МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын 6 -сессиясы
2017-жылдын 10-марты № 4
Муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген Жобонун 3-беренесинин 7-пунктуна ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды сатуу жана ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн :
· Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы толугу менен
· Бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссянын төрагасы, мүчөлөрү
· Укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
· Айыл Өкмөтүнүн орун басары
· Жер боюнча башкы адиси
· Ф.Э.Б. башчысы
· Салык кызматкерлери бекитилген чек аралары боюнча
· Депутаттар бекитилген чек аралары боюнча
· Айыл башчылары жеринде
· Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн өкүлү
· Ноокен райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды
· каттоо башкармасынын өкүлү
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |