Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июлу № III/III
Ой-Терскен орто мектебинин “Көзөмөлчүлүк кенешин түзүү жөнүндө”
“Көзөмөлчүлүк кенеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык айкын пайдаланышын камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктарын карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктары Ача-Кайынды айыл аймагындагы Ой-Терскен орто мектебинде аткарууга алынсын.
2. 2016-жылдын1-июлдан тартып 31-декабрына чейин Ой-Терскен орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
3. Ача-Кайыңды айыл аймагындагы Ой-Терскен орто мектебине бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
4. Ача-Кайыңды айыл аймагындагы мектепке чейинки жана Ой-Терскен орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “ Көзөмөлчүлүк Кеңешинин курамы” 9 (тогуз) адамдан түзүлсүн.
1. Өмүрзакова Дамира - айыл өкмөттүн соц.адиси.
2. Айбашов.Алтынбек -айылдык кенештин депутаты.
3. Асаналиев Мусабек -айылдык кенештин депутаты.
4. Абыталыпова Гүлбара -айылдын тургуну.
5. Чортекова Замира -айылдын тургуну.
6. Иманалиева Акылай -айылдын тургуну.
7. Бейшеева Айнура -айылдын тургуну.
8. Султаналиева Ырыс -айылдын тургуну.
9. Маметов Карагул -мугалим.
5. Түзүлгөн Камкордук кеңешинин курамы массалык маалымат булактарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатиевге жана Ой-Терскен орто мектебинин директору Э.Осмоновго тапшырылсын.
айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Г.Асанова |