Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 6/1
Нарын райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 23- мартындагы № 11-23-17 –прокурордун каршылыгы жөнүндө
Нарын райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү" Кодексинин талаптарынын Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан аткарылышы текшерилип, төмөндөгүдөй мыйзам бузуучулуктар аныкталып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 26-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясынын 11.03.2016-жылдагы №29/4 токтомунун 3-4-пункттарын жокко чыгаруу максатында Дөбөлү айылдык депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү" Кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, "Менчигинин таризине карабастан, табигый жана эгилме жайыт жерлерди зыянга учуратып, жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жаюу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүү - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына - ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келгендиктен". Ал эми, Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгу" Кодексинин 534-1 беренесинин талабына ылайык жогорудагы 186-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн административдик укук бузуулар боюнча иштерди "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик комиссиялары карагандыктан, Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү" Кодексинин 534-1 беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен кабыл алынгандыктан, мыйзамсыз чыгарылган Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясынын 11.03.2016-жылдагы №29/4 токтомунун 3-4-пункттары жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Бектемиров |