Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу №8
Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Жумгал райондук прокуратурасынын прокурору Т.Жумагазиевдин Жумгал айылдык Кеңешинин төрагасы С.Санташовго, Жумгал айылдык Кеңешинин Жумгал айыл аймагындагы СООППВ «Доскулу-Булагы» коомуна ичуучу таза суу учун менчик үйгө киргизилген жана ар бир жан үчүн ичүүчү суунун тарифи бекитип берүү жөнүндө 2014-жылдын 6-мартындагы № 3 Жумгал айылдык Кеңеши токтомун жокко чыгаруу боюнча 2016-жылдын 20-майындагы №11-74-16 талабын талкуулап Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 20-майындагы № 11-74-16 талабынын негизинде, Жумгал айылдык Кеңешинин Жумгал айыл аймагындагы СООППВ «Доскулу-Булагы» коомуна ичүүчү таза суу учун менчик үйгө киргизилген жана ар бир жан үчүн ичүүчү суунун тарифи бекитип берүү жөнүндө 2014-жылдын 6-мартындагы № 3 токтомун жокко чыгарылсын.
2. Жумгал айылынын жалпы тургундарына ичуучу таза сууга болгон төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Жумгал айыл аймагындагы ичүүчү таза суу үчүн 1 айда ар бир жандан 10(он) сомдон акчалай кармалсын;
- таза сууну менчик огородуна киргизип алган үй-бүлөөлөрдүн жан башына 15(он беш) сомдон акчалай кармалсын;
- таза сууну менчик огородуна киргизип алуу үчүн бир жолку уруксаат (решение) алуу үчүн 3000(үч миң) сом акчалай төлөсүн;
- таза сууну эч кандай уруксаатсыз менчик огордуна киргизип алып, уруксааты (решениеси) жок үй ээсине,3000(үч миң) сом айып акча салынсын;
3. Жумгал айылынын СООППВ нын коомдук жамаатынын кызматкерлерине эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
-СООППВ нын башчысынын эмгек акысы- 4000(төрт миң) сом
- бухгалтер казначейинин эмгек акысы- 3800(үч миң сегиз жүз) сом
- слесарь,операторун – 2000 (эки миң) сом
- охраник № 1 – 1000(миң) сом
- охраник №2 -2500 (эки мин беш жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |