____ час С ____ час. до ____ час
Автотранспорттун сакталышы, Автотранспорттун сакталышына,
алардын ичиндеги баалуу алардын ичиндеги баалуу
буюмдар үчүн жоопкерчилик буюмдар үчүн ыйгарым укуктуу
ыйгарым жоопкерчилик албайт. жоопкерчилик албайт.
За сохранность автотранспорта, За сохранность автотранспорта,
находящихся в них вещей, и находящихся в них вещей и уполномоченный работник мэрии
ценностей уполномоченный ответственности не несет.
работник мэрии ответственность несет.
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин жооптуу катчысы |
Э.Майрыков |