Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/1
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
2016-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин 2016-жылдын иш-планын карап талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңеши ( VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылга койгон иш-планы толуктоолорду киргизүү менен бекитилсин. (Иш-план тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2016-ЖЫЛГА КОЙГОН
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткаруу мөөнөтү | Каралуучу маселенин аталышы | Туруктуу комиссиялар
|
1
|
| 1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылга иш- планын бекитүү.
| Шаардык кеңештин депутаттары |
2016-жыл февраль- март яйы
| 2.Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015ж. шаардын жалпы абалы жана бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, шаардык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоопрограммаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуу. 3.2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана республикалык бюджеттен жергиликтуу бюджетке берилуучу каражаттардын аткарылышы боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашевдин маалыматын угуу, 2016-жылдын бюджеттин бекитүү жана 2017-2018 жж. бюджетинин божомолун (прогноз) кабыл алуу. 4.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү.
| Шаардык кеңеш
Тийиштуу туруктуу комиссиялар
| |
2
| 2016-жыл март- апрель айы
| 1.Шаардагы канализация жана тазалоочу курулмалардын түтүмүнүн иши жана пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жана шаардын көчөлөрүн тазалоо, жазга болгон даярдыгы боюнча жетекчисинин иш-пландары менен таанышу. 2.Калкты ичичүү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылга К.Киезбаевдин иш пландары менен таанышуу. 3.Шаардык ветеринардык кызмат бөлүмүнүн иш пландары менен таанышу. 4.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жою боюнча жетекчисинин иш пландары менен таанышу. | Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык менчик ж-а айыл чарба маселелер боюнча комиссия. |
3
| 2016- жыл апрел- май айы | 1.Шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери,билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты боюнча башчысы С.Сейдакматованын маалыматын угуу. 2.Шаардык №71 кесиптик лицейдин билим берүү боюнча окуу процесстери жана сапаты боюнча директору Т.Айтиевдин маалыматын угуу. | Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | 2016- жыл май- июнь айы | 1.Маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кунанбаевдин (жергиликтүү маанидеги кипеткананын ишин уюштуруу, «Искусство» мектеби жана маданият уйу боюнча ) иш планы менен таанышу.
2.Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Ж.Айтмамбетованын иш планы менен таанышу.
3.Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» эс алуу борбрунун жетекчиси «арендатор» Г.Жолоеванын иш планы менен таанышу жана эс алуу борборунун 2016-жылга даярдыгы боюнча маалыматын угуу. | Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият ж-а спорт маселелер боюнча туруктуу комиссия Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссия Экономика-өндүрүш ж-а инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик ж-а айыл чарба маселелер боюнча туруктуу ком-я |
5 | 2016-жыл июнь- июль айы | 1.Шаардагы жалпы дарыгерлер борбору аткарган иштери боюнча жетекчиси Р.Насырованын иш планы менен таанышу. 2.Муниципалдык менчикте турган жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча комиссиянын жетекчисинин маалыматын угуу. | Социалдык коргоо ж-а саламаттык сактоо м-р боюнча туруктуу ком-я |
6 | 2016-жыл июль-август айы
| 1.Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2016 жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган жумушу боюнча шаардын мэрии Ж.Юсуповдун маалыматын угуу жана шаардык мекеме ишканалардын 2016- жылдын 6-айда аткарган иштер боюнча жалпы жетекчилеринин маалыматтарын угуу. 2.Шаардын каржы бөлүмүнүн 2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө жетекчисин маалыматын угуу. | Шаардык кеңеш
Тийиштуу туруктуу комиссиялар
|
7 | 2016-жыл август айы | 1.Мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын иш планы менен танышуу. 2.Шаардык № 71 техникалык кесиптик лицейдин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жана билим берүүгө түзүлгөн шарттары туралуу жетекчисинин иш планы менен таанышу. | Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият ж-а спорт маселелер боюнча комиссия.
|
8 | 2016-жыл сентябрь-октябрь айы | 1.Кышка даярдык боюнча шаардагы бюджеттик ишканалардын жана УЭСтин жетекчилеринин иш пландары менен таанышу. 2.Шаардык мэриянын салык бөлүмчөсүнүн салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча 9 айда аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу.
| Экономика-өндүрүш ж-а инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба , муниципалдык менчик жана айыл чарба масселелер боюнча комиссия. |
9 |
2016-жыл октябрь айы |
1. № 1 жана 2 өспүрүм балдар спорт мектеби жана дене тарбия тармагында жана массалык спорту өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин иш планы менен таанышу. |
Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия. |
10 | 2016-жыл ноябрь айы | 1.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүү.
| Депутаттар |
11 | 2016-жыл декабрь айы | 1.Иш-планы боюнча жасалган иштерди жыйынтыктоо.
| Депутаттар |