Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин (6-чакырылыш) кезексиз 2-сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 4
Зергер айылдык Кеңешинин 2017 – жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Зергер айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Зергер айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме ).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.
Төрага | С. Кулушов |
| Зергер айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17- январындагы №4 токтому. |
Зергер айылдык кеңешинин 2017 – жыл үчүн иш планы:
2017 – жылы Зергер айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
Айылдык кеңешинин 2017–жыл үчүн иш планын бекитүү (2017-жыл, январь айы. кеңештин төрагасы).
Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аркарылышы, муниципалдык менчиктин пайдаланышы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү 2016 – жыл үчүн жылдык отчету жана 2017 – жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү (2017-жыл, февраль айы. Айыл өкмөт башчысы).
Зергер айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).
Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы)
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө жана маданият үйүнүн,айылдык китепкананын калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө. (2017-жыл, 2-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).
Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары).
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын 6 айында кирешелер жана чыгашалар боюнча планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
Зергер айыл аймагы боюнча 2017-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2017-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия”).
Уюштуруу-массалык иштер.
№ | Иш чаранын мазмууну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптулар | Эскертүү |
1 | Туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар. |
|
2 | Зергер айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, жоопту катчысы, регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия |
|
3 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, таштанды чыгаруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуукомиссиялардынтөрагалары |
|
4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) Айыл өкмөтүнүн жана айыл башчылардын аткарган иштери боюнча отчеттун угуу. | Жылына кеминде эки жолу | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
|
5 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу Айыл өкмөтүнүн аткарган иштери боюнча отчетун угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, депутаттар |
|
6 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
7 | Өзгөн райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына катышуу | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
8 | Райондук, облустук жана айыл аймактык деңгээлдеги жыйындарга (коллегияларга, координациялык кеңештерге, элдик жыйындарга ж.б.) катышуу (зарылдыкка карай) | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
9 | Алтынчы чакырылыштагы Зергер айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2017-ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Төрага | С. Кулушов |