Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/5
Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планы бекитилсин.
2. Иш планга ылайык иш алып баруу жагы тийиштүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2016-жылга карата түзүлгөн
Иш планы
I квартал
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү.
2. Айыл чарба тармагы, жазга карата даярдык көрүү жөнүндө (көчүү-конуу, корук, сугат, көрктөндүрүү-жашылдандыруу маселелри). Айыл чарба, экология, жаратылышты коргоо, жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
II квартал
1. Айылдык Кеңештен чыккан токтом, чечимдеринин аткарылышын кароо. Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Жайыт комитетинин аткарган иштерин кароо, бюджетин кайра кароо. Айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына жана Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн кароо. Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Жарандардан түшкөн кайрылууларды кароо. Тиешелүү комиссияларга милдеттендирилсин
III квартал
1. Айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын жарым жылдыгына карата аткарган иштери боюнча отчетун угуу. Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү, жаңы окуу жылына карата даярдыгы, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгүн кароо. Билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Жарандардан түшкөн кайрылууларды кароо. Тиешелүү комиссияларга милдеттендирилсин.