Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 1/3
Жаны-Арык айыл аймагында жеке менчик ветеринардык сервистер үчүн акы тѳлѳнүп кызмат кѳрсѳтүү боюнча бааларынын прейскурантын бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси Ш.Жунушалиевдин кайрылуусун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси Ш.Жунушалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Жаны-Арык айыл аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистер үчүн акы тѳлѳнүп кызмат кѳрсѳтүү боюнча бааларынын прейскуранты бекитилсин (тиркеме тиркелет);
3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |
Бекитемин:
22-февраль 2016-жыл
Жумгал районунун, Жаны-Арык айылдык Кенешинин 22-февраль 2016-жылдагы I-кезектеги сесссиясында бекитилген жеке менчик ветеринардык сервистер үчүн акы тѳлѳнүп кызмат кѳрсѳтүу боюнча бааларынын прейскуранты
№ | Иш-чаралар | Ѳлчѳѳ бирдиги | Баасы |
Клининкалык кароо | |||
1 | Уй, жылкы | башына | 20 |
2 | Кой, эчки | башына | 10 |
3 | Ит, мышык | башына | 10 |
4 | Үй канаттуулары | башына | 10 |
Эмдѳѳ (вакцинация) | |||
1 | ИМБМ (ийри мүйүздүү бодо мал) шарп ылаңына каршы | башына | 25 |
2 | Торпок жана кунаажындарга карасанга каршы | башына | 25 |
3 | Сибирь кулгунасына каршы | башына | 25 |
4 | Иттерди жана мышыктарды кутурма оорусуна каршы | башына | 12-20 |
5 | Иттерди жана мышыктарды кыргын оорусуна каршы | башына | 12-20 |
6 | Койлорду күл (оспа), кыргын (чума), пастереллез ылаңдарына каршы | башына | 12 |
Гельминтсиздендирүү (Дегельмитизация) | |||
1 | Уй, жылкы, майда жандыктарга инвазиялык ооруларга каршы | башына | 10-30 |
2 | Уйларды гипдерматозго каршы дарылоо (тери астындагы охра курт) | башына | 25-50 |
3 | Иттерди гелминтсиздендирүү | башына | 16-20 |
Хирургия жана акушерство | |||
1 | Уй, жылкы жана майда жандыктар үчүн | башына |
|
Диагностика | |||
1 | Уй, жылкы, кой-эчки, иттерден серологиялык текшерүүгѳ материал алуу | башына | 20-100 |
2 | Ооруган, ооруга шектүү ѳлгѳн малдан алынган Патматериалга | башына | 50-100 |
3 | Капрологиялык изилдѳѳгѳ материал алуу | башына | 10-80 |
4 | Туберкуллезго аллергиялык жол менен изилдѳѳ | башына | 50 |
5 | Жылкыларды САПка карата маллеиндѳѳ | башына | 30 |