Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 19/4
Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,
2016-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
«Ак-Суу жайыт комитетинин 2015-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2016-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө» туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2015-жылдагы аткарган иштери «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетинин кирешелери 621000 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүктөрү 621000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ак-Суу жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдаланууну бир жылдык планы бекитилсин.
4. Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетиде көрсөтүлгөн 3 штаттык бирдик жана эмгек акыларынын өлчөмдөрү бекитилсин.
5. Ак-Суу жайыт комитетинде кызматтык машина жок болгондуктан жеке менчик автоунаага күйүүчү май жана тетиктер менен жайыт комитетинин бюджетинен камсыздалып пайдалануу жагы бекитилсин.
6. Мал жандыктардын жугуштуу ыланын алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы жана сырттан келген мал жандыктарды алыскы жана жакынкы жайыттарга көчүп өтүү мезгилинде вет кызматкерлери, жайыт комитетинин кызматкерлери менен көзөмөлдөө үчүн Көк-Кыя участогуна пост уюштурулсун.
7. Көк-Кыя участогуна пост куруу үчүн жана мал жандык токтоочу аянт үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.
8. Бөлүнгөн жер участогун көрсөтүп берүу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго суралсын.
9. Посту куруу жана уюштуруу иштери Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековго жана айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси К. Смаиловго жүктөлсүн.
10. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
11. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
12. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |
| Бекитилди: Ак-Суу айылдык кенешинин 22.02.2016-жыл. №19/4 токтомуна тиркеме №1 |
№ | Кирешелердин |
|
| Сумма |
|
| статьялары |
|
| сом | тыйын |
1 | 2016-жылга жайыт төлөмү |
|
| 350,000 | 00 |
2 | 2016-жылга сырттан келип жайыт пайдалануучулардан |
|
| 80,000 | 00 |
3 | 2015-жылдан калган жайыт төлөмү |
|
| 191,000 | 00 |
| Бардыгы | - | - | 621,000 | 00 |
| Чыгашалардын статьялары | Саны | Баасы |
|
|
1 | Төраганын эмгек акысы | 12 | 6000 | 72,000 | 00 |
2 | Бухгалтердин эмгек акысы | 12 | 5000 | 60,000 | 00 |
3 | Жайыт төлөмүн жыйноочу | 12 | 5000 | 60,000 | 00 |
4 | Камсыздандыруу үчүн төлөм 17,25 | 12 | 2760 | 33,120 | 00 |
| Бардыгы | 12 | 18.760 | 225,120 | 00 |
1 | Жайыттын инфраструктурасына |
|
| 166,880 | 00 |
2 | Долбоорду өткөрүү үчүн жайыт бюджетинен 5% акча каражаты |
|
| 70,000 | 00 |
3 | Жайыт картасын инвентаризациялоого |
|
| 20,000 | 00 |
| Бардыгы |
|
| 256,880 | 00 |
1 | Сапар чыгым жана коцтоварга |
|
| 36,000 | 00 |
2 | Транспорт чыгымына |
|
| 17,000 | 00 |
| Бардыгы |
|
| 53,000 | 00 |
1 | Демөөрчүлүк кылууга |
|
| 16,000 | 00 |
2 | 2016-жылга газетага |
|
| 2000 | 00 |
| Жайыт комитетинин жалпы чыгымы |
|
| 553,000 | 00 |
1 | Жайыт салыгы |
|
| 68,000 | 00 |