Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451сандуу токтомуна ылайык Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Төрага | И. Жумабеков |
МАКУЛДАШЫЛДЫ» Кең-Арал айылдык кеңешинин төрагасы ________________И.Жумабеков «_____»_____________2017-жыл | Тиркеме № 1 «БЕКИТЕМИН» Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы _________________Б.Темирбеков «___»______________2017-жыл
|
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы | Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3609 адам |
2ден 5ке чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы: | 8 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору | 2 |
Жыйынтыгы: |
|
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК | |
Кароолчу | 1 |
Тазалоочу | 1 |
Жыйынтыгы: | 2 |
Жооптуу катчы | Н. Бейшеналиева |