Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 12-февралы № 1/3

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинде түзүлгөн туруктуу комиссиялардын 2016-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө

Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинде түзүлгөн туруктуу комиссиялардын 2016-жылга карата иш пландары бекитилсин (тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Ак-Моюн айылдык

Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова

 

Ак-Моюн айыл аймагынын финансы-экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткарылуучу иштин мазмуну

Аткарылуучу мөөнөтү

Ким жооптуу

1

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 1-кварталын бекитүү.

2016-жылдын

1-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

 

2

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын отчетун, документациясын кароо, таанышуу.

2016-жылдын

1-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

 

3

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин жалпы элдик угууга даярдоо, талкуулоо

2016-жылдын

1-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

 

4

Ак-Моюн айылындагы коомдук бирикмелердин (жайыт комитети, таза суу) финансылык документациясын кароо.

2016-жылдын

2-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

5

Ак-Моюн айыл аймагына сырттан келген инвестиция менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылыштарын кароо.

2016-жылдын

2-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

6

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине толуктоо, өзгөртүү киргизүү

2016-жылдын

3-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

 

7

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга болжолдуу бюджетин кароо, талкуулоо

2016-жылдын

4-кварталы

У.Ыбышов,

Ж.Кайыпов,

Н.Шайкидинов.

 

 

  Ак-Моюн айыл аймагынын 

финансы-экономика жана бюджет

 маселелери боюнча  туруктуу

 комиссиясынын төрагасы:                                     У.Ыбышов

 

     Мүчөлөрү:                                                              Н.Шайкидинов

 

                                                                                      Ж.Кайыпов

 

Ак-Моюн айылдык кеӊешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткарыла турган иштердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Форматы

Ким жооптуу

1

Жайыт комитетинин бюджетин талкуулоо

Февраль, март.

Туруктуу комиссия

Ж.Мамбетисаева, Ж.Осмонбеков

2

Жайыт комитетинин бюджетин жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушуна алып чыгуу, бекиттирүү

Апрель

Сессия

Т.

3

Жазгы айдап себүүнү уюштуруу боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери тууралуу

Апрель

Туруктуу комиссия

Ж.Мамбетисаева, Т.Кадыркулов

4

Муниципалдык «Кызыл-Дыйкан» кооперативинин ишмердүүлүгү тууралуу

Май

Туруктуу комиссия

Ж.Мамбетисаева

5

«Ак-Моюн үрөнү» коомдук фондусунун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу

Май

 

Б.Айдыралиева

6

АРИС, ПРООН ж.б. донордук уюмдардан келген гранттык акча каражаттарынын пайдаланылышы, чакан долбоорлордун аткарылышы тууралуу

Апрель

Сессия

Ж.Мамбетисаева, Б.Айдыралиева,

Т.Түмөнбаев,

Т.Кадыркулов,

 

7

КБФжерлерин арендага берүү боюнча аукциондорду уюштуруу

Апрель

Туруктуу комиссия

Жер комиссиясы, Т.Кадыркулов

8

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүү боюнча айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү тууралуу

Июнь

Туруктуу комиссия

Т.Кадыркулов,

Б.Айдыралиева

9

Күзгү оруп-жыйноо өнөктүгүнө карата айыл өкмөтүнүн даярдыгы

Август

Сессия

Т.Түмөнбаев, Т.Кадыркулов

10

Айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу боюнча иш жүргүзүп жаткан компаниялардын рекультивациялоо боюнча аткарган жумуштары тууралуу

Август

Депутаттык комиссия

 

11

Жайыт акылардын чогултулушу, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жайыт комитетинин отчету

Октябрь

Сессия

Т.Түмөнбаев, Т.Кадыркулов

 

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү:                         Т.Ө.Түмөнбаев

 

                                                                                        Б.А.Айдыралиева

 

                                                                                        Ж.М.Мамбетисаева

 

Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын  2016-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткарыла турган иштердин мазмуну

Ким аткарат

Аткаруу мөөнөтү

Ким жооптуу, аткарылышын көзөмөлдөйт

1

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФАПтар, бала-бакчалар, таза суу ишканалары жана китепканаларынын иштерине көзөмөлдүк кылуу.

Соц.кызматкер

1-квартал

Асаналиев К

Көбөнова Ж.

Абдырахманов Б

2

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоо шарты начар, жардамга муктаж үй бүлөлөрдү аныктоо жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн пособия менен камсыз болуусун көзөмөлдөө.

Соц.кызматкер

1-квартал

Асаналиев К.

Абдырахманов Б

3

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, айлана чөйрөнү тазалыкка келтирүү. Ар бир мекеме ишкана, жеке үйлөр

Мектеп директору, бала бакча, ФАП, дүкөнчү

2-квартал

Асаналиев К

Көбөнова Ж.

Абдырахманов Б

4

Айыл ичиндеги огороддорду сугат суу менен камсыз кылуу

Жетектөөчү адис

2-квартал

Асаналиев К.

Абдырахманов Б

5

Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын ГЕН планын тактап чыгуу жана менчик кесилип берилген жерлерди (участокторду) тактап чыгуу

Турак-жай адис

2-квартал

Асаналиев К

Көбөнова Ж.

Абдырахманов Б

6

Айыл өкмөтүнүн соц.кызматкеринин жана мекеме жетекчилеринин отчетун угуу

Соц.кызматкер

3-квартал

Асаналиев К

Көбөнова Ж.

Абдырахманов Б

7

Жыл жыйынтыгы соц.кызматкери жана мекеме жетекчилеринин иштеген иштери боюнча жыл жыйынтыгын, отчетун угуу сессияга каралсын