Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 26-апрели № 14
2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровдун 2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы жөнүндө билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-41-44 беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровдун 2017-жылга иш аракеттери боюнча билдирүүсү кабыл алынсын
2. 2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин.(программа жана иш-чарасы тиркелет)
3. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго:
-2017-жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын ишке ашыруунун стратегиялык иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылуу;
-Кадр мселелерин учурдун талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу;
-Көмүр өнөр-жайын өнүктүрүү, экономикалык көрсөткүчтөрду жогорулатуу, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүну жалпы координациялоо жана көзөмөлдөө;
- инвестиция, таза суу, жол, тарнспорт, коммуникация маселелерин өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Билим берүү, маданият, саламатыкты сактоо, жаштар саясаты, адеп жана ыйман жылы багытындагы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу;
-Бекитилген программанын аткарылышы боюнча маалымат шаардык кеӊешке 2018-жылдын 31-январына чейин берилишин камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча, өнөр жай, транспорт, жол, комуналдык иштер, таза суу, тазалык, экология боюнча, социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты, жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |
| Сүлүктү шаардык кеңештин 2017-жылдын 26- апрель №14 токтому менен бекитилген |
Сулукту шаарынын жергиликтуу өз алдынча башкаруунун башчысы - мэри
Абдыназаров Рахманберды Эрматовичтин 2017-жылга Сулукту шаарын
социалдык-экономикалык жактан онуктуруу жана калкты социалдык жактан коргоо
ПРОГРАММАСЫ
Кириш сөз.
Кылымдарды карыткан шаарыбыздын кенчилери өндүргөн кара алтыны өз мезгилинде Кыргызстанга гана эмес, жалпы Борбордук Азияга белгилүү болуп келген. Күжүрмөн кенчилерибиздин ак эмгегинин артында шаарыбыз көркүнө чыгып, көп кабаттуу үйлөр, бала-бакчалар, мектептер, жаштар үчүн спорт комплекстер жана шаардын инфраструктурасы өнүгүп, бардык жакшы жетишкендиктерди элдин жыргалчылыгына багытталганы баарыбызга белгилүү.
Учурда Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 26 жылдын аралыгында шаарыбыз мурдакы көркүн жоготуп, экономикалык абалы биз ойлогондой деңгээлге жетпей, элдин зээнин кейитип турат.
Шаарда жасай турган жумуштар абдан көп, аларды аткаруу үчүн жалпы коомчулук, эл жана саясий партиялар «бир жакадан баш, бир женден кол» чыгарып, биримдикте, шаарды өнүктүрүүгө бел байлаган, элин ойлогон, элине күйгөн, өз кызыкчылыгын артка таштаган уул-кыздарына мүмкүнчүлүк берүү зарыл деп эсептеймин.
Алдыбызда өнүгүүнүн дагы кыйла татаал жолу турат. Бирок биз муну да басып өтөбүз. Биздин шаар төрт жыл ичи кандай болду? Эмнеге жетиштик? Дагы төрт жылда күчтөнүп, ирденип алабызбы? – деген суроо ар бир адамдын оюнда.
Бизге бул суроого жооп алуу үчүн төмөнкү шарттарды ишке ашыруу зарыл болуп турат:
- Биз мындан да күчтүү болуп, ирденип алуубуз керек;
- Өз күчүбүзгө жана эркибизге ишенүүбуз керек;
-Шаарыбызда эркин, таза жана адилеттүү кам көрүү зарыл.
Себеби, «Биз бардыгыбыз бирге – Кыргызстанбыз!» деген ураан менен улуттук ынтымакты жана биримдикти бекемдөө аркылуу байгерчиликке, өнүгүүгө жетишебиз.
Биздин шаар өзүбүзгө, келечек муунга, өлкөгө керек.
«Биз ушул шаарда, ушул өлкөдө гана бактылуу болобуз!»
Шаарыбызда көйгөйлөр көп болсо да, койгон максаттарга жеткирүүчү багыттарыбызды элибиз колдоого алат деген чон үмүтүбүз бар.
Залкар «Манас» эпосунда «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» деген накыл сөз бар. Биз экономикадагы, элибиздеги бөлүнгөндү улоого, чачылганды жыйноого тийишпиз.
I БӨЛҮМ. СҮЛҮКТҮ ШААРЫН ТУРУКТУУ ЖАНА СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТТАРЫ.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялады.
2018-жыл Сүлүктү шаарынын эли учун өзгөчө тарыхый жыл, Сүлүктү шаарынын 150-жылдык юбилейи салтанаттуу белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-ж 7 февралындагы № 32-б “-2016-жылдын январь-декабрь айларына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү”,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы №1 протоколу; жана,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-ж ылдын 30-январындагы №53
КРӨ “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу боюнча КРӨ 2017-жылга иш аракеттер планын бекитүү” токтомунда коюлган иш-чараларды аткаруу максатында, төмөнкү иш аракеттерге көнүл беруу менен аткаруу жагы милдеттендирилет.
Макро экономикалык туруктуулукту сактоо боюнча:
-өнөр жайын, айыл чарбасын, рыноктук тейлөө, чекене соода, кызмат көрсөтүү, капиталдык салымдардын өсүү темпин камсыз кылуу жана салык топтоонун ай сайын жеткирилген планын аткаруу;
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү темпин камсыз кылуу:
1. Өнөр-жай – 5,0%,
2. Рыноктук тейлөө – 2,0%,
3. Чекене товар жүгүртүү – 2,0%,
4. Кызмат көрсөтүү - 1,8%,
5. Капиталдык салым- 5,0%,
6. Инвестицияларды тартуу – 5,2%.
Шаардын финансалык өз алдынчалуулугун жогорулатуу
- 2017-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелерин 3,0 млн. сомго көбөйтүү.
- Орто эмгек акыны – 3,5 % остуруу.
- Орточо керектелүүчү бюджет 7,5%
- Салык төлөмдөрүн жыйноону - 1% өстүрүү
- Көмүр өндүрүүнүн көлөмүн жыл ичинде 210,0 миӊ тоннага жеткирүү.
- Өнөр-жай продукциясынын өндүрүү көлөмүн 454,6 млн. сомго жеткирүү
- Өндүрүштүн өсүү темпин камсыздоо
- Кварц кумунун өндүрүү көлөмүн жыл ичинде 4000,0 тоннага жеткирүү
- “Нур” ЖЧКнун демөөрчүлүгү менен Сүлүктү шаарынын мэриясынын подвалын реконструкциялоо жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ашкана ачуу жана иштетүү.
- Балдар чыгармачылык борборунун подвалын реконструкциялоо жана ремонттоо, жаш өспүрүмдөр үчүн “бий залын” ачуу.
-Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык мэриянын ажатканасынын (туалетин) капиталдык ремонттон өткөрүү
- Долбоор аркылуу демөөрчулөр эсебинен 2,0 млн сомго шаардык стадиондун аймагында жаны мини футбол аянтчасын куруу.
- Долбоор аркылуу демөөрчулөр эсебинен 3,0 млн сомго шаардын аймагында заманбап күнөскана куруу.
-Республикалык бюджеттин эсебинен шаардын 2 км. автожолдорун капиталдык ремонттоо жана 5 км жергиликтүү бюджеттин эсебинен шагыл төшөө ремонттоо. ( С.Садыков-Токтогул-Т.Рустамов көчөлөрү)
-Көчөлөрдү жарыктандыруу.
-Сүлүктү шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо боюнча Дүйнөлүк Банк каржылаган АРИСтин “Шаарларды өнүктүрүү долбоорунун Техникалык экономикалык негиздери жана Долбоордук эсептөө” иш-кагаздары аяктап, тендер жарыялоого даярдык жүрүп, 2017-жыл ичинде жумушту баштоо алдында турат. Долбоордун жалпы суммасы 4 млн. 627,5мин АКШ долларын түзөт. Анын 40% грант, 60% кредит эсебинде каржыланат. Өздүк төлөм жалпы сумманын 10% ченем менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жургузулөт. Долбоордо негизги суу коргондорун ондоо, суу эсептегичтерди орнотуу, насостук станцияларды капиталдык ремонттон өткөрүү, куруу, магистралдык суу түтүктөрүн алмаштыруу (3 км.), суу кампаларын реабилитациялоо, куруу (7 даана), ички суу системасын куруу (45 км.), дезинфекциялоо жана башка жумуштарды аткаруу каралган.
Ошондуктан негизги максатыбыз долбоор аркылуу болунгон акча каражатын максаттуу жана эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу.
- Канализация системасы бир гана И.Раззаков көчөсүндөгү 4 кабаттуу үйлөрдө иштейт, бирок реконструкцияны талап кылат. Борбордук канализация жоктугунан шаарда экологиялык ахвал жакшы эмес.
- Суу ташкындары, жер жана кар көчкүлөрү, зилзала жана башка өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча алдын алуу иштерин уюштуруу. Бул жана башка иштерди аткаруу үчүн иш-чараларды өткөрүү.
-Ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу менен мектеп администрацияларынын, ата-энелердин ишин жандандыруу.
-Жер-жерлерде укук коргоо органдары жана дин ишмерлери менен түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү;
-Диний экстремизмдин көрүнүштөрүн жоюу боюнча тегерек столдорду, семинарларды ж.б. иш-аракеттерди жүргүзүү.
-Мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды жоюу боюнча кеңешмелерди, тегерек столдорду өткөрүү;
-Мекеме-ишканаларда коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын байланыш телефондорун көрсөтүү менен маалымат такталарын илүү ж.б.
-Энелердин тороттон өлүмүн азайтуу.
- 0 жаштан 5 жашка чейинки жаш балдардын өлүмүн азайтуу
- Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тутумун көбөйтүү, кошумча 60 бөбөктү балдар бакчаларына тартууга жетишүү.
- Билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө жетишүү, ЖРТнүн жыйынтыктары боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 150 упайдан жогору упай алгандардын көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү.
- Балдар аянтчаларын, спорт аянтчаларын кобойтуу.
-Элдердин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, этникалык элдердин ортосундагы чыр-чатактарды алдын-алуу.
-Чыр-чатактарды алдын-алуу үчүн достукту чыңдоо боюнча атайын ищ чараларды өткөрүү.
-Муниципалдык кызматкерлердин кесиптик квалификациясын көтөрүүгө карата аларды окутуу системасын жакшыртуу.
- Кадрларды ишмердүүлүгүн баалоо системасын жайылтуу.
Бизнести колдоо багытында:
-мамлекеттик өнөктөштүктү программасын өркүндөтүү, кепилдик фонддорду, шаардык денгээлинде өнугүү фондун түзүү, кредит жана микро кредиттик компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү менен бизнес чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү;
Экспортту жогорулатуу боюнча:
-кайра иштетүү ишканаларын ачуу, бизнес долбоорлорду жазуу, жылына кеминде 6-жогору жаны ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүү;
Өнөр жай ишканалардын ишин колдоо:
-жаны -өнөр жай ишканаларын ачуу, иштеп жаткан өнөр- жай ишканалардын ишин активдештирүү, токтоп калган ишканаларды ишке киргизүү жана башка реалдуу аракеттерди жүргүзүү;
Кен байлыктарды пайдалануу:
-Кыргыз Республикасынын кен байлыктарды пайдалануу жана иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамынын 9 беренесине ылайык, ар бир аймакта 1ден кем эмес кен байлыкты иштетүү боюнча кичи ишкана ачуу, элдин макулдугун алуу менен анын негизинде шаардык кенештин макулдугун алууга жетишүү;
Социалдык-коргоо боюнча:
-Аймактар менен биргеликте элди таза суу менен камсыздоо, (Бөкөнбаев көчөсү, Т.Марипов көчөсү, Кош Булактагы үзүлгөн суу түтүгү жана кооптуу жайлар) ички арыктарды жана каналдарды тазалоо, өзүн өзү башкаруу принциптин негизинде курултайды откөрүү кабыл алынган шаардын Уставынын негизинде ашыкча каада салттарды жөнгө салуу, суицидке каршы жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулукта тынчтыкты сактоо менен аларды социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча иш алып баруу;
Ошондой эле:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралып жаткан социалдык коргоо боюнча иш аракеттерге Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдар аркылуу чегерилген укуктардын негизинде иш аракеттерди жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү:
-атап айтканда
- жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү:
-аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча колдоо көрсөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү (жакыр үй бүлөлөргө 10 каптан арзан баада -100 сомдон көмүр жеткирүү)
-социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү
-иштегендерди социалдык камсыздоо
-социалдык тейлөө
-социалдык төлөмдөр
-турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрду жана балдарды социалдык колдоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү.
Сүлүктү шаардык социалдык өнүгүү башкармасында 2017-жылдын 1-январында 1341 жакыр уй - бүлө катталган, жалпысынан 5287 киши катталган, жакырчылыктын пайызы – 28,8 % тузот. 2016-жыл ичинде жакырчылыктан Сүлүктү шаары боюнча 27 уй- бүлө чыгарылган. 2017- жыл ичинде жакырчылыктан Сүлүктү шаары боюнча 27 уй - бүлө чыгарылышы божомолдонгон - пайызы – 2,0 % тузот.
Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында берилген милдеттерди аткаруу менен жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү, элди угуу, адилеттүү болуу жана төмөнкү маселелерди, багыттарды ишке ашырууну негизги максат деп белгилеймин.
Сүлүктү шаарынын бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүү учурунда социалдык – адилеттүүлүк принцибин сактоого жана оптималдуу пайдалануу үчүн көмөк көрсөтүү.
жергиликтүү бийлик органы же кызмат адамы мыйзамда белгиленген чектен сырткары иштерди жасай албай турган мыйзамдуулукту камсыз кылуу.
эл алдында мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын ыйгарым укуктарын элдин таламдарына гана жүзөгө ашыруу.
Шаарыбыздагы кичи жана чакан ишканалар ачуу аркылуу жумушсуздуктун денгээлин азайтууга жетишүү. Чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга, кесиптик – техникалык, инженердик – экономикалык билим берүүнү калыбына келтирүү жана жумуш берүүчүлөр менен тикелей байланыштарды жөнгө салууга, өндүрүш жумушчуларынын эмгек укуктарын коргоо үчүн «көмүскө» өндүрүштүн түрлөрүн мыйзамдаштырууга аракеттенүү.
Жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу. Ресурстарды иштетүүдөн каражаттарын арбын алуу. Бул шаарыбыздын бюджетин толтуруунун жана жергиликтүү бийликтин дареметин күчөтүүнүн булагы болуп калат.
Айрым мекеме-ишканаларыбыздын иши жөнгө туура салынбагандыгынын натыйжасында (мамкаттоо, мал дарылоо башкармалыгы ж.б) Лейлек райондук мамлекеттик административдик башкаруусунун карамагына өткөрүлүп берилип ушул мезгилге чейин бөлүнүп алынбаган.
Пайдалуу кендерди казып алуу тармагын өнүктүрүү (көмүр, кварц куму, доломит, гипс, боёктор жана глияж) аларды казып алуу боюнча инвестиция тартууга аракеттенүү.
Шаарга инвестиция же бейөкмөт уюмдар, түрткү берүүчү грант тартуу менен жеке жана көп кабаттуу имараттардын көрүнүшүн, көчөлөрдүн жана жолдордун сапатын жакшыртуу.
Шаарыбызлда курулуп жаткан социалдык турак-жай, өндүрүштүк обьектилерди колдоо менен архитектуралык курулуштардын талаптарына жооп бере алган заманбап үлгүдөгү курулуштарды курууга көмөк көрсөтүүгө жетишүү.
Турак-жай салуу үчүн жер тилкелерин берүүнү мыйзамдаштыруу. Коррупцияга жол бербөө.
Улуттук билим берүүгө көнүл буруу.
- мугалимдин статусун коргоо;
- билим берүү сапатын жакшыртууга көмөктөшүү;
- мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү;
- орто жана жогорку окуу жайларын сактап калуу;
- кадрларды кесиптик жактан өстүрүүгө жардам берүү.
Улуттун дени сак жана сергек жашоосу.
- саламаттыкты сактоодо жаш кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу;
- депозит программасын колдоо;
- эне жана баланын саламаттыгына кам көрүү
Социалдык чөйрөдө пенсия курагындагы улгайган адамдарга социалдык жактан колдоо системасын жакшыртуу. Шаарда көп жылдык эмгеги артында эс алууга чыккан эмгек ардагерлери үчүн, майыптар үчүн атайын эс алуучу жана дарылануучу жайларды уюштурууга жетишүү.
Жаштар үчүн спорт зал, кошумча билим алуу борбору, интернет-кафе, тиешелүү оюн-зоок өтүлүүчү маданий жайларды уюштуруу.
Жаш үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү.
- үй салуу үчүн жер маселеси;
- жумушка орношуу маселеси.
Маданиятты кайрадан жандандыруу.
- маданият үйү;
- шаардык катепкаана;
- музыкалык мектеп;
- эс алуу багы;
- туризм.
Элдик каада-салттарды сактоого кам көрүү.
- аш-тойдогу ысырапкерчилик;
- элдик курултайда кабыл алынган уставды аткарууга аракеттенүү.
Биз Мекенибизди, шаарыбызды өнүктүрүп, жалпы бакубатчылыкка жетүүдө Кыргызстандын мекенчил, жоопкер жана ак ниет ар бир жашоочусуна таянабыз. Кыргыздарда байыртадан эле адам өз жашоосунда туу туткан «Элиме. Жериме» деген улуу максаты болгон. Аруу сезими жана асыл ниети бар эн мыкты мекенчил адам гана айта алат:
БИЗ УШУЛ ШААРДА, ӨЛКӨДӨ, КЫРГЫЗСТАНДА ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ.
Мэр | Р. Абдыназаров |