Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы №8 Указы менен бекитилген
1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Кыргыз Банкы) иш-аракетинин максаты талаптагыдай акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баанын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу болуп саналат.
1.2. Кыргыз Банкынын ишинин негизги максаттуу багыты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте инфляциянын өсүшүнүн күтүлгөн темпи жөнүндө жалпыга маалымдоо болуп саналат.
1.3. Кыргыз Банкы мамлекеттик милдеттерди аткаруу менен финансы рынокторунда өз функциясын жүзөгө ашырат жана мыйзам тарабынан аныкталган учурларды эске албаганда, иши Кыргыз Республикасынын бюджетинен финансыланбаган чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.
1.4. Күтүүсүз кырдаалдар же экономикалык жана финансылык олку-солкулук келип чыккан учурларда, Кыргыз Банкы жарыяланган максаттуу багыттарды эске алуусуз, келечекке туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кыска мөөнөттүү аралыкка тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.
1.5. Кыргыз Банкы мыйзам менен ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен, экономикалык агенттердин пайдага жетишүүсүн же чыгашага дуушар болуусун көздөбөстөн жалпы коомдун таламдарында гана аракеттенет. Ушуга байланыштуу пайданы арттыруу (максимизациялоо) Кыргыз Банкынын максат кылган чеги болуп саналбайт.
1.6. Кыргыз Банкы өз финансылык-чарбалык ишмердигин жүзөгө ашыруусунда чегерүү ыкмасы боюнча өнүгүү бюджетине жана күндөлүк чыгымдарга (алардын отчеттук жылдагы финансылык түпкү жыйынтыкка тийгизген таасирине жараша) бөлүнгөн чыгымдарды жумшайт.
1.7. Бюджетти түзүү деп чыгымдарды пландаштыруунун ыкмаларын жана принциптерин, пландын аткарылышына контролдук кылууну жана алдыга коюлган милдеттер менен максаттарга жетишилбей калганда коррекциялык чаралар жөнүндөгү чечимди кабыл алуу процессин түшүнөбүз.
2.1. Кыргыз Банкынын чыгымдары мыйзам менен аныкталган милдеттерге жана максаттарга негизденүү менен чыгымдардын негизделиши, алардын план ченемдүүлүгү жана каражаттарды натыйжалуу пайладалануу принциптерин сактоо менен пландаштырылат.
2.2. Кыргыз Банкынын алдыда турган бюджеттик жылга карата чыгымдарынын жалпы суммасы алдыдагы жылга карата күтүлүп жаткан инфляциянын жарыяланган көрсөткүчүнө негизденүү менен (акча кассасынын сунушунун өсүш темпин жана эл аралык резервдердин тиешелүү деңгээлин камсыз кылууну эске алуу менен) пландаштырылат.
2.3. Күндөлүк кирешелердин жана чыгашалардын бюджети жана өнүгүү бюджети бекитилген акча-кредит саясатынын негизги параметрлерине ылайык Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилет. Акча-кредит саясатынын критерийлерине өзгөртүүлөр киргизилген учурда, бюджетке да өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
2.4. Өнүгүү бюджети төмөндөгү лимиттерди жана шарттарды эске алуу менен түзүлөт:
- өнүгүү бюджетинин жалпы суммасы өткөн жылдын акырына карата катталган (банкнотторду жана монеталарды даярдатууга кеткен чыгымдарды кошпогондо) Кыргыз Банкынын эл аралык резервдеринин жалпы суммасынын 5 процентинен ашпоого тийиш;
- белгиленген нормативдин чегиндеги өнүгүү бюджети Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилет, ал эми негизделген өнүгүү бюджети ошол нормативден ашып кетсе, анда ал Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашылуута тийиш.
2.5. Өнүгүү бюджетин секвестирлөөдө, Кыргыз Банкынын бүтүндөй тутумундагы объектилерди реконструкциялоого жана капиталдык ремонттоого капиталдык салымдар биринчи кезекте кыскартылат.
3.1. Өнүгүү бюджети төмөнкүдөй үч бөлүктөн турат.
3.1.1. Негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге капиталдык салымдар (техникаларды, жабдууларды сатып алуу жана акча жасатып чыгаруу).
3.1 2. Кыргыз Банкынын системасына кирген объектилерди (долбоордук - изилдөө, илим-изилдөө, курулуш-монтаждоо жана аны менен байланышкан иштерди) кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө капиталдык салымдар.
3.1.3. Инвестициялык ишмердик (кредиттик-финансылык мекемелерге инвестициялар жана башкалар).
4.1. Кыргыз Банкынын кирешелери төмөнкүдөй статьялардан түзүлөт:
а) чет өлкө валюта түрүндөгү активдерди башкаруудан жана активдерди сатып өткөрүүдөн жана чет өлкө валютасындагы баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелерден;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептери боюнча операциялардан түшкөн кирешелерден:
- Өкмөткө берилген кредиттерден түшкөн кирешелер;
- мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
в) финансы мекемелерине берилген кредиттерден түшкөн кирешелер;
г) жана башка кирешелер;
д) күтүүсүз кирешелер.
4.2. Кыргыз Банкынын күндөлүк чыгымдары төмөнкүдөй статьялардан
турат:
а) төмөндө келтирилгендерди кошуп алганда, милдеттенмелер боюнча проценттерди жана коммиссиялык төлөмдөр боюнча чыгымдар;
- Чет өлкө валютасындагы проценттерди төлөө боюнча чыгымдар;
- улуттук валютадагы проценттерди төлөөлөр боюнча чыгымдар;
- жана башка ушундай эле чыгымдар жана курстук айырмадан улам келип чыккан кириштелген чыгымдар;
б) төмөндөгүлөрдү кошуп алганда, персоналдарды күтүүгө кеткен чыгымдар:
- эмгек акы;
- башка компенсациялар жана пособиелер;
- медициналык жактан тейлөөгө кеткен чыгымдар;
- социалдык фондго, медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр, ошондой эле башка чегерүүлөр;
- персоналдарды күтүүгө кеткен башка чыгымдар;
в) төмөндөгүлөрдү кошуп алганда, административдик чыгымдар:
- канцеляриялык товарларга, жабдууларга кеткен чыгымдар;
- байланыш кызматтарына чыгымдар;
- кадрларды даярдоого кеткен чыгымдар;
- адистердин көрсөткөн кызматтарына төлөө боюнча чыгымдар;
- компьютердик жана уюштуруу техникаларын тейлөөгө кеткен чыгымдар;
- жарыялоолорго жана жазылууларга кеткен чыгымдар;
- кыдырууларга кеткен чыгымдар, анын ичинде алтын-валюта резервдерин башкарууга байланыштуу кыдыруулар жана башка кызматтык кыдыруулар да бар;
- баалуулуктарды инкассациялоого жана ташып жеткирүүгө кеткен
чыгымдар;
- башка административдик чыгымдар;
г) төмөндөгүлөрдү кошуп алганда, негизги каражаттарды күтүүгө жана пайдаланууга кеткен чыгымдар:
- имараттарды жана курулуштарды күтүүгө кеткен чыгымдар, анын ичинде: ремонттоого, операциялык ижарага кеткен чыгымдар, коммуналдык жана банктын объектилерин күтүүгө кеткен башка чыгымдар;
- эмеректерди, жабдууларды жана транспортторду сатып алууга кеткен чыгымдар, анын ичинде, эмеректерди, жабдууларды жана транспортторду ремонттоого, күтүүгө жана пайдаланууга кеткен чыгымдар;
- негизги каражаттарга жумшалган жана башка чыгымдар;
д) амортизациялык чыгымдар;
е) потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын оордун жабууга резервдерди түзүүгө кеткен чыгымдар;
ж) күтүүсүз чыгымдар.
5.1. Бухгалтердик эсепке алуунун жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу жана Кыргыз Банкы салык салуу субъектиси болуп саналбагандыгын эске алуу менен бюджеттин учурдагы киреше жана чыгашалардын бюджетинин чыгаша бөлүгү чыгашалардын багыттарынын максатына карабастан учурдагы бардык чыгашаларды өзүнө камтыйт.
5.2. Күндөлүк кирешелердин жана чыгашалардын бюджетин түзүүнүн негизги ыкмасы болуп баланстык ыкма (күндөлүк чыгашаларды күндөлүк кирешелер менен жабуу) саналат.
5.3. Милдеттенмелер боюнча проценттерди жана коммиссиялык төлөөлөрдү төлөп берүүгө кеткен чыгымдар нормага салынбайт жана Кыргыз Банкы өзүнө алган милдеттенмелерден жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган стандарттар менен аныкталат.
5.4. Кыргыз Банкынын персоналына кеткен жалпы чыгымдары Кыргыз Банкынын суммардык кирешесинин 30 процентинен ашпаган өлчөмдө белгиленет. Мында Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы, анын бюджетин түзүү төмөндө келтирилген негизги жоболорго негизденет:
5.4.1. Кыргыз Банкынын Төрагасына кызматтык айлык акысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан атаандашуу рыногундагы эмгек акыны эске алуу менен дайындалат жана бир жылда эки кайра каралышы мүмкүн.
5.4.2. Кыргыз Банкынын Төрагасы Башкарманын мүчөлөрүнүн кызматтык айлык акыларын белгилейт.
5.4.3. Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө Кыргыз Банкынын Төрагасы бекиткен кызматтык айлык акылардын схемасынын негизинде куратордук кылуучу орун басар жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилрри менен макулдашуу боюнча кызматкердин кызмат ордуна жана квалификациясына ылайык жүргүзүлөт.
5.4.4. Кыргыз Банкы өз кызматкерлерине эмгеги үчүн атаандашууга жөндөмдүү ставкалары боюнча сыйлык акыны ушул жободо белгиленген чектөөлөр сакталган учурда төлөп берет.
5.4.5. Кыргыз Банкынын Төрагасы кесиптик жактан олуттуу даярдыгы жана жогорку адистиги менен айырмаланган кызматкерлерге жекече айлык акыларды белгилөөгө укуктуу.
5.4.6. Кыргыз Банкынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасы Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгегине акы төлөө системасындай эле аныкталат.
5.4 7. Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы төмөндөгүлөрдөн турат:
- жекече айлык акыларды кошуп алганда, кызматтык айлык акылардын схемасына ылайык негизги айлык акыдан;
- өзүнө кезектеги эс алуу отпуска акысын, ар кандай үстөк акыларды, кошумча акыларды жана Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык башка төлөөлөрдү кошуп алганда кошумча эмгек акыдан;
- көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн сыйлык акылардан;
- иштин натыйжасы боюнча (ар айлык жана кварталдык) сыйлык акылардан. Негизги иштин натыйжасы боюнча (ар айлык жана кварталдык) сыйлык акыларды төлөө кызматтык милдеттерди аткаруунун сапатына жана ар бир конкреттүү адистин иш жыйынтыгына жараша жүргүзүлөт жана Кыргыз Банкынын ишинин күндөлүк финансылык натыйжасына көз каранды эмес;
- бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сыйлык акы Кыргыз Банкынын негизги багыттар боюнча жетишилген ийгиликтерине жана Кыргыз Банкынын финансылык дурус натыйжага жетишкендигине жараша төлөнөт. Сыйлык акынын өлчөмү кызматкерлердин негизги, кошумча акы жана аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча сыйлыктар түрүндөгү жылдык иш жүзүндө алган айлык акысынын жарымынан ашпоого тийиш. Бул Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилген Жоболордо келтирилген айрым төлөөлөрдүн өлчөмүн эсептен алып салуу менен жүргүзүлөт. Бул сыйлык акылар боюнча чыгымдар белгиленген Жобонун негизинде, эсепке алуу принциптерине ылайык, отчеттук жылдын чыгашаларына тиркелет;
- кызматкерлерди колдоо мүнөзүндөгү жана башка төлөөлөр жана материалдык колдоо көрсөтүүнүн формаларынан.
5.4.8. Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин саны "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Кыргыз Банкына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылуунун зарылдыгына жараша аныкталат жана финансы рыноктору менен республиканын банк секторунун өнүгүшүн эске алуу менен Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилет. (*)
5.4.9. Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө боюнча чыгымдар кызматкерлердин санына жараша болот, мында ар бир кызматкердин эмгек акысынын өлчөмү иштин натыйжасы, кызматкердин жеке эмгек салымы менен аныкталат жана жогорку чек менен чектелбейт.
5.4.10. Эмгекке акы төлөөгө кеткен чыгыыдарды аныктоодо Кыргыз Банкы төмөндө келтирилген принциптерди жана чектөөлөрдү сактайт:
- негизги эмгек акы (негизги эмгек акынын ставкасы) Кыргыз Банкынын кызматкерлеринин кызматтык айлык акыларына жана кызмат орундарынын санына жараша пландаштырылат;
- иштин натыйжасы боюнча (айлык жана кварталдык) сыйлыктар негизги эмгек акынын, үстөк акынын, кошумча акынын жалпы суммасынын 100 процентинен ашпаган өлчөмдө пландаштырылат;
- кызматкерлерди колдоо мүнөзүндөгү бардык башка төлөөлөр жана материалдык жактан сыйлоолордун ар түрдүү формаларынын жалпы өлчөмү персоналдын кызмат орундарынын санынын бир жолу берилген жылдык негизги эмгек акысынын өлчөмүндө болууга тийиш;
- Жекече белгиленген кызматтык айлык акынын жалпы өлчөмү персоналдардын кызмат орундарынын санынын негизги айлык акыларынын орточо ставкаларынын жалпы суммаларынын 15 процентинен ашпоого тийиш.
5.4.11. Иш өзгөчөлүгү менен айырмаланышкан кызматкерлердин айрым категориялары үчүн Кыргыз Банкынын Төрагасы эмгек акынын жана сыйлык акынын башка системасын белгилөөгө укуктуу Бул тиешелүү өзүнчө жоболор менен жөнгө салынат.
5.5. Административдик чыгымдар эл аралык уюмдардын калкасы астында өткөрүлгөн, Кыргыз Банкы катышуучусу же ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган иш-чараларды (симпозиумдарды, конференцияларды жана башкаларды) өткөрүүгө кеткен чыгымдардан тышкары бүтүндөй алганда суммардык кирешелердин 15 процентинен ашпоого тийиш. Мында Кыргыз Банкы төмөндө келтирилген чектөөлөрдү жана принциптерди сактоого тийиш.
5.5.1. Кыдырууларга кеткен чыгымдар Кыргыз Банкынын жобосу менен жалпы кабыл алынган документтердин негизинде аныкталат жана алтын-валюта резервдерин башкарууга байланыштуу кыдырууларды жана башка кызматтык кыдырууларды камтыйт.
5.5.2. Инкассациялоого жана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө кеткен чыгымдар, байланыш кызматтарына кеткен чыгымдар, баалуулуктарды коргоо боюнча чыгымдар, аудиторлордун эмгегине төлөөгө кеткен чыгымдар, компьютердик жана уюштуруу техникаларын тейлөө боюнча чыгымдар, жарыялоого жана жазылууга кеткен чыгымдар, такгактоо материалдарына кеткен чыгымдар лимиттелбейт жана банктын нормалдуу иштеп турушун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мына ушул чыгымдарга керектөөлөрдү эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерге ылайык аныкталат.
5.5.3. Кадрларды даярдоого кеткен чыгымдардын өлчөмү банктын суммардык кирешесинин 5 процентинен ашпоого тийиш.
5.5.4. Делегацияларды жана башка меймандарды кабыл алууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды, сувенирлерге жана белектерге кеткен чыгымдарды, кеңешмелерди, жыйналыштарды өткөрүүгө кеткен чыгымдарды кошуп алганда өкүлчүлүктүү чыгымдар, ошондой эле ушул эле мүнөздөгү башка чыгымдар Кыргыз Банкынын тийиштүү Жобосу менен жөнгө салынат жана банктын суммардык кирешесинин 1 процентинен ашпаган чекте белгиленет.
5.5.5. Кыргыз Банкы катышуучусу же ыйгарым укуктуу өкүлү болгон эл аралык уюмдардын калкасы астында уюштурулган иш-чараларды (симпозиумдар, конференциялар жана башкаларды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Банкынын Башкармасы бекиткен сметага ылайык аныкталат.
5.5.6. Канцеляриялык чыгымдар, жабдууларга кеткен жана башка мына ушундай эле чарбалык чыгымдар Кыргыз Банкы тарабынан бекитилген жана кызматкерлердин санына жараша нормалдуу иш үчүн жетиштүү нормага ылайык каржыланат.
5.5.7. Кыргыз Банкы социалдык-маданий иш-чараларга банктын жалпы кирешесинин 1 процентинен аталган өлчөмүндө каражат жумшоого укуктуу.
5.5.8. Административдик жана башка чыгымдар калдык принциби боюнча пландаштырылат жана өзүнө Кыргыз Банкынын кызматкерлерин социалдык жактан кошумча коргоо үчүн ар түрдүү фондуларды түзүүнү камтыйт.
5.6. Негизги каражаттарды күтүүгө жана пайдаланууга кеткен чыгымдар Кыргыз Банкынн Башкармасы тарабынан белгиленген нормаларга ылайык жана келишимдик милдеттенмелерге жараша аныкталат. Бул чыгымдар өзүнө технологиялык, өрттөн коргоо боюнча жана башка жабдууларды, транспортту, эмеректерди жана байланыш каражаттарын тыкан пайдаланууга жана эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды, имараттарды жана курулуштарды күтүгө кеткен чыгымдарды (коммуиалдык кызматтарга төлөөлөр боюнча чыгымдарды, ремонттоого кеткен чыгымдарды кошуп алганда) жана башка ушундай эле күндөлүк чыгымдарды камтыйт. Мында ремонттоого кеткен жалпы чыгым мурдагы жылдын акырындагы абал боюнча бардык негизги каражаттардын жалпы баланстык наркынын 5 процентинен ашпоого тийиш. Негизги каражаттарга кеткен жалпы чыгым суммардык кирешенин 6 процентинен ашпоого тийиш.
5.7. Амортизациялык чыгымдардын чектелген өлчөмү лимиттелбейт жана эсепке алуунун жана отчеттуулуктун эл аралык принциптерине жараша, Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилген учетко алуу саясатына ылайык аныкталат.
5.8. Потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын оордун жабуу үчүн резервдерди түзүүгө кеткен чыгымдар Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан бекитилген жоболордун жана эл аралык стандарттардын негизинде, банктын активдеринин сапатына жараша аныкталат.
5.9. Күтүүсүз чыгымдар нормага салынбайт жана пландаштырылбайт. Бул чыгымдар өткөн отчеттук мезгилдердеги чыгымдарды, негизги каражаттарды чыгаша тартуу менен сатып өткөрүү боюнча чыгымдарды, карыздарды алып салууну жана башка күтүүсүз чыгымдарды жана чыгым тартууларды бириктирип турат. Бул чыгашалар төмөндө келтирилген эки критерийге жооп берген операцияларга же бүтүмдөргө кирет.
- демейдегиден башкача касиет - качан операциялар же бүтүмдөр банктын кадимкидрй ишине тиешеси болбогон типке таандык болгондо;
- кайталанбастык - мына ушундай операциялардын болушу жакынкы келечекте күтүлбөсө.
5.10. Бюджеттин күндөлүк чыгашаларынын жана кирешелеринин тартыштыгынын учурунда секврстирлөөгө бюджеттин корголбогон статьялары гана жатат. Бюджетти секвестирлөө (өлчөмү жана статьялардын түрлөрү) Кыргыз Банкынын Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Мында төмөндө көрсөтүлгөн статьялар корголгон болуп эсептелет.
- милдеттенмелер боюнча проценттерди жана коммиссиялык төлөмдөр боюнча чыгымдардын бардык статьялары, негизги каражаттардын чыгымдары алар боюнча Кыргыз Банкынын милдеттенмеси бар өлчөмдөрдөр жана Кыргыз Банкына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон суммалар;
- колдоо мүнөзүндөгү жана башка төлөөлөрдү жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүлөрдүн башка формаларын, медициналык жактан тейлөөгө кеткен чыгымдарды эске албаганда, персоналдарды күтүүгө кеткен чыгымдар00;
- амортизациялык чыгымдар;
- потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын оордун жабууга карата резервдерди түзүүгө кеткен чыгымдар;
- Кыргыз Банкы милдеттенме алган өлчөмдөгү административдик чыгымдар жана эмгек каражаттарынын ыргактуу иштеп турушу үчүн зарыл болгон суммалар.
(*) Улуттук банктын кызматкерлеринин бекитилүүчү санынын адекваттуулугун талдоо үчүн башка өлкөлөрдүн ушундай эле милдетти аткарган Борбордук банктарынын кызматкерлеринин саны жөнүндөгү маалыматтар пайдаланышы мүмкүн.