Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 29/4
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү акыны бекитүү боюнча элдин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш, Кеңеш, Дөбөлү айылдарынын айыл тургундарынын улүш жер ээлери корукчуга коруп бергендиги үчүн төмөндөгүдөй акы бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагындагы Кеңеш айылындагы айыл тургундарынын үлүш жер ээлери, 1 га үлүш жерине ай сайын 50 (элүү) сом;
2. Дөбөлү айыл аймагында Кеңеш айылында 1-майдан баштап «Бада» (кесүү) уюштурулсун.
3. Кесүү убагында малдар корук жерлерге түшкөн болсо айыбы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- 1 (бир) уй, жылкыга, эшек 100 (жүз) сом;
- 1 (бир) музоого, кулун 30 (отуз) сом. (2017-жылдын 27-мартындагы № 6/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту .)
4. Өз кезеги келген кесуусу эртен мененки саат 7-00дон кечки саат 20-00 го чейин корукка уйларды тушургон болсо, ар бир уйга 100 сомдон үй ээси айыбын төлөп, үй ээсине чыгарып берсин. (2017-жылдын 27-мартындагы № 6/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту. )
5. Кеңеш айылынын тургундарынын үлүш жерлерин Кеңеш « Сейил-Булак участкасынан Ак-Там» айылындагы Орозобаев Каныбекке, «Ак-Таштан Кайырмага» чейинки участогун Турдакунов Айбекке, «Ак-Тамдан Ак-Ташка» чейинки участогун Болотбек уулу Саматка 20-апрелден 1-октябрга чейин жоопкерчилик менен көрүп берүү милдеттендирилсин.
6. Алыш айылынын тургундарынын үлүш жерлерин Алыш айылынын Салкын-Төр участкасынан Чычырканак чейинки участогун Исаев Майрамбекке, Кур-Сай участкасынан Салкын-Төр участогуна чейин А. Керимовго, 20-апрелден 1-октябрга чейин жоопкерчилик менен көрүп берүү милдеттендирилсин.
7. Дөбөлү айылынын тургундары Ак-Там участкасына Баатаев Кубанычбекке, Баатаев Бакытбекке, Куу-Дөӊгөч участкасынан Көгөндү участкасына чейин Медерев Бакытка, Өрдөш участкасына Б. Исабековго, М. Усубакуновго, Көк-Ой участкасына Т. Исаковго, С. Шаменовго, Эки-Нарын участкасына З. Кемеловго 20-апрелден 1-октябрга чейин жоопкерчилик менен көрүп берүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл башчысы Ж. Курмановго тапшырылсын.
Төрага | К. Исаков |