Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 23
Жалпак-Таш айыл аймагынын ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине(2009-жылдын 26 январындагы №30 жаны редакциясы 2011-жылдын 11-июлундагы №91) таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу жалпы аянты 9882га,( анын ичинде жазгы-кузгу жайыт 2581га, жайкы жайыт 2180га) жайыт жерге болгон Жалпак-Таш айыл окмотунун ыйгарым укуктары коомчулуктун мучолорунун жайыттарды башкарууга активдүү катышуусун камсыздоо учун Жалпак-Таш Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткүрүлүп берилсин.
2.Ыйгарым укуктарды откоруп беруу учун Жалпак-Таш айыл өкмүтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ортосунда келишим тузулсун. (келишим тиркелет)
3.Токтомдун аткарууга алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын козомолдоо «Айыл чарбасы, онор жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |
| Тиркеме №1 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын “17”августундагы № 23 токтомуна тиркеме |
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды жайыт падалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө типтүү
КЕЛИШИМ
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында,ошондой эле Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл окмотунун жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдаланышын камсыз кылуу учун бир тарабынан Жалпак-Таш айыл округунун башчысы: Паизов Сооронбек(мындан ары –жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы)жана экинчи тарабынан Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл округунун Жайыт пайдалануу чулар бирикмесинин: котоо №109991-3306-У-е,ОКПО 26579724,ИНН 02401201010012 каттоо датасы:24.01.2010ж Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Озгон району, Жалпак-Таш айыл округу, Курбу-Таш айылы. Жайыт комитетинин торагасы: Конурбаев Самарбек (мындан ары- жайыт пайдалануучулар бирикмеси) томонкулор тууралуу Келишим тузушту:
1.Келишимдин негизи.
1.1Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл округунун берилуучу жайыт жерлеринин балансына(ушул Келишимдин № 1 тиркемеси)ылайык жалпы аянты 9882га. Анын ичинде жазгы-кузгу 2581га, жайкы 2180га жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын откоруп берет.
1.2 Жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт инфраструктурасынын обьектилерин кабыл алуу-откоруп беруу актысына(ушул Келишимдин № 2 тиркемеси) ылйык откоруп берилет.
2.Тараптардын укуктары жана милдеттери.
2.1Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы томонкулорго укуктуу:
-жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине откоруп берууго;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт башкаруу жана пайдаланышын контролдоого;
-Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен мыйзамдардагы,жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планындагы жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планындагы укук бузууларды четтетууну талап кылууга;
Жайыттардын абалы жана сапаты тууралуу маалымат сурап алууга, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча откоруп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жонундо Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторун угууга;
-Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын башкаруунун жана пайдалануунун,аларды жакшыртуунун жана коргоонун алдынкы талаптарын сунуш кылууга;
-Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
2.2. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы томонкулорго милдетуу:
-Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын кароого жана бекитууго;
-мыйзамдарга, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт башкаруу жана пайдалануу аракеттерине богот коючу иштердин аткарылышын жан чечимдердин чыгарылышын болтурбоого;
-жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча откоруп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга Жайыт пайдалануучулар бирикмесине уюштуруу, консультациялык жана башка турдогу жардам корсотуу;
-мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси томонкулорго укуктуу:
-мыйзамдарга,жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт жерлерин оз алдынча башкарууга жана пайдаланууга;
-жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгууга;
-жайыттардын абалына мониторинг жургузууго;
-жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт билеттерин берууго;
-жайыт пайдалануу учун акыларды жергиликтуу кенеш менен алдын ала бекитуу менен белгилоого жана чогултууга;
-озунун ыйгарым укуктарынын чектеринде жайыт пайдалануу боюнча талаш маселелерин чечууго;
-жайыт пайдалануудан келип тушкон кирешелерди жана жайыт инфраструктурасына инвестиция катары аларды кармоого жиберилуучу башка ресурстарды башкарууга,Кыргыз Респупликасынын мыйзамдарына ылайык жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга;
-тиешелуу аймакта жайгашкан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди талкуулоодо жергиликтуу кенештердин иштерине катышууга жана бул маселе боюнча озунун сунуштарын киргизууго;
-мыйзамдарда каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
2.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси томонкулорго милдеттуу:
-мыйзамдарга, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт жерлерин башкарууга жана пайдаланууга;
-жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды башкаруунун жылдык планын тийиштуу жергиликтуу кенештин бекитуусуно берууго;
--жайыт жугуртууну, мал жайуунун моонотун жана узактыгын сактоого, мында жайыттардын начарлашына алып келуучу жайыт жуктомунун ашып кетишине жол бербоого;
-мыйзамдарга, жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын жайыт башкаруу жана пайдалануу аракеттерине богот коюучу иштердин аткарылышын жана чечимдердин чыгарылышын болтурбоого;
-жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын суроо-талабы боюнча жайыттардын абалы жана сапаты тууралуу маалымат,ошондой эле жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча откоруп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жонундо отчет берууго;
-жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы, жаыйт башкаруу жана жана пайдалануу боюнча жамааттардын планындагы жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планындагы укук бузууларды четтетууго;
-ушул келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди башка адамдарга бербоого, юридикалык жактардын уставдык капиталына аманат(пайдык салым) катары куроого бербоого;
-мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3 Жайыт пайдалануудан тушкон акыны болуштуруу тартиби.
3.1Жайыт пайдалануу учун акынын олчому жайыт комитетинде аныкталат,жергиликтуу кенеш тарабынан бекитилет жана жайыт пайдалануунун жылдык планында жуктолот.
3.2Жайыт пайдалануучлар бирикмесинин жайыт пайдалануу учун акынын жер салыгын тузуучу болугу жергиликтуу бюджетке жиберилет.
4.Келишимдин колдонуу мооноту.
4.1Бул келишим 5 жылга тузулот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген тартипте мамлекеттик катоодон откон кундон тартып кучуно кирет.
4.2Ушул келишимдин колдонуу мооноту аяктагандан кийин, ушул келишим боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмеси озунун милдеттерин тийиштуу аткарган учурда келишим кийинки моонотко узартылат. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси келишимдин моонотун узартуу алдында кеминде 1(бир) ай мурда келишимди кийинки моонотко узартуу ниетин жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына жазуу жузундо бидириши керек, жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы билдирууну алган кундон тартып 15 (он беш) кундун ичинде келишимдин моонотун узартуу жонундо Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин билдируусун кароого жана ушул келишим боюнча Жайыт пайдалануучулар бирикмеси оз милдеттерин тийиштуу аткарган учурда келишимдин моонотун узартууга милдеттуу.
5.Талаш-тартыштарды чечуу,келишимди озгортуу жана жоюу тартиби.
5.1 Бул келишимди аткарууда тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар суйлошуулор аркылуу чечилет.
Талаш-тартыштарды суйлошуулор аркылуу чечууго мумкун эмес болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот органдарында чечилет.
5.2 Келишимди озгортуу же аны жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тараптардын макулдашуусу боюнча жургузулот.
5.3 Келишимдин шарттары экинчи тарап аркылуу бузулган учурда тараптардын биринин талабы боюнча соттун чечими боюнча гана келишим озгортулушу же жоюулушу мумкун.
6. Корутунду жоболор.
6.1Бул келишим кыргыз тилинде уч туп нускада тузулду (ар бир тарап учун бирден жана бир нускасы- кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга откоруп беруу учун). Бул келишимдин бардык нускалары бири-бирине окшош жана бирдей юридикалык кучко ээ.
6.2Бул келишимдин ажыратылгыс болугу болуп томонкулор саналат:
А) №1 тиркеме-Болуп берилген жайыт жерлеринин картасы,
Б) №2 тиркеме-Жайыт инфраструтура обьектилерин кабыл алуу-откоруп беруу актысы.
7. Тараптардын юридикалык даректери жана башка реквизиттери:
Айыл округунун башчысы: ЖПБнын Жайыт комитетинин торагасы:
Паизов Сооронбек Конурбаев Самарбек
Юридикалык дареги: Юридикалык дареги:
Ош облусу, Озгон району, Ош облусу, Озгон району,
Жалпак-Таш айылдык округу, Жалпак-Таш айылдык округу,
Курбу-Таш айылы. Курбу-Таш айылы.
Банк реквизиттери:
-------------------------------- РСК Банк, Озгон филиалы,
------------------------------------ БИК 129048 р/с 1290483230047329
Тараптардын колдору:
----------------------------------- ------------------------------------------------------
Күнү _________________ Күнү______________________________