ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/7 «Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтому

Редакция22.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 22-ноябры № 19/7

 Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 – беренесинин 2-бөлүкчөсүнө жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошкон атуулдарга Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан “Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун Жобосун иштелип чыгуу боюнча төмөндөгү курамда райондук Кеңештин депутаттарынан атайын комиссиясы түзүлсүн:

 

1. Алишов Азамат - Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын убактылуу орун  басары, №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан  депутат, комиссиянын төрагасы

2. Исманова Нурлан - Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары

 Комиссиянын мүчөлөрү:

3. Ибраимов Сейтакун - Райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы

4. Жолдубаев Акмат - №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат

3. Козубаев Төрөш - №3 үч мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунан депутат

4. Париев Эрнуст - №5 үч мандаттуу Чакан-Таш шайлоо округунан депутат

5. Курманалиев Жумабай - №6 төрт мандаттуу Алайку шайлоо округунан депутат

2.Токтом райондук “Мезгил үнү” гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов