Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 5
Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңеши тарабынан негизделген Нарын шаарынын жогорку сыйлыктарынын бири болгон Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Жобосун талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңеши тарабынан негизделген Нарын шаарынын жогорку сыйлыктарынын бири болгон Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Жобосу бекитилсин.(Жобо тиркелет)
2. Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгарууда Жободо каралган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нарын шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Турсуналиев |
Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисин ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүнүктөр
1.1. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгиси Нарын шаардык Кеңеши тарабынан негизделген жана Нарын шаарынын жогорку сыйлыктарынын бири болуп эсептелет.
1.2. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисине талапкерди Нарын шаардык мэриясы, шаардык Кеңеши, депутаттык топтор, мекеме ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук жана саясий уюмдар сунуштайт.
1.3. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы » төш белгисине сунушталган талапкерлердин документтери шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны наамдарды ыйгаруу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтүлөт.
1.4. Шаардык Кеңештин наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүп, Жободогу талаптарга жооп берген талапкерлерди шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт.
1.5. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» наамын ыйгаруу шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын 3/2 добушуна ээ болгондон кийин Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгиси берилет.
I I «Эл сыймыгы » төш белгисин ыйгаруудагы негизги талаптар
2.1. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы » төш белгиси ыйгарылат, эгерде талапкер:
2.2 Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисине көрсөтүлгөн талапкерлер төмөнкү документтерди даярдайт:
III. «Эл сыймыгы» төш белгисин ыйгаруу
3.1. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы » төш белгисин ыйгаруу маселеси жылына бир жолу жылдын жыйынтыгы менен Нарын шаардык Кеңешининин сессиясында каралат.
3.2. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы » төш белгисине талапкерлер шаардык Кенештин сессиясында шаардык Кеңештин депутаттарынын 3\2 добушуна ээ болгондон кийин ачык добуш берүүсү менен ыйгарылат.
3.3. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисине татыктуу инсанга атайын жазалган Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» күбөлүгү, төш белгиси, сертификаты жана акчалай сыйлык тапшырылат.
III. «Эл сыймыгы» төш белгисин ыйгаруу
3.4. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгиси, күбөлүгү жана сертификаты шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
3.5. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисин алган инсанга төш белгиси шаардык Кеңештин сессиясында, атайын салтанаттуу жыйындарда тапшырылат.
IV. «Эл сыймыгы» төш белгисин каржылоо
4.1. Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын жана Нарын шаарынын мэринин резервдик фондусунан жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынан жүргүзүлөт.
V. «Эл сыймыгы» төш белгисине ээ болгон инсандардын ыйгарым укуктары
5.1. Нарын шаарынын «Эл сыймыгы » төш белгисине ээ болгон инсандар төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: