Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27/3
Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү
Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |
| Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: _______________Эмилбек у Т «__»___________2016-жыл |
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн иш планы.
К№ | Аткарылуучу иш- чаралардын мазмуну | Аткаруу мооноту | Ким тарабынан аткарат |
1 | Кызыл-Көл айылындагы ФАПтын курулушун толук бүтөрүү | 2016-жылы | А/О,Аркыт т/ч ,калк менен биргеликте |
2 | Кызыл-Кол айылындагы демөөрчү аркылуу курулуп жаткан спорт залдын курулушун бүтөрүп ишке берүү | 2016-жылы | А/О ,Арыт т/ч эл,демөөрчү |
3 | Кара-Камыш көлүнө жана ыйык жерлерге туризмди уюштуруу | 2016-жыл май,июнь | А\О,Жайыт ком-и,СВТ экотуризм |
4 | Кызыл-Кол айылындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу жолго сел өтүүчү селкана куруу | 2016-жылы | РМА,ДЭП-12,А/О айыл башчы |
5 | Кызыл-Көл айылынан Ак-Терек айылына чейинки ички жолду сүрүп тазалоо | 2016-жыл май | А/О,эл,Аркыт т/ч ,айыл башчы |
6 | Чат-Турдук айылындагы ички жолду сүрүп тазалоо | 2016-жыл май | А/О,Жайыт ком-и,айыл башчы |
7 | Турдук айылындагы Ачык –Алма жайлоосуна өтүүчү көпүрөнүн курулушун толук бүтөрүп ишке берүү | 2016-жылы | А/О ,Жайыт ком-и ,айыл башчы .эл, Аркыт т/ч |
8 | Чалдыбар айылына караштуу Кара-Добо участкасына электр линиясын тартуу иштерин колго алуу | 2016-жыл февраль | А/О,эл,айыл башчы |
9 | Чат айылындагы К.Кулназаров мектебинин курулуш иштерин баштоону уюштуруу | 2016-2017-жылдарда | РАМ,РайОно,мектеп жет,айыл башчы |
10 | Кез-Арт сайындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу кооптуу абалда турган көпүрөнү капиталдык ремонтон чыгаруу | 2016-жылы | РМА,ДЭП-12,А/О айыл башчы |
11 | Кез-Арт айылына караштуу Ак-Таш участкасындагы ички жолду долбоор аркылуу ишке ашыруу | 2016-жылы | А/О,долбоор жет,айыл башчы |
12 | Кез-Арт сайынан чыгып,Кара-Суу дарыясын бөгөп,суу өтүүчү арыкка,бир нече кожолукка,айыл өкмөтүнүн имаратына коркунуч келтирген селкананы ОКМ –ги аркылуу калыбына келтирип,дамба куруу иштерин уюштуруу | 2016-жылы март | ОКМ,А/О,айыл башчы |
13 | Бечел-Аюу ,Жар-Баскан суу насосторун Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өткөрүү иштерин уюштуруу | 2016-жылы | РМА,Райондук суу чарба башкармалыгы |
14 | Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы эскирген электр мамыларын мамыларын алмаштыруу иштерин колго алуу | 2016-2017-жылдарда | РМА,РЭС,А/О,УЭС,айыл башчылар |
15 | Атуулдардан түшкөн арыз,билдируу,кайрылуу ж.б иш кагаздар менен өз учурунда такай иш алып баруу | Ар дайым | А/О,аппарат кызматкерлери,айыл башчылар |
16 | Кара-Суу айылындагы борбордук спорт залдын курулушун толук бүтөрүү иштерин уюштуруу | 2016-жылы сентябрь | А/О,ЭЛ,демөөрчүлөр |
17 | Мектептердин жылуулук абалын,ремонт иштерин жана Кышка карата отун,көмүр менен камсыз кылууну өз учурунда уюштуруу | Оз учурунда | А/О,айыл башчылар,мектеп жетекчилери |
18 | Жалпы айыл өкмөтүнө караштуу ички жолдорго шагыл төгүп,калыбына келтируу иштерин уюштуруу | Жаз –куз мезгилинде | А/О,эл,айыл башчылар |
19 | Жазгы жер айдоону өз учурунда уюштуруп,ийгиликтүү жыйынтыктоо | Апрель ,май | А/О,эл,айыл башчылар |
20 | Жайлоого чыгуучу атуулдардын жазында көчүп чыгуусуна,күзүндө көчүп келүүсүнө учурунда көзөмөлдүк кылуу | Жаз-куз мезгилдеринде | А/О,айыл башчылар |
21 | Авто уналарды ремонтоо учун тех сервис ишканаларын уюштуруу | 2016-жылы | Жеке ишкерлер |
22 | ДЭП-12 ишканасына караштуу жолду асфальттоо иштерин уюштуруу | 2016-жылы | РМА,ДЭП-12,А/О |
23 | Коншу айыл өкмөттөрүнүн аралыгындагы чек аралардын бөлүнүшүн тактап,аныктоо иштерин жүргүзүү | 2016-жылы | ГИПро зем ,РМА,ГОС регист,Жайыт ком,Чек ара ком. |
24 | Айыл өкмөтүндөгү ссуда алуучу атуулдарга тиешелуу иш кагаздарын өз учурунда даярдоого жардам көрсөтүү | 2016-жылы | А/О,айыл башчылар,Жаран коргоо комиссиясы |
25 | Калкты тейлоочу ДЭП-12 ишканасына караштуу жолду жаз –куз мезгилдерине карата грейдирлеп туруу | 2016-жылы жаз-куз мезгилдеринде | ДЭП-12,А/О,айыл башчылар |
26 | Эшме-Сай селканаларына суу тосмо иштерин баштоону уюштуруу | 2016-жылы | ОКМ,РМА,А/О, |
27 | Жайыт пайдалануучу атуулдарга ынгайлуу шарттарды түзүү жана Жайыт комитетинин иштерин көзөмөлдүккө алуу | 2016-жылы май,июнь айлары | А/О,Жайыт ком-и |
28 | Калк пайдалануучу суугат суу өтүүчү алыштын баштарын калыбына келтирүү | 2016-жыл апрель,май | А/О,айыл башчылар |
29 | Айыл өкмөтүнө караштуу кооптуу аймактардагы жерлерди калыбына келтирүү | 2016-жылы | А/О,айыл башчылар |
30 | Топ-Жангак,Токой участокторундагы суу алып кетүү коркунучунда турган жерлерге дамба курууну ишке ашыруу | 2016-жыл | ОКМ,РМА,А/О |
31 | Кара-Суу айылына борбордук маданият үйүн куруу иштерин уюштуруу | 2016-2017-жылдарда | Мадан мин,РМА.А/О |
32 | Үлүш жерлерди туура пайдалануу | 2016-жыл | А/О,айыл башчылар,эл |
33 | Жеке менчик учун 11 турак жайларды курууну уюштуруу | 2016-жыл | А/О ,айыл башчылар |
34 | Борбордук көчөнү жарыктандыруу иштерин жүргүзүү | 2016-жыл | А/О |
35 | Кабактын-Дөңүндөгү суу өтүүчү ноолорду оңдоп,калыбына келтирүү | 2016-жыл | А/О,айыл башчылар,жалпы пайдалануучу эл |
Даярдаган башкы адис | М. Шабданов |