Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 3
Айылдык Кеңештин 2017-жылга аткара турган иш-планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңешинин 2017-жылга аткара турган иш-планы №12 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 1 баракта тиркелет.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| Ленин айылдык Кеңешенин 15.02.2017-ж. III-сессиясынын №3 токтомуна №12 тиркеме |
Ленин айылдык Кеңешинин 2017-жыл ичинде аткара турган
ИШ ПЛАНЫ
Катар № | Каралуучу маселелер | Кароо мөөнөтү | Ким даярдайт |
1. | Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга аткарылышы, 2017-жылга кабыл алуу | I – квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы |
2. | Кыргыз Өкмөтүнүн №451 токтомуна ылайык айыл өкмөттүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү | I – квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү | I – квартал | Айылдык Кеңештин катчысы жана төрагасы |
4. | Жер маселелери жана муниципалдык менчиктегиобъектилер боюнча комиссия мүчөлөрүнүн курамын бекитүү | I – квартал | Айылдык Кеңештин катчысы жана төрагасы |
5. | Ленин айылдык аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү | II – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
6. | Жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновтун отчету | III – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
7. | Калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы боюнча социалдык адис Мамырасуловдун М. отчету | III – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
8. | Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы | IV – квартал | Административдик укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
9. | Мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы жөнүндө | IV – квартал | Агрардык комиссиясы |
Катчы | К. Курманалиев |