Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 9
Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерлердин инвентаризациясы жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө” №114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан 2014-жылдын сентябрь айынан жылдын январь айына чейин инвентаризациялангандыгы жөнүндө мааламатты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация миңистрлигинин “Кыргыз мамлекеттик экспедицисынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы жактырылсын.
2. Сузак райондук мамлекеттик адмиңистрациясынын алданда түзүлгөн комиссия курамынан Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер балансасын Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистеринин инвентаризациясына жараша кабыл алып токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Мусановго жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |