Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги 5- сессиясы

 

2017-жылдын 24-февралы № 11

 Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017- жылга бюджетинин киреше булактарны аныктоо жөнүндө

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетинин киреше бөлүгү боюнча “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында” алдын -ала каралган сунушунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетинин долбоорунда көрсөтүлгөн 385,6 сом айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыгы көп көрсөтүлүп калгандыктан № 1- тиркемеге ылайык 49,3 сомго кыскартылып, 336,3 мин сом болуп бекитилсин .

2. Айыл өкмөтүндө жеке өндүрүүчүлөрдөн алынуучу бирдиктүү салык төлөөчүлөр жок болгондуктан бюджеттин киреше булагынан 80,0 мин сом алынып салынсын.

3. Ыктыярдууу патент 270,0 сомдон 370,0 сомго ,транспорт салыгы №1 тиркемеге ылайык 280,0 сомдон 400,0 сомго көтөрүлүп бекитилсин.

4. Айыл аймагындагы кен жайгашкан жер тилкелери үчүн ижаралык төлөм ишканалар менен түзулгөн келишимдерге ылайык 810,0 сомго бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышыны көзомөлдөө жагы “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына”” жүктөлсүн.

 

Төрага

Х. Каныбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындаг №11 Токтомуна №1-Тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга юридикалык айыл чарба жер салыгын маалымат

 

 

Аянт(га)

ставка

сумма

Кайрак айдоо

2572

75,0

192900

Бийик тоолуу кайрак айдоо

1171

37,50

43912

Чөп ормо

1019

40,0

40760

Бийик тоолуу чөп ормо

694

20

13880

Жайыт

2581

17

43877

бак

5

200

1000

 

 

 

336329

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү транспорт салыгынын маалыматы

 

Транспорттун аталашы

Мөөнөтү,жылдары

Транспорттун саны

Кыймылдаткычтын өлчөмү (куб)

Салыктын ставкасы

Суммасы

Женил авто унаалар

5-10-жылга чейин

30

58500

0,75

43875

10-15-жылга чейин

60

117000

0,60

70200

15-жылдан жогорку

 

150

368550

0,45

165847

Оор жүк ташуучу авто унаалар

15-жылдан жогорку

90

400500

0,30

120150

 

Жалпы суммасы

 

 

 

 

400072