Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 35/1
«Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 14.04.2016-жылдагы №18-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 29.09.2016-жылдагы Актысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрага | К. Исакова |