Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-январы № 1/1
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламентинин негизинде даярдалган Жаны-Алай айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) 1 сессиясын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламенттин негизинде даярдалган Жаны-Алай айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.(тиркелет)
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты |
О. Акбашов |
| Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги 1 – заседаниесинин (6- шайланган) 2017 -жылдын 6-январь № 1/1 токтому менен бекитилген |
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I – БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1 – Глава
Жаңы-Алай айылдык Кеңеши
2- Глава
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин компетенциясы
II – БӨЛҮК
3– Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары
3– 1 глава
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
4 – глава
Айылдык кеңешинин катчысы
5 – глава
Жаны-Алай айылдык кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III - БӨЛҮК
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби
IV – БӨЛҮК
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин Регламенти
8 – глава
Жаны-Алай айылдык кенешинин Регламентине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»
Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кенешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1. БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1 – глава
1.1. Жаңы-Алай айылдык кеңеши озунун иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын , Жогорку Кенештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат .
1.2. Жаны-Алай айылдык кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жургузулот.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кенеш оз алдынча башкаруунун окулчулукту органы болуп саналат.
1.3. Жаны-Алай айылдык Кенеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштуу аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана туз шайлоо укугунун негизинде жашырууну добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Жаны-Алай айылдык кеңешинин уюштуруучу – укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат.
2 глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
2.1. Айылдык кенешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет :
1) жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө:
2) жергиликтуу бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу:
3) аймактарды социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу:
4) жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө:
5) Жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тез тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчигин обьектерин менчиктештируу программасын бекитуу жолу менен белгилоо, муниципалдык менчиктин пайдаланалышына контролдукту жүзөго ашыруу:
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескоочу органынын иши жонундо отчету угуу:
7) мыйзамдарда белгиленген учурда депутаттарыдн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу:
8) Айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы санынын учтон эки добушу менен ишенбестик билдируу:
9) Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү:
10) администрациялык аймактык тузулуш боюнча сунуштарды тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына киргизу максатында аларды иштеп чыгуу:
11) Торганын жана анын орун басары шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу :
12) Жергиликтуу кенештин Регламентин кабыл алуу:
13) оз чечимдеринин аткарылышан көзөмөлдүк кылуу :
14) окмот тарабынан аныкталуучу типтуу ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана тузумун бекитуу:
15) муздак сууну , канализацияны жылуулук жабдууларын пайдалануу учун ошондой эле турмуш тиричиликтин кату калдыктарын чогултуу , ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү:
16) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды откорууго тыюу салганга чейинки чектоолорун аныктоо:
17) ирригациялык тармактарды уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо:
18) Айылдык округдун башчысын шайлоо:
19) тиешелуу район учун мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы учун белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл-чарбасына жарактуу жерлерин пайдалангандык учун салыктын жиктелген (дифференцияланган) ставкаларын белгилоо :
20) Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, Чоп чабындыларды кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруунун тартибин аныктоо:
21) жергиликтуу жамааттын Уставын кабыл алуу, бул Уставка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечуу.
2.2. Айылдык кенеши жергиликтуу маанидеги башка маселелерди чечууго укуктуу, материалдык финансылык жана башка каражаттар болунуп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар откорулуп алынат жана аткарылат.
2.3. айылдык кенеши белгиленген моонотто озунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришуудо айылдык кенештин структурасы жонундо чечим кабыл алат.
II - БӨЛҮК
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы жана орун басары
3– Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин торагасы жана торагасынын орун басары.
3.1. Айылдык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашырууну добуш беруу жолу менен айылдык кенешинин ыйгарым моонотуно шайланат.
Айылдык кенешинин торагалыгына депутаттар тарабынын ошондой эле озун-озу корсотуу тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин төрагасы :
-Кеңештин сессиясын чакырат :
- Сессияга торагалык кылат :
- Айылдык кенешинин чечимдерине отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет :
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. айылдык кенешинин торагасы озунун милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы учун шайланган депутаттардын учтон бир болугунун демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык кенешинин торгасынын орун басарына талапкерди торага тарабынан сунушталат жана ачык добуш беруу жолу менен шайланат. Депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кенештин торагасынын оран басары тораганын тапшырмаларын аткарат жана торага оз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда тораганын милдетин аткарат.
3.5. кенештин торагасынын орун басары оз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кенештин торагасынын орун басары депутаттарынын учтон бир болугнунун демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
3 – 1 Глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кенештини депутаттары жана депутаты тарабынан корсотуунун тартиби
3.1. 1. айыл окмотунун башчысы айылдык кенешинин депутаттары депутаты тарабынан корсотулуучу ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашырууну добуш беруу жолу менен айылдык кенештин чакырылыш моонотуно айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. айыл окмотунун башчысын шайлоо, эгерде айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын учтон экиден кем эмеси катышса болуп отту деп эсептелет. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3.1.3 . айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык кенештин депутаттары же депутаты шайлоо кунуно чейин 5 жумушчу кундон кечиктирбейаймактык шайлоо комиссиясына томондогу документтерди сунуштайт.:
1) айыл окмотунун башчылыгына талапкерди корсотуу жонундогу айылдык кенештин чечими
2) талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы
3) талапкердин омур баяны
4) адистерди каттоого алуу боюнча суроту жабыштырылган оздук баракчасы (личный листок по учету кадров)
5) нотариалдык куболондурулгон эмгек китепчесинин кочурмосу
6) нотариалдык куболондурулгон жогорку билими жөнүндөгү дипломдун кочурмосу
7) резюме ( справка –обьективка)
4-Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин катчысы
4.1. Жаңы-Алай айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы аткарат.
4.2. айылдык кеңешинин катчысы
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин катчысы сессиянын протколун жургузот :
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин катчысы келип тушуучу иш-кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
- Жаңы-Алай айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жургузот :
- Жаңы-Алай айылдык кеңештин сессиясын откоруу жонундо депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат :
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жонотууну уюштурат :
- Айылдык кеңешинин жана сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5– глава
Жаны-Алай айылдык кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга катышу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына козомол кылуу учун тузулот.
Комиссиялардын тизмеги алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык кенеш тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу учун убактылуу комиссияларды тузо алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана сандык курамы аларды тузу убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердуулугу тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III - БӨЛҮК
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби
6 – Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин сессиясын откоруунун тартиби
6. 1. Жаны-Алай айылдык кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук –укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык кенешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымынын катышуусу менен откорулот.
Айылдык кенешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат. Айылдык кенештин чечимдери токтом турундо даярдалат.
6.2. айылдык кенешинин депутаттары кенештин сессиясына катышууга милдеттуу. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жургузот. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. айылдык кенешинин сессиясы ачык турдо откорулот. Кенештин чечими менен сессия жабык турундо откорулуусу мумкун.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш беру менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык кенеши ар бир сессияда кун тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат.
6.6. айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык кенешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жургузот. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандын себептери , чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга торагалык кылынуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жонундо маалыматтар каражат булактарында чагылдырылат.
7 – Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Жаны-Алай айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашырууну добуш менен кабыл алынат.
7.2.Айылдык кенешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болуу тийиш
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылообулактары, ошондой эле токтомдун кучуно киргендиги көрсөтүлөт:
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштуу аймактык органдардын жергиликтүү болумдору, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш :
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш :
- айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык кенешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
7.4. кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында озунун озгочо пикирин айылдык кенешинин протоколуна киргизууго укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук болугу добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык кенешинин чечимин тиешелүү аткаруучуларга таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык моонотто кенеш аппараты тарабынан жургузулот.
7.8. Айылдык кенешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан (менчигинин туруно карабастан) ишканалар, мекемелер Жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттуу.
IV- БӨЛҮК
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин Регламенти
8 – Глава
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби .
8.1. Айылдык кенешинин иш Регламентин, типтуу Регламентинин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кенештин сессиясында бекитууго киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кенешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Анны айылдык округдун кенешинин торагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын копчулук саны кабыл алынат.