Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2016-жылдын 30-январы № 91
Зергер айылдык Кеңешинин 2016- жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Зергер айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Зергер айылдык кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында каралып, талкууланып, Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 21- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зерегр айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |
| Зергер айылдык кеңешинин 2016 – жылдын «30» январындагы № 91 токтому менен бекитилген |
Зергер айылдык кеңешинин 2016 – жыл үчүн иш планы:
2016 – жылы Зергер айылдык кеңешинин сессиясында каралчуу негизги маселелер:
Айылдык кеңештин 2016 – жыл үчүн иш планын бекитүү (2016-жыл, январь айы. Кеңештин төрагасы).
Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аркарылышы, муниципалдык менчиктин пайдаланышы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү 2015 – жыл үчүн жылдык отчету жана 2016 – жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү (2016-жыл, февраль айы. Айыл өкмөт башчысы).
Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү (2016-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
Бюджеттин 2016-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2016-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
Зергер айыл аймагы боюнча 2016-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2016-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия”).
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2016-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).
Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2016-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары).
Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2016-жыл, 3-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).
Жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2016-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2016-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы).
Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш чаранын мазмууну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптулар | Эскертүү |
1 | Туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар. |
|
2 | Зергер айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, жоопту катчысы, регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия |
|
3 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, таштанды чыгаруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
5 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, депутаттар |
|
6 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
| ||||
7 | Өзгөн райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына катышуу | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
| ||||
8 | Райондук, облустук жана айыл аймактык деңгээлдеги жыйындарга (коллегияларга, координациялык кеңештерге, элдик жыйындарга ж.б.) катышуу (зарылдыкка карай) | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
9 | Бешинчи чакырылыштагы Зергер айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2016-ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|