Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-9
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесини 2016-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга түзүлгөн божомол бюджетинин токтомун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов ЖПБнин 2017-жылдын 7-февраль «2016-жылга жайыт пайдаланууда жургузгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү токтомун депутаттардын айылдык кеңеши бекитүү максатында »
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинсин 2017-жылдын 7-февраль «2016-жылга жайыт пайдаланууд а жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү токтому бекитилсин ». (тиркелет)
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгарууну тиркемеге ылайык мөөнөтүндө малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын. ( тиркеме тиркелет)
Н.Исанов жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын алуу эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүү максатында айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылсын. Анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.(тиркелет)
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырышсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилген жайыт жерин салыштыруу эсебин чыкканча пайдаланган жайыт жери 11825 га жерге мамлекеттик жайыт салыгын төлөп туруу жагы белгиленсин.
Жайыт комитетинин Ветврачтар менен биргеликте пост куруп 1-марттан 1-ноябрга чейин иштеп турсун.
Жайытка мөөнөтүнөн мурда уруксат албай жайытка чыккандар үчүн КР административдик жаза көрүү мыйзамдарына ылайык иш алып барылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл , суу чарба жерге жайгаштыруу , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышы кезектеги 13-отурумунун № 13-9- токтомуна № 1 тиркеме |
Н. Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылга карата түзүлгөн бюджети тууралуу маалымат
Айыл аймагынын маалыматы боюнча малдын баш саны
кара мал (баш) 4501
жылкы (баш) 1005
кой (баш) 10300
эчки (баш) 535
1. Кара малдын колго багылган баш саны 896 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан малдын саны 1987 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан малдын баш саны 130 (актысы тиркелет). Калган малдын баш саны 1488(актысы тиркелет).
2. Жылкынын колдо багылган баш саны 618 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан жылкынын саны 292 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан жылкынын баш саны 95 (актысы тиркелет).
3. Койдун колдо болгон баш саны 1911 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан койдун саны 5295 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан койдун баш саны 215 (актысы тиркелет). Калган койдун баш саны 2879(актысы тиркелет).
4. Эчкинин башка алыска жайытка чыккан эчкинин баш саны 358 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан эчкинин баш саны 57 (актысы тиркелет). Калган малдын баш саны 120.
1 | Кара мал жыл ичинде | 1488 |
2 | Кара мал 4 айга баш | 130 |
3 | Жылкы 4 айга баш | 95 |
4 | Кой баш | 2879 |
5 | Кой 4 айга башы | 215 |
6 | Эчки баш | 120 |
7 | Эчки 4 айга баш | 57 |
ЖПБнын жыйынындагы мал башына бекитилген жайытка чыгуу баалары боюнча
№ | Мал | Сом | Айына ( сом) |
1 | Кара мал башына жыл ичинде | 140 | 20 |
2 | Жылкы жыл ичинде | 140 | 20 |
3 | Кой башына жыл ичинде | 84 | 12 |
4 | Эчки башына жыл ичинде | 120 | 17 |
ЖАЙЫТ БЮДЖЕТИН ЭСЕПТЕП ЧЫГУУ:
№ | Мал | Сом | Жалпы жыйынтык ( сом) |
1 | Кара мал башына жыл ичинде | 1488Х140 | 208320 |
2 | Кара мал 4 айга баш | 130х80 | 10400 |
3 | Жылкы 4 айга баш | 95х80 | 7600 |
4 | Кой баш | 2879х84 | 241836 |
5 | Кой 4 айга баш | 215х48 | 10320 |
6 | Эчки баш | 120х 120 | 14400 |
7 | Эчки 4 айга баш | 57х68 | 3876 |
| Бардыгы |
| 496752 |
Бардык 2017- жылга түзүлгөн божомол бюджеттин жыйынтыгы 496752 ( төрт жүз токсон алты мин жети жүз элү эки) сом.
Н. Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: М. Маманов
Н. Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А. Атаев
| Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышы кезектеги 13-отурумунун № 13-9- токтомуна № 2 тиркеме |
2017- жылга карата Н. Исанов атындагы ЖПБнын божомол түзүлгөн бюджети
Киреше булагы
| Малдын түрү | Саны | 1 башка болгон жайыт акы сом | Жалпы суммасы сом |
| Кара мал жыл ичинде | 1488 | 140 | 14208320 |
| Кара мал 4 айга баш | 130 | 80 | 10400 |
| Жылкы 4 айга баш | 195 | 80 | 7600 |
| Кой жыл ичинде | 2879 | 84 | 241836 |
| Кой 4 айга баш | 215 | 48 | 10320 |
| Эчки жыл ичинде | 120 | 120 | 14400 |
| Эчки 4 айга баш | 57 | 68 | 3876 |
| Бардыгы |
|
| 496752 |
496752 ( төрт жүз токсон алты мин жети жүз элү эки) сом.
Чыгаша булагы
№ | Мазмуну | Айына сом | Жалпы суммасы сом |
1 | ЖПБнын төрагасынын эмгек акысы | 7000 | 84000 |
2 | ЖПБнын эсепчисинин эмгек акысы | 5000 | 50000 |
3 | ЖПБнын инспекторунун эмгек акысы | 3000 5 айга | 30000 |
4 | Транспорт чыгымы |
| 25000 |
| Сапар чыгым |
| 20000 |
| Жайыт салыгы |
| 114,000 |
| Соц казына төлөм 17,25% |
| 28290 |
| Жана башка чыгымдар |
| 25000 |
| инфраструктурага |
| 120462 |
496752 ( төрт жүз токсон алты мин жети жүз элү эки) сом.
| Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышы кезектеги 13-отурумунун № 13-9- токтомуна № 3 тиркеме |
Жергиликтүү кенештин 6- чакырылышынын 13-отурумунун сессиясында бекитилген
1 | Ири мүйүздүү мал башына жыл ичинде | 140 сом | Айына 20 сом |
2 | Торпок башына жыл ичинде | 84сом | Айына 12 сом |
3 | Жылкы башына жыл ичинде | 140 сом | Айына 20 сом |
4 | Кой башына жыл ичинде | 84 сом | Айына 12 сом |
5 | Эчки башына жыл ичинде | 120 сом | Айына 17 сом |
Жаны- Базар айылы 11- февраль 2017- жылы ЖПБнын жыйынында мал башына бекитилген жайытка чыгуу баалары боюнча
1 | Ири мүйүздүү мал (топоз)жыл ичинде | 370 сом | Айына 31 сом | |
2 3 | Топоз (мамалак) башына жыл ичинде | 260 сом | Айына 22 сом | |
Жылкы башына жыл ичинде | 185 сом | Айына 27 сом | ||
4 | Кой башына жыл ичинде | 84 сом | Айына 12 сом | |
5 | Сырттан алып келген кой башына жыл ичинде | 252 сом | Айына 36 сом | |
6 | Эчки башына жыл ичинде | 120 сом | Айына 17 сом | |
7 | Сырттан алып келген эчки башына жыл ичинде | 220 сом | Айына 31 сом | |
8 | Ири муйуздуу мал жыл ичинде | 185 сом | Айына 27 сом | |
Кичи - Алай боюнча
Жайыттарды кыйыр максатта пайдалануучулар учун:
Жайыт жерин тосуп, кыйыр максатта пайдалангандыгы үчүн көп жылдык бакка 1 сотых жерге - 30 сом.
Жайыт жерин жаңы өздөштүрүп, тосуп кыйыр максатта пайдалангандыгы үчүн 1 сотых жерге 10 сом.
Бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн -50 сом.
Сырттан келген бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн - 100 сом.
Эс алууга келген туристтерге 1 күнгө 200 сом.
Жайыт жеринен топурак, таш ташуучуларга 1 машинасына 100 сом
Жайыт жерин мал жаюу максатта эмес жол салып башка максатта пайдалангандыгы үчүн 1 метр квадрат жерге 10 сом.
Чет жактан алып келип айылга жана жайлоого мал баккандар үчүн
1 | Ири мүйүздүү мал | 400 сом | айына 57 сом |
2 | Топоз | 600 сом | айына 56 сом |
| Жылкы | 400 сом | айына 57 сом |
4 | Кой башына | 252 сом | айына 36 сом |
5 | эчки | 240 сом | айына 34 сом |
Айыл арасында жайыттарга уруксаты жок, чет жактан алып келип бакса 2000дон 5000 сомго сомго чейин жазана төлөйт.
Төрага | Ж. Нурмаматов |