Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 18
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016- жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун 6-бөлүгүнө жана 46-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери жөнүндөгү отчетун угуп талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак- Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында алып барган жана аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын. ( №1 тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы ,экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүгүунүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери”боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | М. Суранов |
| Тиркеме №1 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын “17”августундагы № 18 токтомуна тиркеме |
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 1 жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө
МААЛЫМАТ.
1. Кызмат көрсөтүү тармагында:
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдарда элдик жыйындар өткөрүлүп, 2015-жылдын жыйынтыгы чыгарылып,ишкана мекемелердин, айыл тургундарынын жыл ичинде жана келээрки жылдары жергиликтүү жана республикалык денгээлде аткарылуучу маселелер көтөрүлуп, келечек планга жана 201-жыл ичинде аткарылуучу иш-чараларга киргизилди.Жалпы айылдарда көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү кенештин сессиясына сунушталып айрым толуктоолор менен иш-чара кабыл алынды.Иш-чаранын негизинде жана кошумча төмөндөгүдөй иш аракеттер аткарылды:
Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 27 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасында айыл аймагында жашаган Ооган согушунун алты ардагери районубуздун борборундагы майрамдык салтанатка алынып барылып, айыл өкмөт тарабынан сый-тамактар уюштурулуп,акчалай сыйлыктар таркатылды.
8-март Аялдардын Эл аралык майрамын баатыр энелер жана айыл аймагынын көрүнүктүү аялдар жааматы менен Курбу-Таш ,Түз-Бел айылдарында салтанаттуу белгиленип,сый көргөзүлдү жана лидер айымдар, аялдар кенешинин төрайымы райондук салтанатка жөнөтүлүп,сый көргөзүлдү.
Нооруз элдик майрамы айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлүп,улуттук даам тамактар жасалып,боз үйлөр тигилип,улуттук оюн-зооктор өткөрүлдү.Нооруз элдик майрамы айыл-айылдарда эле эмес ишкана-мекемелерде,мектеп жамааттарында да өзүнчө белгиленди.
Курбу-Таш айылында демөөрчү У.Калмурзаев тарабынан улуттук күрөш боюнча жыл сайын окуучулар жана жаштар арасында өткөрүлуп туруучу турнир өткөрүлуп, женүүчүлөр байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.
“Акыркы конгуроо” майрамы мектептер тарабынан белгиленип, ага кошумча 10 жыл 20-25-жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу майрамдары өткөрүлүп мектепке жана мектеп жамаатына ар кандай колдоолорду көрсөтүштү.Ал тургай жаштарга спорттук мелдештер уюштурулуп ,акчалай байгелерди беришти.
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү “Сары-Таш” таш кенинде бир ишкананы ишке киргизүү планы КРнын Өкмөтү тарабынан коюлуп, натыйжада “Сарыбек Ата” ЖЧКсы ишке берилип,15 жумуш оруну түзүлүп,15 млн сомдон ашык инвестиция тартылып жумушун ийгиликтүү баштады жана улуттук экономиканы чындалышына зор салым кошулуп, мамлекетибиздин казынасына киреше түшүүдө.Ошондой эле таш кенин иштетүүдө “БерекеТаш” ЖЧКасы да өшдүрүш иштерин баштоого 15 млн сомго жакын каражат жумшап ишкананы иштетүү алдында турат. Ишкана ишин баштаса жыйырмага жакын жумуш оруну пайда болот.
Улуу Ата Мекендин согуштун 71 жылдык юбилейине карата атайын иш-чаранын негизинде 9-май Жениш күнү Улуу Ата Мекендик согуштун бир ардагерин жана ооруктун ардагерлерин сыйлоо салтанаты районубуздун борборунда өткөрүлуп, салтанатка согушка барып кайтпай калган аталарыбыздын,эр азаматтарыбыздын, согуштан кийин жергебизге аман келип көзу өткөн аталарыбыздын уул кыздарынын , небере- чеберелеринин катышуусу менен түзүлгөн “Өлбөс полк” аттуу параддык жүрүштө сүрөт,портреттери көтөрүлүп өтүп эскерилди.Ушундай эле саамалык айыл өкмөтүбүздө өткөрүлуп, согуштун жана ооруктун ардагерлерин коштогон биздин улуу муунга таяп калган аксакал аталарыбыз жана энелерибизге сый көрсөтүлүп,сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.
Жарандык коргонуу коопсуздугун күчөтүү боюнча 2015-жылдын 17-ноябрындагы болуп өткөн катуу жер титирөөдөн кийин райондук жана областык жарандык коргонуу штабы менен биргеликте бир топ оорчундуу иш аракеттер жүргүзүлдү.Атап айтканда 12 жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк товарлардан тарта отун-суу ж.б. керектелүүчү муктаждыктарына каражаттар бөлүнүп,гуманитардык жардамдар берилди .Ал эми турак жайларын калыбына келтирүү үчүн жардамдар мамлекет тарабынан да, мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан да берилди.Жапа чеккен 12 үй-бүлөөнүн тогузунун турак үйлөрү дубалы тургузулуп ,чатыры жабылуу алдында турат.
Айлана чөйрөнү көрктөндурүү үчүн жарыяланган үч айлык иш-чараны аткаруу максатында айыл өкмөтүнө караган социалдык мекемелерге жана айылдарга көчөттөр алынып берилип,отургузулду.
2. Билим берүү тармагында:
К.Калмурзаев атындагы орто мектебине спорт зал куруу иш-чарасы колго алынып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн капиталдык курулуш беренеси менен каржыланууга киргизилди. АОТ “Ош Айыл Курулуш” ишканасы тарабынан спорт залдын дубалы толугу менен бүткөрүлдү,чатыры жабылды,сырткы ремонту бүткөрүлдү.
Аталган мектептин жана анын ашканасынын жылытуу системасын куруу иш-чарасы жогорудагы көрсөтүлгөн долбоорго кошуп киргизилген,спорт залдын курулушу менен кошо бүтмөкчү.
Кысык-Алма орто мектебинин жаны курулушун куруу иш-чарасы Кыргыз Өкмөтүнүн капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланууда.Учурда куруучу “Иверия” ишканасы тарабынан окуу корпусунун пай дубалы толугу менен курулуп бүткөрүлүп,дубалы тургузулду.
Туз-Бел айылынын Кара-Булак көчөсү толугу менен таза суу менен камсыз болду.Ички чарбалык жолуна шагыл төшөлдү.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ,А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебинин,Т.Жоробеков атындагы орто мектебинин жылытуу системаларына акча каражаттары жергиликтүү бюжеттен бөлүнүп берилип,курулуш иштери бүткөрүлүп , пайдаланууга берилди.
А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебинин имараты толугу менен буткөрүлүп,2016-жылдын алгачкы айларында пайдаланууга берилди.
Киров айылына бала-бакча куруу иш-чарасы боюнча алгачкы иштер башталган жер иштер боюнча Өзгөн райондук архитектура жана мамкаттоо ишканалары жүргүзүүчү иштер бүткөрүлүп,анын негизинде “ЭАС” ЭЧКсы менен келишим түзүлүп ,долбоор даярдалды.Бала бакча курулуучу жер тилкелери айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилип архитектуралык документтери бүткөрүлгөн.Жергиликтүү бюжеттин каражатына бүткөрүлүүчү курулушка тендер өткөрүлүп “Эл бай” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп,пайдубалы бүткөрүлүп,дубалы тургузулууда.
П.Жакыпов атындагы орто мектебинин негизги имараты 2015-жылдын 17-ноябрындагы катуу жер титирөөдөн жапа чегип КРнын Өкмөтүнун алдында түзулгөн комиссиянынын текшерүүсүндө мектептин имараты пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарылган.Жер титирөөнүн кесепетин жоюу максатында КРнын Өкмөтүнүн преьмер-министри Т.А.Сариевдин Ош облусуна жасаган визитиндеги иш-чарада жабыр тарткан турак-жайларды, соц.объектерди калыбына келтирүү маселеси каралып,Ош облусунда жабыр тарткан обьектердин ичинен “Жер үй”алтын кенин аукцион менен сатуудан түшкөн акча каражатынын эсебинен куруу иш-чарасына киризилген. Натыйжада 2015-жылдын 10-декабрынан баштап П.Жакыпов орто мектебинин курулушуна КРнын Өкмөтү тарабынан каражат бөлүнүп,Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуш иштери башталып,150 орунду мектептин окуу имаратынын 2 кабатынын дубалы бүткөрүлүп ,плитасын басуу алдында турат. Спорттук залынын пайдубалы бүткөрүлдү,дубалы тургузулууда.Таза суу түтүгү тартылды.Электр чубалгысы үчүн мамычалары орнотулду. Трансформатор коюу,ажаткана куруу,септик куруу иштери жүрүүдө.
Т.Оморкулов атындагы орто мектеби да 17-ноябрдагы жер титрөөдөн жапа чегип , негизи окуу корпусу жараксыз абалга келген.КРнын Өкмөтүнүн алдында түзулгөн текшерүү маниторинг жүргүзүү комиссиясынын 4-даражада жараксыз деген тыянагы чыгарылып,орто мектептин имаратын куруу боюнча 2016-жылдын капиталдык курулуш беренеси менен курулуучу тизмесине сунушталды.
Ушундай эле текшерүүнүн негизинде Т.Жоробеков атындагы орто мектебинин негизги корпусу капиталдык ондоого сунушталды.
3. Турак-жай жана комуналдык чарба тармагы:
Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынын ички чарбалык жолуна шагыл төшөлдү. Киров айылдагы таза суу түтүгүн реаблитациялоо иштери боюнча акча каражаты болунуп берилип,таза суу түтүктөрү алмаштырылды ,демөөрчүлөрдүн жардамы менен сметалык наркы 450 000 сомдук каптаж курулуп бүткөрүлдү.Туз-Бел айылында таза суу пайдалануучулар бирикмеси түзүлдү.Ак-Терек айылында эскилиги жетип кыйроо алдында турган жогорку чыналуудагы электр зым карагайларынын сынган мамычалары жергилктүү жамаат жана Өзгөр РЭТ ишкансы тарабынан каржыланып, жергиликтүү жамаат менен биргеликте алмаштырылып коюлду.Кара-Тарык айылына мончо куруу маселеси иш чарага киргизилип, жергиликтүү демөөрчү менен биргеликте мончонун дубалы тургузулуп,чатыры жабылды. Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй участкасына өтүүчү авто жолдогу көпүрөлөр жергиликтүү жамааттын жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен кайрадан ондоп түзөлүп, 1,5 чакырым жерге кум төшөлүп , жол оңдолду жана таза суу түтүгү тартылды. Курбу-Таш айылынын Курбу-Таш көчөсүнө 1300метр жерден диаметри 100мм суу түтүгү менен сугат суусу тартылып келди. Кысык-Алма айылындагы асма көпүрө курууга акча каражаты бөлүнүп берилип,курулуш материалдыры алынып келинип ,куруу иштери бүтүү алдында турат.
4. Айыл чарба тармагында:
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштары өз мезгилинде уюштурууга алынып,керектүү айыл чарба техникалары менен камсыздалды.Тоют жанатүшүм жыйноо ийгиликтүү аяктады. Үч-Капчал айылындагы жайыттарга жана эгин аяттарына баруучу ички чарбалык жолго көпүрө салуу жана жолду сүрүү иш-чаралары аткарылды .
Киров,Кысык-Алма айылдарында да ушундай эле саамалык колго алынып,жолдун өр тарткан участкаларына шагыл төгүлуп ,жайылды.Карл Маркс айылында жана Кызы-Кунгөй участкасында ички жолдоруна шагыл төшөө маселеси колго алынып,демөөрчү У.Калмурзаев тарабынан да акча каражаты берилип,жолго шагыл төшөө иштери жүргүзүлдү.Айыл өкмөтү боюнча ветеринардык тейлөө кызматын жакшыртуу максатында ветеринардык сервистердин материалдык базасын чындоо иштери боюнча ветеринардык кызматкерлерге атайын кийим-кечекке жана зарыл болгон вакциналарга акча каражаты бөлүнүп берилди.Ошондой эле айыл туругундарынын мал-жандыктарына коркунуч туудуруучу сибир жарасы чордондоруна дары-дармек чачылып, залалсыздандырылып, темир торчолор менен тосулду. Жасалма уруктандыруу аппараты алынып берилди . Борбоев Абдымомун Бишкек шаарына барып үйрөнүп ,аппаратты алып келди
5. Маданий жана саламаттыкты сактоо тармагында:
Жалпак-Таш айыл аймагынын кире беришине “Арка “курулду. “2016-жыл -Тарых жана маданият жылына” карата өткөрүлгөн Улуу Мурас фестивалына катышу үчүн атайын каража бөлүнүп айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлери атайын даярдыктардан өттүшүп катышып келишти.
Мамлекет тарабынан жиберилген көчмө дарыгердик пункт алынып келинип элдин саламаттыгы текшеруудөн өткөрүлдү.2015-жылдын 17- ноябрындагы катуу жер титирөөдөн жараксыз болуп калган Уч-Капчал айылындагы ФАП тын жаңы курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып ,пайдубалы бүткөрүлүп, чатырын жабуу алдында турат.
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы | С. Паизов |