Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 5
Штаттык тизимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмун жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” №451 сандуу токтомуна ылайык Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айыл өкмөтүнүн администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин денгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (2штаттык бирдик)бекитилсин;
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо учун каттоодо 300дон 1000ге чейинки аскерге милдеттуу жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер –аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
4. Сунушталган айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги толугу менен өзгөртүүсүз бекитилсин жана Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Г.Саманчиева) менен макулдашылып, эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Даниярова Алмакул Соорбековнага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыканов |
| Тиркеме № 1 |
Оро айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы | Оро айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5384 адам |
5ден 7ке чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Башчынын орун басары | - |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчик жана тазалык боюнча адис | 1 |
Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы: | 10 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Жетектөөчү адис - Айыл башы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 2 |
Адис - Аскердик –эсепке алуу боюнча инспектору | 2 |
Жыйынтыгы: | 4 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК | |
Кароолчу | 1 |
Тазалоочу | 1 |
Жыйынтыгы: | 2 |
Жооптуу катчы | А. Даниярова |