Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентябры № 26-7/9
«Каракол шаарындагы көчөлөрдү атоо, аттарын өзгөртүү, көчөлөргө, аянттарга ж.б. объекттерге жаңы аттарды ыйгаруу жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри И.И. Өмүркановдун билдирүүсүн угуп, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарындагы көчөлөрдү атоо, аттарын өзгөртүү, көчөлөргө, аянттарга ж.б.объекттерге жаңы аттарды ыйгаруу жөнүндө» Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т. Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З. Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А.Джумабекова |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин №26-7/9 токтому менен 28-сентябрь 2012-жылы бекитилген |
Берене 1. Бул Жободогу колдонулуучу негизги түшүнүктөр.
Берене 2. Бул Жобонун нормативдүү укуктук базасы.
Берене 3. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо жаатында жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу уюмдарынын иш билгиликтери.
Берене 4. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоодо шаардын бирдиктүү саясаты.
Берене 5. Каракол шаарынын аймактык бирдик – көчөлөрүнө, аянттарга жана локалдуу жана транспорттук объектилерге аталыштарды ыйгаруу.
Берене 6. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоодогу жалпы талаптар.
Берене 7. Каракол шаарынын аймактык бирдиктерин, жаңы конуштарын жана шаардын аймагындагы бөлүктөрүн атоо, кайра жаңыртып атоо жаатындагы жалпы талаптар.
Берене 8. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо жаатындагы негизги талаптар жана эрежелер.
Берене 9. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо жаатында аталыштар тууралуу сунуштарды киргизүү тартиби.
Берене 10. Демилгелүү жарандардын тобунун жол көрсөткүчтөрүн, белгилерди, маалымат такталарын, багыттоочу жазууларды жасалгалоодо жана орнотуудагы милдеттери.
Берене 11. Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо жаатындагы иштерди каржылоо тартиби.
Берене 12. Демилгелүү жарандардын топторунун жана жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу уюмунун милдеттери.
Берене 13. Чечимдерди кабыл алуунун тартиби.
Берене 14. Талаш – тартыштардын жана ажырым ойлордун чечилиши.
Берене 15. Бул Жобонун талаптарын бузуудагы жоопкерчилик.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделет жана Каракол шаарынын мэриясынын Уставында Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо жаатындагы нормативдик укуктук негиздерди камсыз кылуунун тартибин бекитет.
Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: - локалдуу транспорттук объектилер: көчөлөр, аянттар, сейил бактар, саябандар, көпүрөлөр, тар көчөлөр, жолкоштоочулары, өтмөктөр, булуң – буйткадагы көчөлөр; - шаар ичиндеги аймактар - стадиондор, сейил бактар, гүл бакчалар; - аймактык бирдиктерге, локалдуу траснпорттук объектилерди бөлүп көрсөтүү жана таанууда аталыштардын жана энчилүү аталыштардын ыйгарылышы. - аталыштарды белгилөө - бар аталыштарды табуу, аты жок объектилерге аталыштарды ыйгаруу жана бар аталыштарды өзгөртүү; - аталыштарды нормалдаштыруу – азыркы кыргыз тилинде топонимдерди колдонуу эрежелери жана салттары менен аймактык бирдиктердин, локалдуу транспорттук объектилердин аталыштарын аныктоо.
Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатындагы аталыштардын тартиби жөнүндөгү нормативдик укуктук база Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, Каракол шаарынын мэриясынын Уставынан, ушул Жободон, Каракол шаардык мэриясы менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорунан турат.
Каракол шаарынын жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу уюмдарынын иш билгиликтери муниципалдык билим берүү катары, аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана атоо жаатындагы аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге төмөнкүлөр кирет: - Каракол шаарындагы аянттардын,башка объектилердин, көчөлөрдүн жаңы, өзгөртүлгөн аталыштарын ыйгарууда аткаруучулук, буйрук жана текшерүучү аракеттерди табуу, өзгөртүү, нормалдаштыруу учетко алуу жана сактоо жолдору менен жүзөгө ашыруу; - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатында Каракол шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнүн координациясы; - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатындагы бирдиктүү талаптарды, нормаларды, эрежелерди аныктоо; - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатындагы каржылоо иштеринин тартибин аныктоо; - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо максатын калкка маалымдоо.
Бирдиктүү саясаттын жүзөгө ашырылышы үчүн аталган аймактагы бирдиктер, көчөлөр, аянттар, локалдуу транспорттук объектилерди табууда, белгилөөдө, ыйгарууда, өзгөртүүдө, нормалдаштырууда, колдонууда жана көзөмөлгө алып, сактоодо Каракол шаардык мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бирдиктүү токтомдору менен атайын ыйгарым уюмду - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоодо келип чыккан суроолорду иликтөө комиссиясын бекитет, ал комиссиянын курамы төмөнкүдөй болот:
Депутаттык ишмердүүлүк, депутаттык этика, коом жана ММК менен байланыштар, мыйзамдардын сакталышы боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы – комиссиянын төрагасы;
Турак жай жана коммуналдык чарба секторунун башчысы – комиссиянын төрагасынын орун басары;
Депутаттык ишмердүүлүк, депутаттык этика, коом жана ММК менен байланыштар, мыйзамдардын сакталышы боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясынын бардык мүчөлөрү.
Каракол шаарынын мэриясынын турак жай жана коммуналдык чарба секторунун бардык кызматкерлери.
Каракол шаарынын көчөлөрүнө, аянттарга жана локалдуу транспорттук объектилерге аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы аталыштарды ыйгаруу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын чечими менен белгиленген комиссиянын көрсөтмөсү аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоодогу жалпы талаптар сөз жасоо, туура сүйлөө жана стилистикалык нормаларга жооп бериши керек. Алар уккулуктуу, айтууга ыңгайлуу болушу зарыл.
Каракол шаарынын жаңы конуштарынын жана башка аймактык бөлүктөрүнүн аталыштары көпчүлүк убакытта тарыхый, географиялык, объекттин шааркуруу артыкчылыктарына жараша дал келиши керек.
Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатындагы негизги талаптарга жана эрежелерге төмөнкүлөр кирет: - көчөлөрдүн, аянттардын же башка сызыктуу жана локалдуу транспорттук объектилердин аталышы аталып жаткан объектин көлөмүнө карабай райондун, шаардын же Кыргыз Республикасынын тарыхый - маданий өнүгүшү тууралуу маалыматты камтып, аталган аймакта жашаган жарандардын, турак жай ээлеринин 51 пайыздан кем эмес добуштарын эске алып, жыйналыштарды өткөрүү жолу менен токтомдорду түзүү, чечимдерди кабыл алуунун натыйжасында жергиликтүү аймактык өзүн - өзүн башкаруу органдын башчысынын ырастоосу менен өтөт. - аянттарга, көчөлөргө Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандардын жана белгилүү шаар тургундарынын атын, атасынын атын ыйгарууда белгиленген жак көзү өткөндөн кийин кана ыйгарууга болот.
Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатында аталыштар тууралуу сунуштар шаардын демилгелүү жарандарынын топтору тарабынан Каракол шаардык мэриясына сунушталат. Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатында аталыштар тууралуу сунуштар каралгандан кийин комиссиянын кароосуна жиберилет. Сунуштардын мазмуну төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- объекттин түрүн көрсөтүү, көчөнүн, аянттын, курулуштун жайгашкан орду, объекттин азыркы аталышы ( эгерде аты бар болсо); - сунушталган аталыш жана анын негизи ; - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерге жаңы аталыштарды сунуштаган демилгелүү топтун аталышы; - объект жайгашкан карта – схема; - аталыштар, өзгөртүлгөн аталыштар, жаңы аталыштарга чыгымдалган финансылык каражаттын эсеби. жарандардын демилгелүү топторунан чыккан көрсөтмөлөрүндө жарандардын фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номерлери жана почта даректери көрсөтүлөт. - аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөрдү, аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоо жаатындагы сунуштарда жеке аттардын негизинде келип чыккан туунду сөз жана сөз айкаштары болот, ал жактардын кыскача өмүр таржымалынан маалыматтар берилет жана демилгелүү топтордун көрсөтмөсү тиркелет.
- көчөлөрдү, аянттарды, локалдуу транспорттук объектилерди атоодо жана кайрадан атоодогу сунуштар кызыккан тараптардын катышуусу менен 3 айлык мөөнөттөн көп эмес убакытта каралып, талкууланат.
Макулдашылып киргизилген сунуштар менен комиссия аянттарга, көчөлөргө жана башка локалдуу транспорттук объектилерге ылайык, зарыл болгон аталыштарды ыйгаруудагы керек болгон документтерди даярдайт, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында кароого жиберилет.
Демилгелүү топтордун баш тарткан учурларында жүйөлүү чечимдер жиберилет.
Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгаруу жаатындагы сунуштарды киргизген демилгелүү жарандардын топтору абат (благоустройство) маселелерин да чечишет. (арыктарды тазалаганга шарт түзүшөт, таштандылар жыйналат, үй жана көчө белгилери, экертүүчү маалымат такталары, багыттооочу жазуулар белгиленген стандартта жана нормада орнотулат).
Сунуштарды киргизген демилгелүү жарандардын топтору:
1. Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгарууда кеткен финансылык бардык чыгымдарды 10 беренеде көрсөтүлгөндөй, түзүлгөн смета боюнча өздөрү каржылашат.
2. Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгарууда кеткен финансылык бардык чыгымдарды ушул Жобонун 10, 11 беренелеринде көрсөтүлгөндөй өз моюндарына алышат жана Каракол шаардык мэриясынын алдындагы өнүктүрүү жана көрктөндүрүү Фондунун эсебине 100 000 (жүз миң) сом киреше киргизүүгө милдеттүү болушат.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгарууда Кыргыз Республикасынын белгилүү, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Премьер министринин мекен алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги эске алынган жарандардын ысымдарын, атасынын атын ыйгаруудагы сунуштар каржыланат.
Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгаруу жаатындагы сунуштарды киргизген демилгелүү жарандардын топтору аталган объектилерди таза жана тартип менен каралышына толук жоопкерчиликти алуулары керек. Каракол шаардык мэриясы шаар тургундарын массалык маалымат каражаттары аркылуу (басма сөз, үн алгы, сын алгы), шаардын картасын түзүү жолу, маалымдама адабияттар, багыттоочу көрсөткүчтөрдү орнотуу менен аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгаруу жаатындагы кабыл алынган чечимдерди өз убагында маалымдап турушу зарыл.
Аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө, аянттарга, локалдуу транспорттук объектилерге ыйгаруу жаатындагы чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын чечими менен, ушул Жободогу 8, 9, 10, 11 – беренелериндеги шарттар аткарылгандан кийин кабыл алынат.
Бул Жобону колдонууда келип чыккан талаш – тартыштар жана ажырым ойлорду чечүүгө болот: - макулдашылган процедуралардын ичиндеги тараптар; - Каракол шаардык мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин компетенциясынын чегинде; - Белгиленген мыйзамдын чегинде соттор тарабынан ар кандай кырдаалдар боюнча тартипке тартуу аркылуу;
Бул Жобонун талаптарын бузган кызмат адамдары жана жарандар белгиленген мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Каракол шаарынын мэри | И.Өмүрканов |