Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-декабры № 91
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышы үчүн иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышы үчүн иштөө Регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет)
Төрага | Э. Рахматов |
| Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын I-уюштуруу сессиясынын №6 токтомуна №1 тиркеме |
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышы үчүн иштөө
РЕГЛАМЕНТИ
I.Бөлүм. Жалпы жоболор
1-Глава Баткен шаардык Кеңеши.
2-Глава. Шаардык кеңештин компетенциясы.
II Бөлүм. Шаардык кеңештин түзүлүшү
3-Глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары.
4-Глава.Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
5-Глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6-Глава. Депутаттык фракциялар, (Депутаттык бирикмелер)
7-Глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.
8-Глава Шаардык кеңештин иштөө Регламенти.
9-Глава. Сессияга киргизилүүчү маселелерди кароонун тартиби.
10-Глава. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүүнүн тартиби.
11-Глава. Добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби.
12-Глава Шаардык кеңештин сессияларынын, отурумдарын протоколдоштуруунун тартиби.
13-Глава Шаардык кеңештин укуктук нормативдик актылары
III Бөлүм.
14-Глава Шаардык кеңештин иштөө регламентине өзгөртүүлүрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
1.Бөлүм.
Жалпы жобосу.
1-Глава
Баткен шаардык Кеңеши.
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде, Баткен шаардык Кеңеши, Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кеңеш жалпыга бирдей, тең тике шайлоо укукгунун негизинде жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу депутаттардан турат.
1.2.Шаардык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленеген тартипте жүзүгө ашырылат.
1.3.Шаардык Кеңештин шайланаган депутаттары-депутаттык фракцияларга биригишет. Көпчүлүк деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон Кеңештин фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө расимий жарыяланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция же фракциялар жергиликтүү Кеңеште азчылык деп саналат.
-фракциялардын көпчүлүктү түзгөн коалициясы, бириккендиги жөнүндөгү фракциялардын жетекчилеринин кол тамгалары коюулган протоколу менен тастыкталат.
1.4.Шаардык Кеңеш өз иш-милдетин аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы шаардык Кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.5.Шаардык Кеңештин сессиялары шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү шаардык Кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
1.6.Баткен шаардык Кеңеши 31 депутаттан турат.
2-Глава Баткен шаардык Кеңешинин компетенциясы.
12.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде шаардык кеңеш төмөнкүдөй маселелерди карайт жана чечет:
1)жергииктүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2)жергиликтүү бюджети жана анын аткарылыш жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3)Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышн көзөмөлдөө;
4)жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын-шаар мэриясынын иши жөнүндө отчетун угуу;
7)мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)жергиликтүү жамаатын уставын бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10)Баткен шаарынын уставын бекитүү, шаардык Кеңештин Регламентин бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
11)Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
12)Баткен шаардык Кеңешинин регламентин кабыл алуу;
13)өз чечимдеринин аткарылышына конторлдук кылуу;
14)Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча органынын-шаар мэриясынын (структуралардын) штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
15)акаголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдардын сатуунун ырым жырылдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;
16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жайдагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17)Баткен шаарынын жамаатын уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
18)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пйдалангандык үчүн ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык каттуу тиричилик таштандыларды жыйгандык, ташып чыгаргандык жана жок кылынгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
2.2.шаардык Кеңештин сессияларында төмөнкүдөй маселелер кошумча чечилет:
1)шаар мэрин шайлоо;
2)мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик көрсөтүү;
3)мыйзамда белгиленген шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;
4)КБФ жерлерин арендага берүүдө аренда акылардын, жайыттардын жайыт акларын, айыл чарба эмес багыттагы жерлердин салыктардын коэффиценттерин, ставкаларын белгөө;
5)шаардын символикаларын бекитүү;
6)Мыйзамга ылайык долбоордук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөөлөрдү, турак жай фондун ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы, оюн зоок обьектилерин куру, күтүү жана модеринзациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
7) шаардык социалдык маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
8)мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
9)шаардын курулушунун башкы планын карайт жана бекитет.
10.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселлеер
II Бөлүм
Шаардык Кеңештин түзүлүшү
3-Глава.Шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары
3.1.Шаардык Кеңештин төрагасы Кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракцияларыдын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык Кеңештин төрагасы, илимий, педогогикалык жана башка чыгырмачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.
3.2.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордун мөөнөтүнөн мурда шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же шаардык Кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, шаардык Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
-Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы:
-шаардык Кеңештин сессиясын, заседениесин чакырат, сессияга төрагалык кылат;
-шаардык кеңештин чечимдерине, буйруктарына кол койот
-шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү маселелерди даярдоого, кароого коюуга жалпы жетекчилик кылат;
-Шаардык Кеңештин кабыл алган токтомуна кол коюу менен токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурат;
-убактылуу жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгүн координациялайт.
-шаардык Кеңештин аппаратынын түзөт жана ишмердүүлүгүн жетектейт;
-коомчулуктун сунуш-пикирин эске алуу менен алардын суроо талаптарын чечүү максатында жекече жана коллективдүү кабыл алууларды, жолугушууларды уюштурат;
-шайлоочулар менен депутаттардын жолугушуусун мөөнөтүн аныктап, шайлоочулар алдында жылына бир жолудан кем эмес (зарыл учурда токтоосуз) отчет берүүсүн уюштурат;
-шайлоочулардын алдында отчет берүү үчүн тийиштүү болгон материалдар жана маалыматтар менен кабардар кылууну уюштурат;
-мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коомдук бирикмелер менен граждандардын ортосунда жолугушууларды уюшутурат;
-шаар аймагындагы коомчулук менен шаардык кеңештин ортосунда өз ара мамилелерди жакшыртуу үчүн иш чараларды иштеп чыгып уюштурат;
-компетенциясына кирген маселелер үчүн буйруктарды кабыл алат;
-бекитилген бюджеттик сметага ылайык шаардык Кеңештин бюджеттик каражаттарынын бөлүштүрүүнү чечип, жетектейт;
-шаардык кеңештин иш кагаздарынын жоболорго (инструкцияга) ылайык жүргүзүүнү бекитет;
-жыл аягында 3 ай калган мезгилде шаардык Кеңештин жаны жыл үчүн болжолдуу бюджетинин сметасын иштеп чыгып сессиянын кароосуна киргизүүнү уюштурат;
-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин бюджетинин аткарылышы боюнча сессияда отчет берет;
-шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин алдында подотчет болуп саналат.-
Жыл сайын шаардык Кеңештин сессиясында шаардык кеңештин жана анын түзүмдөрүнүн жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө отчет берет.
3.4.шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчүлүк ачык добушу менен депутаттардын ичинен шайланат;
-шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок богон өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын копчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн;
-Кеңештин төрагасынын орун басары өз арызынын негизинде милдетин аткарууну токтотушу мүмкүн.
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт;
-шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишине, отрумдарына чакырылат жана катышат;
-шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
4-глава.
Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
4.1.шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде конкурстук жол менен кабыл алынат. Шаардык Кеңештин төрагасынын буйругу менен дайындалат.
4.2.Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
4.3.Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруп, иштөөсүн көзөмөлдөйт.
4.4.Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
4.5.Кеңешке келип түшкөн жана чыккан документтердин эсебин алууну жүргүзөт;
4.6.кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларына материалдарды даярдайт (туруктуу комиссиялардын заседениелерине, туруктуу комиссиялар менен биргеликте) жана аларды депутаттарга өткөрүп берет.
4.7.шаардык Кеңештин туруктуу коммисияларынын иштерин уюштуруп материалдар менен камсыздап берет.
4.8.Кеңештин сессияларына жана заседениелерине катышуу үчүн депутаттарды,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырып камсыз кылат;
4.9.депутаттардын сессияларыга келишинин эсебин алат;
4.10.Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
4.11.Башка функцияларды аткарат.
4.12.Сессиянун күн тартибине киргизилүүчү маселелердин токтом долбоорун даярдайт
5-глава
Шаардык Кеңештин труктуу жана убактылуу комиссиялары.
5.1.Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү»
Мыйзамынын негизинде тузулөт жана алардын ишин жөнгө салынат.
5.2.Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялардын курамына ар бир фракция мүмкүнчүлүгүнө жараша бирден мүчөсүн сунуш кыла алат.
6-глава
Депутаттык фракциялар.
6.1.Бир партиянын тизмеси боюнча шайланган депутаттар биригип фракция түзүшөт. Фракцияга кирген депутаттардын аты жөнү көрсөтүлгөн, кол тамгасы коюлган фракция шаардык Кеңеште катталат.
Депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык Кеңештин фракциялардын бирикмеси көпчүлүк коалициясы болуп эсептелет.Көпчүлүк коалиция түзүлгөндүгү жөнүндө тийиштүү документ кабыл алынып шаардык Кеңештин сессиясында расмий жарыя кылынат.Көпчүлүктүн фракциясына кирбеген фракциялар шаардык Кеңеште азчылык деп саналат. Азчылык фракциялардын бирикмеси түзүлгөн учурда ага бюджет жана каражаттар боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчилиги берилет.
III-Бөлүм
7-Глава
Щаардык Кеңештин жалпы иштөө тартиби
Шаардык Кеңештин сессиясы
7.1.Шаардык Кеңештин сессиясы, шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес, шаардык Кеңештин төрагасынын же шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин, фракциялардын талабы боюнча чакырылат.
7.2.Кезектги сессияны чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана күн тартиби боюнча буйрук төрага тарабынан 10 календардык күн мурда кабыл алынат. Күн тартибине сунушталган маселелер боюнча документтер депутаттарга 5 календардык күндөн кечиктирилбестен депутаттарга жеткирилет.
7.3.Кезексиз сессияларды өткөрүү жөнүндө буйрук 5 календардык күн мурда кабыл алынып, 3 календардык күн калганга чейин депутаттар кабарланат.
7.4.Шаардык Кеңештин сессиясы, депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен (эгерде башка мыйзамда каралбаса) чечим кабыл алынат.
7.5.Шаардык Кеңештин сессияларына тиешелүү аткаруу бийлиги, структуралык кызматтардын адистери, жетекчилери чакырылат.
7.6.Кеңештин сессиясынын күн тартиби шаардык Кеңештин төрагасынын, орун басарынын, туруктуу комиссияларынын төрагалары менен макулдашылып киргизилет жана күн тартибине кошумча маселе катары киргизилүүсү макулдашылат.
7.7.Сессияга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты кеңештин жооптуу катчысына күн мурунттан билдирүүгө тийиш.
7.8.Жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаган учурда, депутаттын мандатын алуу жагы депутаттык тийиштүү турукутуу комиссияга сунушталат.
7.9.Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жана зарыл учурда мандаттык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы «Макул», «Каршы», «Калыс» добуштардын санын көрсөтүү менен протоколго киргизилет.
-добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө түзөтүү кабыл алынбайт.
7.10.Шаар аймагындагы өзгөчө учрда гана күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясына түздөн-түз коюулуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен кабыл алынат.
7.11.Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каралууну сессия чечет.
-шаардык кеңештин туруктуу комиссиясында каралып, кабыл алынбаган маселе 6 айдан өткөндөн кийин кайра сунушталышы мүмкүн.
7.12.Депутат болуп саналбаган адам сессиянын ишине тоскоолдук кылган учурда төраганын буйругу менен Кеңештин сессиясынын жыйналыш залынан чыгарылат.
7.13.Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү Кеңештин аппараты массалык маалымат каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
7.14.Шаардык Кеңештин кароосуна койулган маселелерди кароонун негизги тартиби.
-Регламентке ылайык докладчы, теңдокладчы маалымдайт.
-докладчыга, теңдокладчыга суроолор жана жооптор;
-маселени талкулоо;
-докладчынын жана теңдокладчынын билдирүүсүнүн бүтүмү;
-добуш берүүнүн жүрүшү;
-негиз катары долбоорду кабыл алуу;
7.15.Шаардык Кеңештин токтомунун долбоорун талкуудан кийин токтом долбоорун жалпысынан кабыл алуу;
7.16.Шаардык кеңештин төрагасы, орун басары, шаар мэри алдын ала эскертүүсүз, кезесиз сүйлөөгө укуктуу.
7.17.Билдирүүлөр талаш тартыштан кийин дкладчик жана теңдокладчиктер акыркы бүтүм сөздү айтууга (билдиүүгө) укуктуу. Билдирүүлөр добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Документтин долбоорун кабыл алуу боюнча кийинки сессияга чейин добуш берүүгө негизги маселе катары койулат.
7.18.Шаардык Кеңештин сессиясында токтом долбоорун кабыл алууга чейин (анын ичинде) токтом долбоорун ооз эки же болбосо кат түрүндөгү арызы менен официалдуу түрдө шаардык кеңештин сессиясында кайтарып алуусу мүмкүн. Мунун негизинде талаш тартыш токтотулат. Сессия долбоор документтин үстүндө иштөө тартибин сессия чечет.
7.19.Токтом долбоорун талкуулоодон кийин шаардык Кеңеш төмөнкү чечимдерди кабыл алат;
1)токтом долбоорун жалпысынан кабыл алуу;
2) токтом долбоорун биринчи окуудан кийин сын сунуштар, кайра иштөө менен кабыл алуу;
7.20.Жобосун талкулоо менен токтом долбоорун кароодо жазуу түрүндө сунуштар эске алынат жана добушка койулат.
Койулган сунуштар туруктуу комиссияларга кайра иштөөгө берилет. Эгерде сунуш жактырылбаса шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын добушу койулат. Андан кийин туруктуу комиссиянын сунушу койулат. Эгерде шаардык Кеңеш сунуштарды колдоого албаса сунуш кабыл алынбай четтетилет.
Шаардык Кеңештин ар бир токтомун жана чечимин аткарылышын көзөмөлдөөчү жактар көрсөтүлөт.
7.21.Кеңештин сессиясынын жүрүш тартиби ар бир сессиянын башында макулдашылып кабыл алат.
8-Глава
Шаардык Кеңештин ишин пландоо.
8.1.Шардык кеңеш өз ишин жылдык жана кварталдык иш планынын негизинде жүргүзөт. Иш план фракциялардын, туруктуу комиссиялардын сунушу менен түзүлөт.
8.2.Иш план зарылчылыгына жараша өзгөртүү киргизүү сессияда көпчүлүк добуш менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.
9-Глава
Кеңештин сессиясынын күн тартибине маселелерди даярдоонун тартиби
9.1.Баткен шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилүүчү маселелердин топтомуна камтылуучу документтер төмөнкүдөй болот:
-маселени даярдаган туруктуу комиссиянын чечими, справкасы, билдирүү катары, тийиштүү болгон негиздемелердин тиркемелери;
-кабыл алынуучу токтом долбоору;
9.2.Токтом долбоорун даярдоодо шаардык кеңештин аппараты туруктуу комиссияга жардам берет.
-кеңештин сессиясында жалпы талкууга чейин токтом долбоорун жалпы шаардын коомчулугуна талкууга койулушу мүмкүн.
9.3.Токтомду ишке ашыруунун жолдорунун тартиби;
1)токтомдун пункуттары жана жалпысынан аткарылышынын конкреттүү, белгилүү мөөнөтү көрсөтүлөт
2)Кабыл алган токтомдун негизинде органдарга жана кызматтык жактарга Мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу үчүн атайын тапшырмалар берилет, укуктук нормативдик актыларды ишке ашыруунун мөөнөтү көрсөтүлөт
9.4.Шаардык Кеңештин ар бир токтомун жана чечимин аткаылышын көзөмөлдөөчү жактар, мөөнөтү көрсөтүлөт. (шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары же тийиштүү аткаруучуларга)
9.5.Токтомдун аткарылыш боюнча маалыматты угуудан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу;
1) аткарылгандыгы үчүн көзөмөлдөн алуу;
2)кээ бир пункуттары аткаргандыгы боюнча көзөмөлдөн алуу
3)көзөмөлдөө мөөнөтүн узартуу
4)көзөмөлдөө милдетин башка жактарга же органга жүктөө
5)токтомду жокко чыгаруу;
6)токтомго өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү же болбосо кошумча токтом кабыл алуу;
9.6.Токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берүү мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт же болбосо шаардык кеңештин төрагасы өзү көрсөтөт. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөгө дайындалган жактарга сессияда маалымат берүүнү тапшырат.
9.7.Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1)Өткөрүлгөн датасы, өткөрүлгөн жайы, чакырыштын жылы, депутаттардын жалпы саны жана катышкан депутаттардын саны, катышпаган депутаттардын аты жөнү көрсөтүлөт;
2)күн тартибиндеги маселе боюнча докладчынын жана тендоклдчынын аты жөнү;
3)сөз сүйлөөчөнүн (ьилдирүүнүн) тизмеси
4)Добуш берүүнүн жыйнтыгы
5) сессия учурунда кошумча киргизилген материалдар:
6)Депутаттардын аты-жөнү партиясынын аталышы менен, (башка жактардын кызмат орду иштеген жери менен кошо көрсөтүлөт)
9.8.Шаардык Кеңештин протоколу 3 жумушчу күн ичинде түзүлөт жана шаардык Кеңештин төрагасына кол коюууга киргизилет.
9.9.Сессиянын протоколунун 1-түп нускасы шаардык кеңештин жооптуу катчысында сакталат. Сессиянын протоколу менен ар бир депутат тааныша алат.
9.10.Депутаттардын сессияга катышуусун каттосу шаардык кеңештин жооптуу катчысында сакталат. Негизги алынган долбоор документтин жана түзүлгөн документтердин 1 нускалары жооптуу катчыда сакталат.
-токтомдун тиркемелерине жооптуу катчыс кол койот
9.11.Баткен шаардык кеңешинин токтому кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде тийиштүү тараптарга тизме боюнча тартылат.Тизмени маселени даярдап киргизген тарап түзөт.
10-Глава
Добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун жолдору
10.1.Добуш берүүнүн жыйнтыктары жана кийинки түшүнүктөр кабыл алуулар ушул Регламенте камтылат:
10.2. Шаардык Кеңеш ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат.
10.3.Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же ооз эки баяндоого укуктуу, ал эми Кеңештин сессиясынын протколуна киргизилет.
Эгерде чечимдин сунуш кылган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.
10.4.Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат анны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө же ооз эки бере алат. Түзөтүү талкууга коюулат.
10.5.Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларынын тартибине жүргүзүлөт.
11-Глава
Шаардык Кеңештин нормативдик укуктук актылары.
11.1.Шаардык Кеңештин укуктук ченемдик актысы токтом түрүндө кабыл алынат.
11.2.Шаардык Кеңештин токтомдору депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат эгерде ушул Регламентке башка көрсөтүлбөсө
11.3.Баткен шаардык Кеңешинин токтомуна төрага кол койот. Төрага жок учурда төраганын орун басары токтомдорго кол койот.
IV Бөлүк
12-Глава
Шаардык Кеңештин Регламенти
Шаардык Кеңештин типтүү Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
12.1.Баткен шаардык Кеңешинин Регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү туруктуу комиссиялардын, фракциялардын сунушу менен тийиштүү туруктуу комиссия иштеп чыгат жана сессиянын күн тартибине биринчи кезекте бекитилүүгө киргизилет.
12.2.Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө укуктуу. Сунуштар карап чыгуу үчүн Регламент боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.