Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 19.01.2016-эылдагы № 01-32/28 сандуу катында көрсөтүлгөн талаптар боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн айыл өкмөттөгү реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекетти кагенттигинин 19.01.2016-эылдагы № 01-32/28 сандуу катында көрсөтүлгөн талаптар боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн айыл өкмөттөгү реестрин бекитүү максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-январь 2015-жылдагы №6 токтомунда бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү боюнча көрсөтүлгөн долбоор жетекчиликке алынсын.(тиркеме тиркелет)
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө КБФнүн жерлерин ижарага берүү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык турак жай адиси Б.Машаевге жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |
Тиркеме
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципал-дык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз) |
1. Административдик кызмат көрсөтүүлөр | ||||
1 | Юридикалык жана жеке жактардын сунушу боюнча калктуу пункттагы географиялык объектилердин аталышы, аталышын өзгөртүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдары | Акысыз |
2. Муниципалдык менчик объектилерине укуктарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | ||||
2 | Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын эсебин алуу | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды жеке менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
4 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучуоргандары | Акысыз |
5 | Жарандарды жеке турак жай курулушу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекке коюу | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
6 | Жеке турак жай курулушу үчүн жер участогун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
7 | Жарандарга жанаша жайгашкан жер участогуна пайдалануу же менчик укугун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучуоргандары | Акысыз |
8 | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
9 | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин менчиктештирүү жолу менен менчикке берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |
10 | Юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча муниципалдык менчикте турган турак жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууга же ижарага берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучуоргандары | Акы төлөнүүчү |
11 | Көрүстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орун берүү | Этностор агенттиги | ЖӨБдүн аткаруучуоргандары | Акысыз |
3. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр | ||||
12 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган китепканалар-дын фонддорунда турган басылмаларды жана документтерди убактылуу колдонууга берүү | ММТМ | ЖӨБдүн аткаруучу органдары | Акысыз |