Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы
2016-жылдын 29-июну № 1
Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы 19-сессиясында кабыл алынган №1 токтомдун 22 жана 23-пунктары төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:
• Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерин колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде кварталдар жыйынтыгы менен сыйакылар төлөө жагы каралсын.
• Аталган мыйзамдын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам көрсөтүү каралсын.
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |