Загрузка документа…
(Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 токтомуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди)
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 1
2015-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2016-жылга бюджеттин долбоору жөнүндө
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдагы киреше жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын “долбоору” 2017-2018-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнун башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун 2015-жылга такталган кирешелердин аткарылышы 19752,3 миң сом, чыгашалары 21574,1 миң сом өлчөмүндо бекитилсин.
2. 2016-жылда айыл өкмөтүнун трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 22827,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин божомолу 2017-жылга 11424,9 миң сом, 2018-жылга 12209,9 миң сом, тендоо грантынын көлөмү 2017-жылга 10056,4 миң сом, 2018-жылга 10069,3 миң сом өлчөмүндо жактырылсын.
4. Тендоо грантынын көлөмү 11049,7 миң сом өлчөмүндо бөлүмдор жана беренелер боюнча чыгымдар бекитилсин жана анык эсептөөлөргө ылайык пайдаланылсын.
5. Айыл өкмөтүнон жыйналган салык жана салык эмес жыйымдар тендоо гранттары биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эл.энергия төлөмү, көмүр сатып алуу, эмгек акы жана аны социалдык фондко чегерүүгө) багытталсын.
6. Патент салыгы 2016-жылга план боюнча 650,0 миң сом, КБФ жерлеринен түшкон аренда салыгы план боюнча 417,4 миң сом, сатуудан алынган салык план боюнча 900,0 миң сом, айыл чарба жерлеринин салыгын 1051,5 миң сом корсотулгон, анык эсептоолордун негизинде патент салыгын 700,0 миң сомго, аренда салыгын 500,0 миң сомго, сатуудан алынган салык 900,0 миң сом, жер салыгын 1200,0 миң сомго жеткируу такталды, ошондуктан 822,1 миң сомго планды которуп беруу райондук каржы бөлүмү аркылуу каржы миңистрлигинен суралсын.
7. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
8. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдору боюнча 1400,0 миң сом план корсотулгон, бирок бала бакчада балдардын саны кобойгондугуно байланыштуу 1800,0 миң сомго которулуп, балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына 1100,0 миң сом бир жылга бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтүндо майрамдарды, белгилуу кундорду жана уюштуруу иштери үчүн 872,8 миң сом бөлүнүп берилсин. Айыл өкмөттун аймагындагы мектептердин долбоорлору үчүн 150,0 миң сом, мектептердин имаратына мамлекетти акт жасатуу үчүн 80,0 миң сом берилсин. Маданият бөлүмүно конкурс-сынактарды өткөрүү үчүн 80,0 миң сом каралсын.
10. Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын өткөрүү үчүн 130,2 миң сом, сапар чыгымдарына 20,0 миң сом, жабдууларды алууга 40,0 миң сом каралсын.
11. Эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 400,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
12. Бала бакчаларды куруу үчүн долбоорлорун түзүүго 180,0 миң сом, Мундуз айылындагы бала бакчасын курууга 1000,0 миң сом, Акбаш айылындагы балдар бакчасын курууга 1000,0 миң сом, бардыгы болуп 2000,0 миң сом бөлүнсүн.
13. Айыл өкмөттун имаратын куруу үчүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджет эсебинен 2300,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
14. Айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 220,0 миң сом каралсын.
15. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнун резервдик фонду 200,0 миң сом өлчөмундө белгиленсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2.05.2015-жыл №87 токтомуна ылайык электр энергиясы үчүн 2016-жылга айыл өкмөтүно болунгон лимитти сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана лимит сакталсын, айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга лимитке ылайык акча каражаты каралсын, комур алуу үчүн 495,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
17. Айыл өкмөтүнун 2016-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 100,0 миң сом өлчөмүндо кол тийгис фонд тузулсун.
18. Аз камсыз болгон уй булолорго жардам беруу үчүн 700,0 миң сом каралсын.
19. Кайра болуштуруу фондунун жерлеринен тушуучу аренда акыларды жана улуш жерлерден ондурулуучу салыктарды оз убагында ондуруу жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
20. Башкаруу бөлүмүнун кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2013-жылдын 8- июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери бекитилсин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2013-жылы 28- июндагы №384, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2013-жылдын 2-октябрдагы №543 токтомдорунун негизинде бекитилсин.
21. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзу башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамынын №52 беренсине ылайык айыл өкмөтто 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсун.
22. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерин колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде кварталдар жыйынтыгы менен сыйакылар төлөө жагы каралсын.
23. Аталган мыйзамдын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам көрсөтүү каралсын.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 31-январь 2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиктери жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлор толонуп берилсин.
25. Райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 800 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сом, айылдык кеңештин торайымына 200 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
26. Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнун орун басарына айылдар алыс жайгашкандыгынан жана элден тушкон арыз, суроолорун жер жеринде чечип келуу үчүн жана башкы соц.адиси долбоорлор жана мектептер менен иштоо үчүн келишимдин негизинде өз автоунаасын кызматтык абалга пайдалангандыгына байланыштуу компенсация төлөнүп берилсин.
27. Жыл ичинде пландык корсоткучтордон кошумча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин №101-П буйругу менен бекитилген жобого жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин № 05-06-6/3323 сандуу катынын негизинде каржы министрлиги менен макулдашуу аркылуу жана айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен пайдалануу эскертилсин.
28. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21 ноябрь №158 жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37- беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин торайымына сессияларды өткөрүү үчүн жумуш күнүнө айыл өкмөтүнун эсебинен компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
29. Айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2017-жылдын 1-январына карата 30,0 миң сом өлчөмүндо бекитилсин.
30. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнун каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
31. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына жана финансы бөлүм башчысына жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |