Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 10-майы № 9/3
Дөбөлү айыл аймагында корупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндөгү» №26 жарлыгын толук кандуу аткаруу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагында корупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндөгү» №26 жарлыгын толук кандуу аткаруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагында коррупцияга каршы саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. коррупциялык факторлорду алдын алуу, коррупциянын келип чыгуусун алдын алууга багытталган чараларды керуу жана ошондой эле коррупциялык факторлордун пайда болуусунун себептерин жана шарттарын азайтуу боюнча иш чара бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча нормативдик укуктук ченемдик актылар, кызматкерлердин коррупцияга каршы журум-турумдарымын талаптары, кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу механизмдери тууралуу түшүнүктөрдү берүү боюнча иш-чараларды уюштурушсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын курамына жүктөлсүн.
4. Бул токт омдун аткарылышын көзомөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго милдеттендирилсин.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Дөбөлү айыл аймагынын жооптуу катчысына (Ж.Касымовага) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бектемиров |
Дөбөлү айыл аймагынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш чаралар
№ | Иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Күтүлгөн натыйжа |
1 | Дөбөлү айыл аймагындагы мекеме иш каналар Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында иш жүргүзүүсүнө тоскоолдук жараткан учурлар пайда болгон учурда КРнын айрым укуктук ченемдик актыларынлагыкарама каршылыктарга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштарды берүү | Жыл ичинде | Мекеме иш кана жетекчилери Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси | КРнын укуктук ченемдик актыларындагы карама-каршылыктарды жоюу боюнча аракеттерди көрүү |
2 | Дөбөлү айыл аймагындагы мекеме иш каналар Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ички ведостволук иш – пландарын жана аткарган иштерине карата текшерүүлөрдү жүргүзүү | Квартал сайын | Дөбөлү айыл аймагынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиясына | Коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу |
3 | Дөбөлү айыл аймагындагы мекеме иш каналар Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси уюштурулган арыз даттануулар боюнча кутучаларынын жана ишеним тнлнфондорунун натыйжалуу иштешинин камсыз кылуу максатында арыз-даттануулар боюнча кутучаларды атайын комиссиянын катышуусу менен ачып, түшкөн арыз даттанууларга анализ жүргүзүү менен андан аркы иш аракеттерди алдын алуу | Ай сайын | Дөбөлү айыл аймагынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиясына | Арыз даттануулар боюнча кутучалардынжана ишеним телефондордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу |
4 | Коррупциянын тармактык шарттарын. Анын келип чыгуу механизимдерин так аныктоо менен коррупциянын келип чыгышын алдын алуунун жана жоюунун жолдорун табуунун үстундо иш алып баруу | дайыма | Дөбөлү айыл аймагынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиясына | Кварталына бир жолу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө коррупциянын алдын алуу боюнча түзүлгөн комиссиясында карап туруу |