Загрузка документа…
| Чоң-Алай райондук кеңешинин 2011-жылдын 5-сентябрындагы №12/4 токтому менен бекитилген |
1.1 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамына ылайык депутаттардын райондук кеңеши райондун өкүлчүлүктү органы болуп саналат. Райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2 Райондук кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына .КР Мыйзамына КР Пезидентинин жана Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актларына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.3 Райондук кеңештин Регламента райондук кеңештердин ишин уюштуруу тартибин алардын укуктук жана уюштуруучу негиздери туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4 Райондук кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу депутаттардын 1/3 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.5 Райондун аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар менчик формасына карабастан райондук кеңештин токтомдорун аткаруу милдеттүү.
1.6 Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
1.7 Чоң-Алай райондук кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
2.1 Райондук кеңештер «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекттик администрация жөнүндө»КР Мыйзамынын 27-статясына ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат:
1) аймактык социялдык-экономикалык өнүгүүсүн жана калктын социялдык коргоо боюнча программаларды аткаргандык үчүн бекитүү жана көзөмөл жүргүзүү:
2) райондук бюджетти бекитүү анын аткарьшышы жөнүндө отчету ошондой эле бюджеттин аткарьшышын журушу жөнүндө маалыматты угуу :
3) интенсивдүү жана алыскы жайыттарды пайдалануу масенлелери:
4) район борборундагы райондук социалдык- маданий маанидеги обьектеринин күтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүүб
5) тийиштүү аймакта жьшына кеминде бир жолуиштин абалы жөнүндө райондук мамлекттик администрациянын башчысынын маалыматын угуу:
6) Райондук мамлекеттик администрация башчысына өзүнүн милдетин аткарбагандык же талаптагыдай аткарылбагандык үчүн райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуш берүүсү менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү:
7) Райондук кеңештин регламентин кабыл алуу.
8)Райондук аким кызматынын талапкерлерине добуш берүү процессинин уюштурлуусун камсыздоо.
9) Райондук аким кызматынын талапкерлерине добуш берүүнүн ирээти жана жыйынтыктарды чыгаруу.
3.1 Райондук кеңештин сессиясын чакырат төрагалык кылат токтомдорго протоколдорго жана райондук кеңештин башка документтерине кол коет алардын аткарьшышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2 Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3 Мамлекеттик салыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4 Кеңештин регламентинин аткарьшышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5 Райондук кеңештин төрагасынын орун басары талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6 «Муниципалдык кызмат туралуу» КР мыйзамына ылайык райондук кеңештин аппараттык кызматкерлеринин ишин тескейт.
3.7 Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеңештин копетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8 Райондук кеңештин жаңы чакырьшышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
3.9 Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасынын милдетин, ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда аткарат.
3.10 Коомдук башталыштарда өзүнүн ишин жүргүзөт.
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2Райондук кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3 Райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
4.4 Райондук кеңешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.5 Райондук кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын райондук кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнө көзөмөл кьшат.
4.6 Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.7 Райондук кеңештин сессиясында депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
5.1 Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
5.2 Туруктуу комиссиядан райондук кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу, жана даярдоо, жана отрумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарьшышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт.
5.3 Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отрумду өткөрөт. Туруктуу комиссиялар райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө райондук кеңеш тарабынан түзүлөт.Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук кеңеш тарабынан аныкталат. Райондук кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4 Райондук кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактьшуу комиссияларды түзө алат.
5.5 Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткарылышы боюнча жыйынтыктарын жөнүндө райондук кеңешке отчет берет.
5.6 Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактьшуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
6.1 Райондук кеңештин биринчи сессиясы. Кайрадан шайланган райондук кеңештин биринчи сессиясы райондук кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырьшыштагы райондук кеңештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырьшат .
6.2 Райондук кеңештин биринчи сессиясын кайрадан шайлаган райондук кеңештин курагы боюнча аксакал депутат ачат. Райондук кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экисикатышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3 Райондук кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибинде райондук кеңештин регламента, төрагасын анын орун басарын шайлоо маселеси райондук кеңештин жана структураны түзүү жана райондук кеңештин ишине байланышкан башка манилүү маселелер коюлат.
6.4 Райондук кеңештин төрагаларына талпкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык калат
7.1 Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө райондук кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун татибин камтууга тийиш.
7.2 Депутат киргизген сессиянын күн тартибинде өзгөртүүлөр же толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук кеңештин аппараты менен биргеликте, райондук кеңештин төрагасы даядаган райондук кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3 Райондук кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Райондук кеңештин иш планынын долбоорунун даярдоону райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4 Райондук кеңештин депутаттары райондук кеңештин туруктуу комиссиялары, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы- акими райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ .Райондук кеңештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоону өзгөртүү, жаңы маселелерди алып салуу райондук кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8.1 Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даядоого жооптуу Адам тарабынан кол коюлган коштомо кат.Эгерде документ райондук кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда котомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
-райондук кеңештин токтомунун долбоорку.
Эгерде райондук кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансалык рерсурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2 Токтом долбоору каралганда райондук кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн, талкулоого катышу үчүн чакырьшган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
8.3 Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы -акимдин кортундусу угулат.
Райондук кецештин токтомунун долбоорунун талкулоонунун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алат:
а) Жалпысынан токтом кабыл алынсын;
b) Жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
c) күн тартибинен алынып салынсын.
1) Мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткару, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актьшарды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актьшарды өркүндөтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5 Райондук кеңештин (шаардык кеңештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт.Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирилген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат.Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу(бир же бир нече) же райондук кеңештин структуралык түзүмү,ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6 Көзөмөл жасоо боюнча оттчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же райондук кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7 Райондук кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоорун райондук кеңештин депутаттарына жеткирүү сессияга чейин 3 күн калгандан кечиктирбесен жүргүзүлөт. Райондук кеңештин сессиясынын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары же болбосо райондук кецештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салу жөнүндө билдирбеген) төрагалык кылат.
8.8 Райондук кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9 Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарьшчылыгы негизделүү менен кеңештин төрагасына.
8.10 Сессияга материалдарды даярдоо райондук кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкары маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11 Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоор, маалыматтар, маалымат-кат, кайрьшуулар ж.б) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен райондук кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12 Райондук кенеш жьшына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация башчысынын маалыматын угат.
8.13 Райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин маалыматынын текста райондук кеңештин отрумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирилбестен райондук кеңешке киргизилет. Райондук мамлекеттик администрация башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим райондук кецештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14 Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары райондук кецеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук кецештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе кабьш алынды деп эсептелет. 8.15.
8.15 Алдыдагы финансылык жьшга райондук бюджетти кабьш алуу процессии Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1 Райондук кецештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабьш алынат.
9.2 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабьш алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3 Райондук кецештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабьш алынат жана ага райондук кецештин төрагасы кол коет.
9.4 Депутаттын билдирүүсү жана же анын жазуу же оозеки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5 Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана кабьш алынат.
10.1 Райондук кецештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды - секретариаты, зарылчылык болгондо, эсептөө жана башка комиссияларды түзөт.Жумушчу орган - сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2 Сесссиянын секретариаты райондук кецештин аппараты менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3 Секретариат райондук кецештин аппараты менен биргеликте сессияны протоколун тариздейт.Райондук кецештин отрумунун протоколунда: отрумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отрумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибинде коюлган маселелер; ошол отрум үчүн депутаттардын арасында таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда терагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш Берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт.
Протоколго сессиянын отрумунда терагалык кылуучу кол коет. Райондук кецештин сессиясынын протоколодорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү алуу жана алардан жазып алууларды тариздөө, райондук кецештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, райондук кецештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4 Райондук кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11.1 Райондук кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга өз талапкерин көрсөтүшү мүмкүн.Депутаттарды көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекетитик администрация жөнүндө» жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтүү райондук кеңештин регламентине ылайык ишке ашат.
12.1. Райондук кеңештин төрагасы жана анын орун басары, райондук кеңештин туруктуу жана убактьшуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн. Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
13.1 Райондук кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү жолуменен райондук кеңештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук кеңештин төрагасынын төрагалык кызматына талапкер райондук кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен депутаттардын өздөрү тарабынан көрсөтүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2 Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкелигин алып коюуга укуктуу.
13.3 Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Райондук кеңештин төрагасы көрсөтөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.Төраганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
14.1 Райондук кеңештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт.
14.2 Эсептөө комиссиясы өзүнүн отрумунда милдеттери бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.З Добуш берүүнү камсыз кьшуу үчүн эсептөө комиссиясы сессияда катышкандепутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук кенештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4 Райондук кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш Берүүнүн натыйжасы добуш Берүүчүнүн бюллетендери эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5 Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгө жол бербейт.
14.6 Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Жараксыз бюллетен » бюллетендерди эсептөө комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекмдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7 Добуштардын алда канча көп саны налган райондук кенештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык меенетке райондук кецештин терагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8 Тераганын орун басары кызматына талапкер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептее комиссиясы жүргүзүлөт.
14.9 Сессияда катышкан депутаттардын алда канча кеп добуштарынын санын алган талапкер райондук кецештин терагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
I. Жалпы жобо.
15.1 Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары аким ) кызматына талапкер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары- Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кенешке киргизилет.
15.1 Райондук кеңеш Премьер-министри талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3 Эгерде жогорудагы мөөнөт көрсөтүлүп бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеңешке башка талапкерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4 Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5 Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы салымынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
II. Акимдин кызматына талапкерлерди көрсөтүү.
15.6 Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке көрсөтүлөт.
15.7 Ар бир акимдин кызматына талапкерлери боюнча тиешелүү райондук кеңешке төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
Биографиялык маалымат (фамилиясы аты жөнү, төрөлгөн жери, жылы айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешелиги):Паспорттун көчүрмөсү сүрөт.Билими туралуу маалымат (жогорку,атайын), билими тууралуу жана илимий наамы:Эмгекттик ишмердиги тууралуу маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү,мамлекеттик же ведомостволук сыйлыктар менен сыйланган документтин көчүрмөсү .
15.8 Ар бир акимдин кызматына талапкер боюнча кыскача анкеталык маалыматы, профессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнөздөмө, талапкерлерди көрсөткөн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
III. Райондук аким кызматынын талапкерлерине добуш берүү процессинин уюштурлуусун камсыздоо.
15.9 Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерлерди райондук кеңешинин карап чыгуусун уюштуруу үчүн райондук кенеши тарабынан 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
15.10 Эсептөө комиссиясы тарабынан добуш берүү бюллетендери иштелип чыгып. Анын сактоосун камсыз кылат, отурумунун протоколдорун алып баруусун уюштурат, ушул тартипте көрсөтүлгөн башка ыйгарым укутарга ээ.
15.11 Эсептөө комиссиясынын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясына жүктөлөт.
15.12 Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматына коюлуучу талапкерлер гана киргизилет.
15.13 Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш берүү райондук кеңеш тарабынан аныкталган, атайын бөлүнгөн бөлмөдө ишке ашырылат.
15.14 Депутаттардын катышуусуна, добуш берүүнүн уюштурулуусуна, бөлмөнүн жабдылуусуна жана тийиштүү тартиптин сакталуусуна райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
15.5 Добуш берүү процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептөө комссиясына берилет.
15.16 Эсептөө комиссиясы: Добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарын катоодон өткөрөт.
15.17 Жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеңештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет.
15.18 Райондук кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга өтүүсүн көзөмөлдөйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
IV.Райондук аким кызматынын талапкерлерине добуш берүүнүн ирээти жана жыйынтыктарды чыгаруу.
15.19 Добуш берүүдөн мурда бюллетендер урнасы райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укутуу өкүлүнүн алдында эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мөөр басьшат.
15.20 Ар бир депутат жеке добуш берет башкалардын ордуна добуш берүүгө жол берилбейт.
15.21 Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада жеке жашыруун добуш берүү үчүн бөлүнгөн бөлмөдө толтурулат. Депутат добуш берүү бюллетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнө тыюу салынат.
15.22 Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде өзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна «Макул» деп белги кое алат, же болбосо «Баардык талапкерге карышы» деген сапка коет.
15.23 Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле «Макул» деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллентендер жараксыз деп эсептелет.
15.24 Райондук аким кызматынын талапкерине райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк бөлүгү добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
15.25 Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлөт жана аларга эсептөө комиссиясынын баардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
15.26 Райондук кеңештин чечими камтьшган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук кеңештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нкускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттуку агенттикке жиберилет.
15.27 Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
15.28 Талапкерликке макулдук берүү тууралуу кеңештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
15.29 Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан коп добушка ээ боло албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи тур биринчи тур өткөрүлгөн күнү өткөрүлөт.
15.30 Биринчи турда эң коп сандагы добушка ээ болгон эки талапкер добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилишет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул тартипте белгиленген тартипте өткөрүлөт.
15.31 Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан коп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерлерликтери четке чыгарылат; бул туралуу райондук кеңештин төрагасы 24 саатын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге кабар берет.
15.32 Мындай учурда Премьер-министр бул тартипте негизделген ирээте башка талапкерлерди сунуштайт.
Эскертүү: Типтүү регламент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьлайык иштелип чыккан. Райондук кеңештин сессиясы ушул типтүү регламентке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карышы келбеген өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
|
|