Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 15-январы ПУ № 8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө жана 46-статьясынын биринчи бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын 40-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзү жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги багыттарын бир жылда эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна сунуш кылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" бекитилсин (тиркелет).
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын айлык кызмат акысын белгилөөнүн бекитилген тартиби 1988-финансы жылынан баштап жайылтылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |