Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №12/4
Чон-Алай райондук кенешинин регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизуу жөнүндөгу «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык этика, кенештердин иштери» боюнча туруктуу комиссиянын № 3 25-август 2011-жылдагы токтомун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» тууралуу ана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 10-август №459 «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимге коюлган квалификациялык талаптары жөнүндөгу оболордун бекитилүүсү жана аны дайындоо тууралуу» токтомун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча бапшкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин коллегиясынын № 08/02, 12 август 2011- ылдагы токтомдорун ишке ашыруу максатында Чон-Алай райондук кенешинин регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө райондук кенештин « Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык этика, кенештердин иштери» боюнча туруктуу комиссиянын № 3 25 – август 2011- жылдагы токтомун угуп жана талкуулап Чон-Алай райондук кенешинин кезектеги (5 чакырылышынын) XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Алай райондук кенешинин регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгу «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика, кенештердин иштери» боюнча туруктуу комиссиянын 2011-жылдагы 25 – августундагы № 3 токтому эске алынсын.
2. Чон-Алай райондук кенешинин регламентин өзгөртүү толуктоолору менен кабыл алынсын.
3. Чон-Алай райондук кенешинин регламентине киргизилген өзгөртүү толуктоонун негизинде Ош областык юстициядан регламентти кайрадан катоодон өткөрүү жагы райондук кенештин жооптуу катчысы А. Бакыбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык этика, кенештердин иштери» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Калыковго тапшырылсын.
Чоң-Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |