Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2016-жылдын 20-апрели № 1/2
Будалык айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-главасынын 28-беренесинин 1-пункутуна жана 31-беренесинин11-пункутуна ылайык, Будалык айылдык кеңешинин регламенти менен толук таанышып жана талкуулап, Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын.(регламент тиркелет)
2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсызкылуу бардык депутаттарга, туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин
3. Регламентти Юстициядан кайра каттодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Ж.Осмоновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Будалык айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин аксакал депутаты |
С. Аринов |
| Будалык айылдык Кеңешинин кезектеги 1 уюштуруу заседаниесинин ( алтынчы шайланган) 2016-жылдын 20 апрелиндеги № 1\2 токтому менен бекитилген |
Будалык айылдык Кеңешинин типтүү регламенти
БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава
Айылдык Кеңеши
2-глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
II- БӨЛҮК
3-глава
Айылдык кеңешинин төрагасы жана кенештин төрагасынын орун басары
3-1 глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
4-глава
Айылдык кеңештин катчысы
5-глава
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III- БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-глава
Айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби
IV-БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин регламенти
8-глава
Айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кенешинин иш- аракет тартибин аныктайт.
БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Айылдык кенеши өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кенештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун , ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Айылдык кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык айылдык кенеш өз алдынча башкаруунун өкүлүлүктүү органы болуп саналат.
Айылдык кенеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
Айылдык кенешинин уюштуруучу –укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
Айылдык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
Жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчет бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
Аймактарды социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу -тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
Айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирүү;
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
Администрациялык аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
Төраганын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
Жергиликтүү кенештин регламентин кабыл алуу;
Өз чечимдерин аткарылышына көзөмөл кылуу;
Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
Таза суунун турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун , ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
Үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
Айылдык округдун башчысын шайлоо;
Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эске алуу менен , айыл чарбасына жарактуу жерлерин пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген (дифференцияланган) ставкаларын белгилөө;
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, Уставка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
Айылдык кенеши жергиктүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, матералдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
Айылдык кенеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө айылдык кенештин сруктурасы жөнүндө чечим кабыл алат.
II- БӨЛҮК
3-глава
Айылдык кенешинин төрагасы жана кенештин төрагасынын орун басары
3.1. Айылдык кенешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кенешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутатардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
-Кенештин сессиясын чакырат;
-Сессияга төрагалык кылат;
- Айылдык кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш-кагаздарына кол коёт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2.Айылдык кенешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына талапкерлерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана төрага өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганын милдеин аткарат.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук байланышта алып барат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3-1 глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
3.1.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенештин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер
шайланды деп эсептелет.
3.1.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык кеңештин депутаттары же депутатты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт.
1) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими .
2) талапкердин айыл өкмөт башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы.
3) талапкердин өмүр баяны.
4) адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк баракчасы ( личный листок по учету кадров)
5) нотариалдык күбөлөндүргөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү
6) нотариалдык күбөлөндүргөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.
7) резюме ( справка- объективка).
4-глава
Айылдык кеңештин катчысы
4.1. Айылдык кеңештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык кеңештин катчысы:
-Айылдык кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш казаздарынын эсебин алууну уюштурат;
-Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин жана сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-глава
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин туруктуу комиссиялардын төрагалары жана убактылуу комиссиялардын төрагалары жүргүзөт;
5.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык кенеш тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана сандык курамы аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III- БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-глава
Айылдык кеңешинин сессиясын өткөрүүнүн тартиби
6.1. Айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депуттардын жалпы санынын кеминде жарымынын катышуусу менен өткөрүлөт.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кенештин чечимдери токтом түрүндө даярдалат.
6.2. Айылдык кеңешинин депутаттары кенештин сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш. Эгерде үч жолу сессияга себепсиз катышпай калган депутат тиешелүү мыйзамга ылайык депутаттык мандатын тапшыруусу каралат.
6.3. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6.Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык кенешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт.Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандын себептери , чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылынуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7-глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1.Айылдык кенешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык кенешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй
болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш,
-Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык кенешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кенешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык кенештин чечимин тиешелүү аткаруучуларга таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык кенеши кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ( менчигинин түрүнө карабастан) ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV-БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин регламенти
8-глава
Айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
8.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламентинин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кенештин сессиясына
бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдн кенешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.5. Регламент жана Регламентке оңдоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Жооптуу катчы | Ж. Осмонова |