Загрузка документа…
(Жумгал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 3
Жумгал айыл аймагындагы СООППВ «Доскулу-Булагы» коомуна
ичүүчү таза суу үчүн менчик үйгө киргизген жана ар бир жан
үчүн ичүүчү суунун тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жумгал айыл аймагындагы СООППВ «Доскулу-Булагы» коомунун жамаатынын Жумгал айыл аймагынын башчысы У.Болоталиевге жана айылдык кеӊештин депутаттарына кайрылуусунун жана сунуштарынын негизинде, элди таза суу менен камсыз кылууда мамлекетке 123623 ( жүз жыйырма үч миӊ алты жүз жыйырма үч) сом карызы бар экендиги жана таза суу курулуп жатканда мүчүлүштүктөр көп кеткендиги (трубалардын) туура эмес жайгаштырылышы, ремонттоо учурунда запчастардын жетишсиздиги, жамааттагы иштеген кызматкерлердин финансылык айлыктарынын жетишсиз көйгөйлөрү көп болгондуктан айылдык кеӊештин депутаттары Б.Нуркулов, С.Санташов, Э.Бектурсунов, Б.Жаманаковдор чыгып сүйлөшүп баардык кемчиликтерди, көйгөйлөрдү, суроо талаптарды эске алышып, сессияга катышкан баардык депутаттар талкуулашты.
Жогорудагы сессиядагы каралган маселелерди талкуулап,
Жумгал айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жумгал айыл аймагында ичүүчү таза суу үчүн 1-айга, ар бир жанга 15- (он беш) сомдон төлөнсүн.
Таза сууну менчик үйгө киргизип алуу үчүн бир жолку уруксаатына(решение)
3000 (үч миӊ) сом төлөнсүн
Таза сууну менчик үйгө киргизген тутүндүн , ар бир жанга 25 (жыйырма беш)
сомдон төлөнсүн.
4. Эч кандай уруксаатсыз менчик үйлөрүнө жана сарайларына таза сууну киргизип алган түтүндөргө айып (штраф) 3000 (үч миӊ) сом салынсын.
5. Жай мезгилинде колонкалардан, түтүкчөлөр аркылуу огород, бак - шагын сугарууга тыюу салынат, бир жолу эскертүү берилет.
-эгерде экинчи жолу сугарса 500 (беш жүз) сом айып салынат.
-үчүнчү жолу сугарса 1000 (миӊ) сом айып салынат.
6. Жумгал айылынын таза суу боюнча жалпы суу түтүктөрүнүн санитардык абалына, суу түтүктөрүнүн иштешине көз салуу жагы Жумгал айылынын СООППВ- нын төрагасына милдеттендирилсин.
7. Жумгал айылынын СООППВ- нын коомдук жамаатынын кызматкерлеринин эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. СООППВ- нын башчысынын эмгек акысы 4000 ( төрт миӊ) сом
2. бухгалтер казначей 3800(үч миӊ сегиз жүз) сом
3. слесарь оператор 2000 (эки миӊ) сом
4. охраник №1- 1000 ( миӊ) сом
5. охраник №2- 2500 (эки миӊ беш жүз) сом болуп белгиленсин.
8 .Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге жана СООППВ-нын төрагасына милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |