Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 20
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин Жобосун жана Жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Жергиликтүү өнүгү комитетинин Жобосун жана Жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Жергиликтү өнүгүү комитетинин Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Жергиликтү өнүгүү комитетинин курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин;
1. Кушбаков Боронбай-айылдык кенештин депутаты,комитеттин төрагасы”
2. Амиров Кудайберди-Курбу-Таш айылынын башчысы,комитететин мүчөсү;
3. Кыдыров Мамадимар-Туз-Бел айылынын башчысы,комитететин мүчөсү;
4. Калыкбердиев Талант-Уч-Капчал айылынын башчысы, комитететин мүчөсү;
5. Абакирова Гулзат-айылдык кенештин депутаты,комитеттин мучөсү;
6. Маматов Убайдилла-Киров айылынын айыл башчысы,комиттетин мүчөсү;
7. Кожомкулов Кубанычбек-Ак-Терек айылынын башчысы,комитеттин мүчөсү;
8. Ураимов Толкунбек-Кара-Тарык айылынын башчысы,комитеттин мүчөсү;
9. Жакыпбаев Бактыбек-соц.адис,комиттетин мүчөсү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсун
Төрага | М. Суранов |
Жалпы жобосу
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин максаттары
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин милдеттери
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамы жана мүчөлөрү
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин иштúú тартиби
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин ишмердүүлүгүн токтотуу
1. Жалпы жобо
Жергиликтүү өнүгүү комитети (ЖӨК) Айыл өкмөтүнүн аппаратынын алдында жергиликтүү көйгөйлүү маселелерди талдап көтөрүп чыккан, чечүү жолдорун сунуштаган, чыр чатактарды алдын алган, жергиликтүү жааматтардын, коомдук институттардын (депутаттар, аксакалдар, аялдар, жаштар кенештери), ишкерлер чөйрөсүнүн, мамлекеттик эмес уюмдардын, коомдук фонддордун, эл аралык уюмдардын демилгелерин колдогон, көмөк көрсөткөн, БУУӨП жана башка эл аралык уюмдар, донорлор колдогон, каржылаган гранттык долбоорлорду алгачкы тандоодон өткөрүлүп, сунуштаган, координациялаган, аларга коомдук мониторинг жүргүзгөн жана башка айылдык стратегиялык өнүгүү программаларына сунуштарды берген эксперттик-аналитикалык, кенеш жана сунуш беруучу орган болуп саналат.Жергиликтүү өнүгүүкомитети - жергиликтуу маселелерди, өнүгүүнү, БУУӨП «Ош облусун интеграциялаган өнүктүрүү»долбоорун ишке ашырууда коллегиалдуу талкуулочу, кенешүүчүорган,суйлошүү (диалог) аянтчасы.
Жергиликтүү өнүгүү комитетитуруктуу иштеген коомдук орган болуп саналат, өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт, курамы депутаттардын, жергиликтуу жамаатардын, коомук уюмдардын, фонддордун, ишкерлер чөйрúсүнүн, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, өзүн өзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик, муниципалдык ишканаларынын кызматерлеринен куралат.Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин курамы айылдык жамааттардын жалпы чогулушунун чечими, сунушу менен айыл өкмөтүнүн буйругу, же айылдык кенештин токтому менен бекитилет.Жергиликтүү өнүгүү комитеттинкурамына тандоо айыл өкмөтүнүнаппаратынын, айылдык кенештин депутаттарынын жана коомдук, мамлекеттик эмес уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өнүгүү комитети өзүнүн ишмердуулугун юридикалык жаак уюштурбастан жана милдеттерин кайтарымсыз негизде жүргүзөт.
Жергиликтүү өнүгүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомдорун, буйруктарын, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарын, айылдык өкмөттүн, айылдык кенештин токтомторун, чечимдерин, буйруктарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
Жергиликтүү өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи жана эксперт иретинде мамлекеттик эмес жана донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылуусу мүмкүн.
2. Жергиликтүү өнүгүү комитетинин максаттары
Жергиликтүү маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүдө, úнүгүүнү камсыз кылууда, БУУӨ жана башка эл аралык уюмдар, донорлор, инвесторлор колдогон, каржылаган долболорду тандоодо, коомдук мониторинг жүргүзүүдө жаначыр чатактарды алдын алып, тынчтыкты курууда өзүн өзу башкаруу органдары менен жергиликтуу жамааттардын, ишкерлер чөйрөсүнүн, коомдук уюмдардын, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусун бекемдөө, өнүктүрүү;
Жергиликтүү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, өнүгүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдардын, ишкерлер чөйрөсүнүн, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын демилгелерин колдоо, жергиликтүү ресурстарды, потенциалдык мумкунчулуктөрду натыйжалуу пайдалануу;
Тынчтык жана өнүгүү процессин жемиштүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
3. Жергиликтүү өнүгүүкомитетинин тапшырма милдеттери
3.1. БУУӨП жана башка эл аралык уюмдардын, донорлордун техникалык, каржылык жана кеңештик ж.б. колдоолорунун эсебинен жергиликтүү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү, коюлган милдет тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин планын иштеп чыгуу, бекитүү;
3.2. Жергиликтүүөнүгүүнү камсыз кылуу, тынчтыкты бекемдоо боюнча жергиликтуу жамаат менен өзүн өзү башкаруу органдары, коомдук уюмдар, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн түзүү;
3.3. Жергиликтуу көйгөйлүү маселелерди аныктоо, талкулоо, чечүү жолдорун талдап, демилгелерди иштеп чыгып,сунуштоо, ;
3.4.Жергиликтүү пайдаланылбай жаткан ички ресурстарды, потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдүаныктоо, талкулоо, натыйжалуу иштетүү боюнча демилгелүүсунуштарды беруу;
3.5. Эл аралык уюмдар, мамлекеттик уюмдар тарабынан келген долбоорлор менен таанышуу, иш жузуно ашыруу, кызматташуу боюнча сунуштарды беруу (координациялоо),БУУӨП жана башка эл аралык уюмдар колдогон, каржылаган долбоорлорду алгачкы тандоодон өткөрүү, сунуштоо, алардын натыйжалуу ишке ашырылышыжана БУУӨП жана донорлор тарабынан ыкчам чара көрүүүчүн коомдук мониторинг жүргүзүү;
3.6. БУУӨП жана башка эл аралык уюмдар колдооготалапкерленген долбоорлорду берүүчүлөргө сунуштоо же баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3.7. Социалдык, инфраструктуралык жана инвестициялык жана башка долбоорлорго ар кандай формада (гранттык, техникалык, кеңештик ж.б.) колдоо көрсөтүүгө конкурстарды өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө сунуштардыберүү; 3.8. Айыл аймагынын денгээлиндеги БУУӨП жана башка донорлордун иш чараларын, анын ичинде жергиликтүү жамаатарга БУУӨП жана донорлор тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралу маалыматтык камсыздоону координациялоо;
3.9. Келечекте чыр чатактарга алып келуучу көйгөйлүү маселелерди алдын алуу,чечуу боюнча биргелешкен аракеттерди жүргүзүү, сунуштарды берүү;
4. Жергиликтүү өнүгүүкомитетинин курамы жана мүчөлөрү
4.1.Жергиликтүү өнүгүүкомитетинин курамы 11-15 адамдан (Жергиликтүү кенештин сунушу менен, жобо талкууланган учурда аныкталат) турат.
4.2. Жергиликтүү өнүгүүкомитетинин курамынын мүчөлөрүн тандоо жана өзгөртүү жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдарынын,жергиликтүү жамааттардын, ишкерлер чөйрөсүнүн, коомдук уюмдардын, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн катыштыруу принцибин эске алуу менен жүргүзүлөт.
4.3. Жергиликтүү өнүгүү комитеттинмүчөсү айылдык аймактын айылдын коомдук ишине активдүү, демилгелүү, жоопкерлүү, айылдын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү долдорун жакшы билген ар бир жараны боло алат, мүчөлөрүн тандоодо жарандык демилгелүүлүк, активдүүлүк жөндөмдөрүн, гендердик жана этникалык аспектерин эске алынуусу керек.
4.4. Жергиликтүү Өнүгүү комитеттинкурамы 4 жылга бекитилет, мөөнөтү өткөндөн кийин курамы кайрадан түзүлөт.
4.5.Жергиликтүү өнүгүүкомитеттинтөрагасынжергиликтүү өнүгүү комитеттин мүчөлúрүнөн комитеттин мүчөлөлөрү жалпы добушга салуу менен дайындашат.
Жергиликтүү өнүгүү комитеттинторагасы:
4.6. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин ишмердүүлүгүн уюштурат.
4.7. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумунда төрагалык кылат, АКК отурумун чакырат.
4.8. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумунун жүрүшүн протоколдоону уюштурат, протоколдоруна жана башка документтерине кол коёт.
4.9. Жергиликтүү өнүгүүкомитетти мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында , коомдук жана эл аралык уюмдарда өкүлдөйт. АКК төрагасы болбогон учурда, төрагалыктын функциясын төраганын орун басары аткарат.
5.1. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин укуктары
5.1.1.Өзүн өзү башкаруу органдарынан, муниципалдык, мамлекеттик структуралардан, ишкерлер чúйрúсүнúн, коомдук уюмдардан, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардан керектүү маалыматтык, аналитикалык, статистикалык материалдарды белгиленген тартипте сурай алат.
5.1.2. Көйгөйлүү маселелерди жеринде тере¸ иликтеп, талдоо, чечуу жолдорун табуу, гранттык долбоорлорду тандоо, аларга мониторинг жүргүзүү максатында жергиликтуу жамаатар, жарандар менен жеринде жолугушуп, талкуулайт.
5.1.3. БУУӨП жана башка эл аралык уюмдар колдогон, каржылаган долбоорлорду алгачкы тандоодон өткөрөт, сунуштайт, алардын натыйжалуу ишке ашырылышына коомдук мониторинг жүргүзөт;
5.1.4. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумуна мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилерин, адистерин, бизнес структуранын, коомдук, мамлекеттик эмес, эл аралык уюмдардын, ар кандай менчиктеги мекеме ишканалардын өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды чакырат.
5.1.5. Жергиликтүү өнүгүүкомитети каралган маселе боюнча чечимдерин, сунуштарын айыл өкмөттүн аппаратына, айылдык кенештин жана тиешелуу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, эл аралык донордук уюмдардын кароосуна жөнөтөт.
5.1.6. Жергиликтүү өнүгүүкомитетинин сунуштары, чечимдери өз учурунда каралбай, аткарылбай калган учурларда Жергиликтүү Кеңешке, тийиштүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүүчүн кайрылат.
5.2.Жергиликтүү өнүгүү комитеттин мүчөлөрүнүн укуктары милдеттери
Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин мүчөлөрүнүн укуктары:
5.2.1.Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин ишмердүүлүгү жана кабыл алган чечимдеринин, сунуштарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сурай алат;
5.2.2. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумунда уюштуруу маселелерин талкуулайт жана Кенешме комитеттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.
5.2.3. Жергиликтуу көйгөйлүү маселелерди, гранттык жана инвестициялык долбоорлордуЖергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумуна кароого, талкууга алып чыгат, каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн пикирин, сунуштарын билдирет.
5.2.4. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумдарында түрүктүү, себепсиз катышпагандыгы, активдүү ишмердүүлүгүн көрсөтө албагандыгы үчүн айрым мүчөлөрду Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин курамынан мүчөлүктөн чыгаруу боюнча маселе көтөрөт.
Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин мүчөлөрүнүн милдеттери:
5.2.5. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин чечимдерин жана аталган жобонун талаптарын аткарат.
5.2.6. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отурумдарында такай катышат.
5.2.7. Жергиликтуу көйгөйлүү маселелерди, аларды чечуу жолдорун, жергиликтуу онүгүүнү камсыз кылуу, гранттык, инвестициялык долбоорлорду тандоо, колдоо жана коомдук мониторинг жүргүзүү сунуштарын, демилгелерин Кенешме Комитеттин кароосуна активдуу алып чыгат.
6.1. Жергиликтүү өнүгүүКомитеттин иштөө тартиби
6.1.1. Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин отуруму бир айда бир жолу же зарылчылык боюнча өткөрүлөт. Ошол эле учурда Жергиликтүү өнүгүү комитеттин төрагасынын жеке демилгеси менен үч күндүк мөөнөт ичинде, же болбосо мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн талабы боюнча Кенешме Комитеттин жөнөкөй көпчүлүк мүчөлөрүнүн демилгеси менен кезексиз отуруму өткөрүүлүсү мүмкүн.
6.1.2. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдердиЖергиликтүү өнүгүүКомитеттин мүчөлөрүнүнкөпчүлүк добушуменен кабыл алынат, ачык добуш берүү жолу менен.
6.1.3. Добуш берүү учурунда күн тартибиндеги маселе боюнча Жергиликтүү өнүгүү комитетинин мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүүдө тең добуш болуп калган учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
6.1.4. Кабыл алынган чечимдер, сунуштар протокол менен түзүлөт, Жергиликтүү өнүгүүКомитеттин төрагасы жана катчысы кол коёт.
6.1.5. Жергиликтүү өнүгүү комитеттин чечимдеринин аткарылышын, сунуштарынын каралышын Жергиликтүү өнүгүү комитеттин төрагасы көзөмөлдөйт, тиешелүү структуралардын жетекчилерине, адистерине кат түрүндө кайрылуу аркылуу жөнөтөт;
6.1.6. Жергиликтүү өнүгүү комитеттин кабыл алган чечимдери БУУӨП жана донорлор, өнөктөштөр үчүн сунуштук мааниге ээ;
6.1.7. Жергиликтүү өнүгүүкомитети бир жылда бир жолу жалпы жергиликтуу жамаатка, жергиликтуу кенешке аткарылган иштер боюнча отчет берет.
6.2.Жергиликтүү өнүгүү Комитеттинин олтурумунун протоколу
6.2.1. Жергиликтүү өнүгүү комитетинин олтуруму протокол менен түзүлөт;
6.2.2. Олтурумдун протоколу олтурум өткөрүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирилбей түзүлөт.
Протоколдо көрсөтүлөт:
Олтурум өткөрүлгөн күнү;
Олтурумга катышкан жактар;
Олтурумдун күн тартиби;
Добушка коюлган маселелер, негизги чыгып сүйлөгөндөрдүн пикири, сунушу, добуш берүүнүн жыйынтыгы;
Кабыл алынган чечимдер.
6.3.Жергиликтүү өнүгүү Комитеттин катчысынын функционалдык милдеттери
Жергиликтүү өнүгүү комитеттин отурумдарын даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт.Жергиликтүү өнүгүү комитеттин отурумун өткөрүү күнү, орду жөнүндө ЖӨК мүчөлөрүнө кабарлап, маалыматтарды жеткирүүнү камсыздайт. Керектүү, тиешелүү маалыматтык материалдарды жана программаларды жеткирет.
Жергиликтүү өнүгүүкомитеттин жылдык иш планын иштеп чыгуу;
Жергиликтүү өнүгүүКомитеттин отурумунун архивин жана иш кагаздарын жүргүзөт.
Жергиликтүү өнүгүүКомитеттин чечимдерин, сунуштарын мамлекеттик, муниципалдык органдарга, бизнес структураларга, коомдук уюмдарга, жергиликтуу жамааттарга, мамлекеттик эмес, эл аралык уюмдарга жана баардык кызыкдар тараптарга жеткирет.
7. Жергиликтүү өнүгүүКомитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу
7.1. Жергиликтүү өнүгүү Комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү жамааттардын, коомдук инстутуттурдын, депутаттардын сунуштарынын негизинде жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотуу.