Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 1
Момбеков айылдык Кеңешинин депутаттарынын чек арасын бекитүү жөнүндө
Момбеков айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык, күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылдык Кеңешинин депутаттарынын чек аралары № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |
| Момбеков айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 6-сессиясынын № 1- токтомуна тиркеме |
Момбеков айылдык Кеңешинин бекитилген чек аралары
№ | Депутаттардын фамилиясы, аты | Шайлоо округдарынын аталышы | Бекитилген чек аралары |
1 | Идирисов Нуртилек | Коммунизм | Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Жаңы-Кыштак айылындагы «Газпром» АЗСтин жогору жагындагы жаңы түшкөн конуштар толугу менен, Жаңы-Кыштак айылынын башталышы Юлдашова Зулфиянын үйүнөн баштап мечитке чейин |
2 | Төлөнова Калбү | -\\- | Ырыскулова Акылайдын үйүнөн баштап Керимбаев Нурландын үйүнө чейин |
3 | Субанов Кенжебек | -\\- | Амадалиев көчөсү толугу менен ФАПка чейин |
4 | Молошов Доорон | -\\- | Мамыров көчөсү толугу менен |
5 | Абдраманов Түгөл | -\\- | Тажикул Балбан көчөсү толугу менен |
6 | Төрөканов Данияр | -\\- | №16- Ж.Турусбеков мектебинен сел арыка чейин жолдун төмөн жагы, Б.Төрөканов көчөсү толугу менен |
7 | Осмонов Мурат | -\\- | Көп-Там айылындагы айылдык клубдан Масиркулов Ырыскулдун үйүнө чейин (жолдун жогору жагы) |
8 | Немат уулу Жайнак | Бостон | Эски Кочкор-Ата толугу менен, саан короо жана подстанция толугу менен |
9 | Стамбаев Ташмамат | -\\- | Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Батыркулов Таштандын үйүнөн ФАПка чейин, «Достук РК» пахта заводуна чейинки тике түшкөн көчөлөр, чек арага чейин, жолдун жогору жагы АЗСтин жогору жагындагы жаңы түшкөн конуштар толугу менен |
10 | Мырзакулов Акмат | -\\- | Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Бекжигитов Арстандын үйүнөн баштап Токтосунова Соунунбүнүн үйүнө чейин жолдун жогору жагы А Мамыров көчөсү толугу менен |
11 | Нышанов Орунали | Кыла | Таштак айылындагы Саидов Рахматилланин үйүнөн баштап Кошоев Эмилдин үйүнө чейин (С Арзыкулов, Э Эргешов көчөлөрү, Ош-Бишкек жолунун жогору жагындагы Р.Жакыпов көчөсү толугу менен) |
12 | Эргешов Молдали | -\\- | Кулумбетова Толгонайдан Султанбаева Дилбарга чейин (Абдымомунов, Сейитканов, Абдыкадыров, Тиллебаев көчөлөрү толугу менен ) |
13 | Абдыжапаров Кадырбек | -\\- | Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Мырзанов Ахундун үйүнөн баштап Абдурахимов Бактиярдын үйүнө чейин, Кыргоо айылынын оң тарабы (Мамасыдыков көчөсү толук, Эгембердиев көчөсүнүн жарымы) |
14 | Мурзакматова Зумурат | -\\- | Юлдашов Нурдиндин үйүнөн баштап Уметалиев Бакыттын үйүнө чейин Кыргоо айылынын сол тарабы (Эгембердиев көчөсүнүн жарымы, Мамедов, Кимсанбаев көчөлөрү толугу менен) |
15 | Эгембердиев Бакыт | -\\- | Исаков Абдыманаптын үйүнөн баштап Эгембердиев Мыктардын үйүнө чейин (Орозбеков көчөсү толугу менен Мамадалиев көчөсүнүн башталышы) |
16 | Мусурманкулов Турсуналы | Жазгак | Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Жороев Абдималиктин үйүнөн баштап Сыдыков Абдималиктин үйүнө чейин ( Мамадалиев, Сыдыков көчөлөрү толугу менен ) |
17 | Кадыркулов Акманбек | -\\- | Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Чыйбылов Рахманжандын үйүнөн (О Тургунбаев, Урбаев, Масиров көчөлөрү толугу менен Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Кадыров көчөсү толугу менен) |
18 | Нусупов Куштарбек | -\\- | Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Арстанов Абдилхамиттин үйүнөн баштап Жазгак айылындагы мүрзөгө чейин Бегимкулов Мамасабырдын үйүнө чейин |
19 | Борбиев Курманбек | Чек | Мавлянов Кенженин үйүнөн баштап Гапуров Закиржандын үйүнө чейин каналдын төмөн жагы (Кубатов, Атамкулов, Жоробаев көчөлөрү толугу менен) |
20 | Эгембердиев Мурат | -\\- | Эгембердиев Эрмаматтын үйүнөн баштап Гаппаров, Масиров көчөлөрү толугу менен |
21 | Арапов Бакыт | -\\- | Ош-Бишкек жолунун боюндагы боз үйдөн баштап Борбиев көчөсүнүн башталышындагы Мамытова Өмүнсанын үйүнөн баштап Сафаров Насиптин үйүнө чейин |