Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 24-марты № 1
“Достук айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө”
ЖӨБ жөнүндөгү КР мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункттуна жана 47-беренесинин 1-пунктуна ылайык Достук айылдык кеңешинин XXV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (иш пландар тиркелет)
2. Достук айылдык кеңешинин Бюджет жана Экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылгы иш планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылгы иш планы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Достук айылдык кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылгы иш планы № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Иш пландардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Б.Абдураимовага милдеттендирилсин
Достук айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Узбеков |
Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясынын № 1-токтомуна 1-тиркеме
Достук айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча
туруктуу комиссиясынын 2016-жылга түзгөн иш планы
к / н |
Аткарылуучу иштер. | Мөөнөтү
| Жоопкер. | Кошумча маалымат |
1 | 2015-жылы КБФ жерлерин жарандарга мыйзамдын негизинде берүү жана аныктоо.
| январь февраль март. | Туруктуу комиссия мүчөлөрү. |
|
2 | Суу каналдарын тазалоо, казуу боюнча жүрүп жаткан иштерге жардам көрсөтүү жана көзөмөлдөө. | февраль март. | Туруктуу Комиссия, СПАнын мүчөлөрү. |
|
3 | Айыл өкмөтүнүн жер адисинин иш пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | март апрель. | Туруктуу комиссия жер адис |
|
4 | Айыл аймагыбыздын алкагындагы бактарды тактоо жана абалы жөнүндө маалыматты топтоо. | апрель май июнь. | Туруктуу комиссия. Тагаев, Борбиев |
|
5 | Ижарага жер берүү боюнча комиссиянын токтомдорунун үстүндө иштөө. | март- июнь. | Туруктуу комиссия. Холдаров З |
|
6 | Комиссияга келген арыздар жана А/К тин комиссияга милдеттендирген токтомдорун кароо. | 14-күндөн 1- айга чейин | Туруктуу комиссия, айыл башчылар, Жээнбаев А |
|
7 | Ижара акыларын өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө | март-50% ноябрь 50% | Туруктуу комиссия, ФЭБ. Орозалиев Т. |
|
Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясынын № 1-токтомуна 2-тиркеме
Достук айылдык кенешинин Бюджет жана Экономика боюнча
туруктуу комиссиясынын 2016-жылга түзүлгөн иш планы
| К/№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жоопкер | Кошумча маалы мат |
1 | 2015-жылкы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат алуу. 1. киреше бөлүгү 2. чыгаша бөлүгү |
январь
| Комиссия мүчөлөрү
|
| |
2 | Килем-Ата жайыт комитетинин жана Ак-Жол-Суу СПАнын 2015-ж бюджетинин долбоору менен таанышуу, кеңеш берүү. | Ι- квартал | Масиркулов Ш Карапашов Т |
| |
3 | Балдар-бакчасындагы тамак-ашка жыйналуучу ата-энелердин кошумча акчасы көрсөтүлгөн токтомду кенештин сессиясына бекитүүгө коюу. |
январь
| Туруктуу Комиссия. Директорлор.
|
| |
4 | 2015-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору менен танышуу, коомчулуктун кызыкчылыгы менен толуктоо.
| январь
| Туруктуу Комиссия. ФЭБ |
| |
5 | Ижара акылардын келишимдерге жараша төлөнүшүн көзөмөлдөө жана сууга болгон төлөмдөрдү көзөмөлдөө | март - май | Комиссия мүчөлөрү Сарыбаев К |
| |
6 | Айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен карыжыланып ремонтолуучу обьектилердин ремонтору жан жаңы сатып алынуучу инвентарлар менен таанышып чыгуу. | өз убагында
| Комиссия мүчөлөрү, жетекчилер, Абдуллаев Ж. |
| |
7 | 6 айлык, 9 айлык бюджетин аткарылышы боюнча маалыматтарды тактоо. | октябрь | Масиркулов. Карапашов. Абдуллаев. |
| |
8 | Жарандардан бюджетке тийиштүү маселелер боюнча арыздарын кароо.
| 14 күн ичинде | Комиссиянын төрагасы |
| |
9 | Бюджетке тийешелүү болгон кенештин токтомдорун аткарылышын анализдөө. | март июнь октябрь | Туруктуу комиссия ФЭБ |
| |
10 | Килем-Ата жайыт комитетинин жана Ак-Жол-Суу СПАнын 2015-ж бюджетин аткарылышы боюнча кенешке маалымат берүү |
ноябрь | Комиссия мүчөлөрү жетекчилер |
|
Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги
XXV сессиясынын № 1-токтомуна 3-тиркеме
Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын 2016 жылга түзүлгөн иш планы
к/н
| Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жоопкерлер | Кошумча маалымат |
1 | Турак жай курууга жер участогун берүү боюнча комиссиясынын бир жылдык ишин отчетун кароо |
март-апрель | Турак жай комиссиясынын мүчөлөрү |
|
2 | Турак жай курууга жер алуу үчүн арыз берген жарандардын тизмеси, документтери менен иштөө |
ар ай сайын | Турак жай комиссиясынын мүчөлөрү |
|
3 | Балдар-бакчасында мектептерде жана башка соц. обьектилерди кыш мезгилиндеги жылыткычтардын абалы менен жакындан таанышуу | кыш айларында | Туруктуу комиссия |
|
4 | Элдерге ичүүчү сууну дайыма камсыз кылуу үчүн алдын ала айыл өкмөткө эскертүүлөрдү берип туруу | ноябрь айынан март айына чейин | Масиркулов Ш. Турдалиев С мүчөлөрү |
|
5 | Айыл аймагыбыздын көчөлөрүнө шагал төктүрүп оңдоону уюштуруу | март апрель
| Жалпы депутаттар, айыл башчылар. |
|
6 | Балдар бакчасы, мектеп жана соц. обьектилердин санитардык абалына , ремонтуна көзөмөл жүргүзүү | жылына эки жолу | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Оморова У. |
|
7 | Майрамдарды өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү .Улуттук биримдикти чындоо максатында спорттук мелдештерди өткөрүү. | өз убагында | Жалпы депутаттар активистер менен Ташбаев А |
|
8 | Борбордук маданият үйүнүн ремонтуна жана айланасына бак тигүүгө көмөк көсөтүү | март- июнь
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Асанбаева Ж. |
|
9 | Мектеп окуучулары менен бангиликке, ичкиликке, бузукулукка каршы күрөшүү, түшүндүрүү иштерин алып баруу. | Бир жылда кеминде 2-жолу | Ташбаев А Талипжанова Н Жээнбаев Асылбек. |
|
10 | Окуучуларды мектепке ташуучу маршуруттук автобустун ишин көзөмөлдөө. | сентябрь январь. | Туруктуу комиссия Абуллаев Ж. |
|
11
| Больница менен мектептин ортосуна тосмо куруусун көзөмөлдөө
| убагында | Асанбаева.Ж Оморова. У
|
|
12 | Мал чарбачылык боюнча ветеринардык эмдөөнүн иштерине көзөмөл жүргүзүү | апрель май | Жайыт комитети, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү |
|
Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги
XXV сессиясынын № 1-токтомуна 4-тиркеме
Достук айылдык кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча
туруктуу комиссиясынын 2016-жылга түзүлгөн иш планы
К / п |
Аткарылуучу иштер. |
Мөөнөтү |
Жоопкер | Кошумча маалымат |
1. | Мыйзамдуулук боюнча комиссиянын иш планын иштеп чыгуу. | январь, февраль. | Комиссиянын төрагасы. |
|
2. | Достук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана кенешке бекитүүгө коюу. | I квартал | Комиссиянын мүчөлөрү, катчы, активисттер |
|
3. | Участковой милициянын отчетун угуу,иш пландары менен танышуу.
|
I квартал | Учас.милиция комиссия мүчөлөрү. |
|
4. | Жарандарды паспорт менен камсыз кылуу, аскердик кызматка учетко алуусу боюнча көзөмөл жүргүзүү. | I-III квартал | Комиссия мүчөлөрү ВУСтун кызматкерлери |
|
5 | Туруктуу комиссиясынын компетенциясындагы жоболорду жана аныктамаларды сессиянын кароосуна коюп карап чыгуу. |
дайыма
| Комиссия мүчөлөрү Жолдошов Н. |
|
6. | Даталуу күндөрдү өткөрүү, артыкчылыкка ээ болгон атуулдарды сыйлоо, наамдарды ыйгаруу иштерин алып баруу. |
майрамдарда | Демилгечи топ. комиссия мүчө лөрү Алыбаев А. |
|
7 | Жарандардын арыздарын даттанууларын карап чыгуу жана алардын мыйзамдуу талаптарын коргоо боюнча чараларды көрүү. |
дайыма | Комиссия мүчөлөрү Асратов И. |
|
8 | Жылды жыйынтыктоо максатында иш чараларды карап чыгуу. | IV квартал | Комиссия мүчөлөрү |
|