Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-3
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016- жылдан калган калдыктын 2017-жылга аткарылышы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан калган калдыктын,2017-жылга Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2503,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга калган калдык акча каражаттан Осмонов Орупжан оор операция болгондуктан жардам берүүгө 60,0 миң сом берилсин жана калган акча каражаттарын карап, чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин аткарылышы жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилсин жана мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышы кезектеги 13-отурумунун № 13-3- токтомуна № 1 тиркеме |
Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2016-жылдан калган калдык акча каражаттарынын 2017-жылыга чыгымдалышы
№ |
Чыгашалардын аталышы |
|
|
| Суммасы Миң сом | ||
1 | Айылдык Кеңештин төрагасынын эмгек акысына | 5,6 | |
2 | Айыл өкмөттүн кызматкерлерине эки айлык өлчөмүдө кошумча эмгек акыга | 560,4 | |
3 | Президенттик шайлоого кетүүчү чыгымга | 30,0 | |
4 | Бөлмөлөрдү сырдап актоо жана башка чыгымдарга | 20,0 | |
5 | Айыл өкмөттүн кеңсесинин алдын реканструкциялоого | 435,0 | |
6 | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине стол,стул алууга | 41,9 | |
7 | Күнгөй Кожоке айылынын ички арыктарына | 55,0 | |
8 | Айыл аймагына караштуу айылдардын ген планын чыздырууга | 476,0 | |
9 | Эпизотикалык абалды туруктуу кармоого | 186,5 | |
10 | Көк -Бел ооруканасынын башка чыгымдарына | 40,0 | |
11 | Кожоке айылындагы № 1228 КТП тронсформаторуна шит алууга | 35,0 | |
12 | Чеч-Дөбө айылынын Беш тал участкасына электр чубалгыларын тартууга | 33,0 | |
13 | Интернет байланышына керектелүүчү материалдарына | 200,0 | |
14 | Долбоордун негизинде жайыт комитетине жаны техника алууну өздүк салымына | 162,5 | |
15 | Кожоке атындагы орто мектебинин ашканасынын долбооруна | 40,0 | |
16 | Аз камсыз болгондорго | 72,0 | |
17 | Осмонов Орупжан оор операция болгондуктан жардам берүүгө | 60,0 | |
18 | Ноокат РЭСтен болгон карызга | 25,8 | |
19 | Бала бакчанын тама ашына | 24,3 | |
| Жалпысы | 2503,2 | |