Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 5
Айыл өкмөтүнүн Чалк-Өйдө айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын №1 протоколуна ылайык Чалк-Өйдө айылынын Жаныбек казы атындагы №64 орто мектебинин аянтына курулуп жаткан спорт залга ат коюу жөнүндө
Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышын кезектеги 16-сессиясы жогорудагы маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалк-Өйдөайылынын 05-декабрь 2015-жылы болуп өткөн элдик жыйынын №1 протоколу бекитилсин (протокол тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Көлдүк айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | С. Молдалиев |
Протокол № 1
2015-жылдын 5-декабрь күнү Чалк-Өйдө айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйыны болуп өттү
Элдик жыйынга катышкал элдин саны - 75
Күн тартиби:
Жаныбек казы атындагы орто мектебинин жалпы мугалимдеринин 2015-жылдын 1-декабрындагы жаны курулуп жаткан спорт залына Туташев Акеншанын ысымын ыйгаруу жонундогу токтомун кароо.
Угулду: кун тартибиндеги каралган маселе боюнча аты аталган мектептин директору Турдуев Б мекпетин жалпы жаматынын 2015-жылдын 1-декабрындагы токтому менен тааныштырды. Токтомдун чечимине ылайык аты аталган мектепте 30-жылдан ашык узурлуу эмгектенген Туташев Акеша агайдын эмгек жолуна кенири токтолду Тутаев Акенше коп жылдар бою мектепте мугалим болуп эмгектенген. Окуучуларга татыктуу билим жана тарбия берүүдө бут куч аракетин жумшаган. Агайдын окуткан оккучулары бугунку кундо республикабыздын ар кайсы жерлеринде эмгектенип келе жатышат. Мен да агайдын колунан билим жана тарбия алгамын. Ошондуктан мектептин жалпы мугалимдер коллективи жаныдан курулуп жаткан спрот залга Туташев Акеншанын ысымын ыйгаруу жонундо токтом кабыл алдык. Ошол токтомго ылайык оз ой пикирлериниздерди айтат деген ойдомун. Кун тартибиндеги маселе боюнча томондогу ата-энелер жарыш созго чыгышты.
Жумакеев Тологон мен дагы агайдын колунан билим тарбия алгамын. Агай адам катарыда жонокой, кичи пейил адамкерчиликтүү инсан эле. Ошондуктан мектеп жамаатынын сунушун толугу менен колдойм.
Мусаев Жунус жаныдан курулуп жаткан спорт залга Туташев Акенша агайдын ысымын ыйгарылышы эң туура деп эсептейм. Ушул жерде катышып отурган ата-энелердин копчулугу ошол агайдын колунан билим жана тарбия алышкан. Ошондуктан ушул сунушту толугу менен кубаттайм жана сиздерди колдойт деп ишенем.
Артыков Ороз Толомушова Орозкан, Талипов Бектурсун, Жанболотов Дуйшонбай, Токтосунов Алмаз, Ысакбаева Каныкей, оз ойлорун ортого салышып толугу менен курулуп жаткан спорт залга агайдын ысымын берилишин кубатташты. Жалпы элдик жыйын күн тартибиндеги каралаган маселени угуп жана талкуулап томондогудой
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токтом.
Жаныбек казы атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 2015-жылдын 1-декабрындагы жаныдан курулуп жатканспорт залга Туташев Акеншанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү №3 токтому бекитилсин.
Ушул токтомду бекитип беру жагы Көлдүк айылдык кеңешинин депутаттарынан суралсын.
Чогулуштун төрайымы: Кайназарова
Катчы | М. Темирбаева |