Редакцияот 02.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2017-жылдын 2-марты № 1

Кең-Арал айылына мончо куруу жөнүндө

Кен-Арал айылдык кеңешинин XXXIХ -чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы Мухамедов Абдылданын эски мончонун ордуна мончо куруу жөнүндөгү сунушун карап талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кен-Арал айыл өкмөтүнө караштуу эски мончонун ордуна кайра мончо курууга Мухамедов Абдылда Абдылахадовичке түз берүү жолу менен 5(беш) жылга ижарага берилсин.

2. Курула турган мончонун жер участогуна эки тараптуу келишим түзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

И. Жумабеков