Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-2
Эл депутаттарынын Найман айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII-5 токтому менен бекитилген регламентин карап чыгып,талкуулап,бул регламентке өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү ой пикирлерди талкуулап, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 24-февралындагы № XVIII-5 токтому менен бекитилген регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин.(тиркелет)
2. Найман айылдык кеңешинин Регламенти Ош областтык жана Ош шаардык Юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
| Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз III сессиясынын III-2 токтомуна тиркеме |
Найман айылдык Кенешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кенеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кенештин Регламенти, айылдык Кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кенештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүнү жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кенештин Регламентин кабыл алуу;
- Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кенештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кенештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пункттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кенештин биринчи сессиясы.
3.1. Айылдык Кенештин биринчи сессиясы мурда шайланган кенештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кенештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык Кенештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылдык Кенештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык Кенештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кенештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы Кенештин структурасын түзүү жана Кенештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо айылдык Кенештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык Кенештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берууну уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кенештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүнүн жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кенештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетенде» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кенештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кенештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кенештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кенештин сессиясы.
5.1. Кенештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кенештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кенештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.
5.3. Кенештин кезексиз сессиясы Кенештин төрагасы, Кенештин туруктуу комиссиялары же Кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кенештин төрагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кенештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кенештин чечими же Кенештин төрагасынын буйругу менен кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кенештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.
5.8. Айылдык Кенештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кенештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кенеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кенеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баарык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык Кенештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кенештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
6.3. Секретариат айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби айылдык Кенештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кенештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кенештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
IХ. Кенештин чечимдери.
9.1. Кенештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кенештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кенеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кенештин төрагасы кол коет.
9.4. Кенештин депутаты Кенештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кенештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кенештин чечимин бастырып чыгаруу, Кенештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылыдык Кенештин чечими айыл аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кенештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык Кенештин төрагасы.
10.1. Кенештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат. Кенештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, аларга көзөмөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий өтүнүч жасайт.
10.4. Кенештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кенештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.
10.6. Кенештин төрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Айыл өкмөтүнүн, айылдык Кенештин жооптуу катчысы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл өкмөт башчысына сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кенештин төрагасынын макулдугу менен жүргүзөт.
10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде Кенешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылдык Кенештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаныдан чакырылган Кенештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
ХI.Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары Кенештин төрагасы жок болуп калган жана төрага өз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурлрда Кенештин төрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
ХII. Кенештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кенештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айыл өкмөтүнүн катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кенештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кенештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кенешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кенештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кенештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кенештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кенештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтуу кенештердин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисяларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кенештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кенеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байлныштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мумкун.
Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кенештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары:
- кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнөгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
- жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунуштлган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кенештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык Кенештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы мөөнөтүнө карата жашыруун добуш беруу аркылуу шайланат.
14.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго, айылдык Кенештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жондомдуу, жогорку билимдуу жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим беруу, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик турундогу чарбакер субөекттерде жетекчи кызматтарда уч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айылдык округдун башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы учун соттолгон жана соттолгондугу жоюулганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Республикасынын жараны айылдык Округдун башчысы боло албайт.
14.5. Айыл окмотунун башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кенештин биринчи жыйналышынын кунунон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен дайындалат.
Айыл окмотунун башчысы ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун тузулгон кундон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен айыл окмотунун башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл окмотунун башчысы айылдык кенештин чакыруу мооноту аяктаганга чейин 90 каландардык кун калганда ээлеген кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кенешинин биринчи жыйналышы отконго чейин айыл окмотунун башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл окмотунун башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 20 календарлык кундун ичинде откорулот.
Айыл окмотунун башчысын кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда аким жаны айыл окмоту шайланганага чейин озунун акты менен айыл окмотунун милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 25 календардык кундун ичинде откорулот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулдору тиешелуу аймактык шайлоо комиссияларында айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону жана откорууну координациялоону жургузушот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын торагасы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жургузуу учун тийиштуу аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мучосун жиберууго укуктуу.
14.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтуу Кенештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш беруу аркылуу ишке ашырылат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын учтон экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону откоруу жол-жобосу «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтуу Кенештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелуу аймактык комиссиясы тарабынан куболук берилет. Куболуктун формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жарксыз деп табууга алынып келет.
ХV. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсоткон субөект тарабынан каттоо учун шайлоо кунуно чейин 5 жумуш кунунон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына томондогудой документтер сунушталат:
1) жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуу жонундо чечим.
2) ат салышууга жонундо талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин корсотуу менен талапкердин омур баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 – беренесинлеринин талаптарын тастыктоочу тийиштуу документтер.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган кундон тартып 3 календарлык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуунун тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жонундо – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жонундо жуйолоштурулгон чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жонундо талапкерди корсоткон субөектиге кабар билдирууго милдеттуу. Талапкерди корсоткон субөект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл озгортуулорду киргизип, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына ондолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди корсоткон субөектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин кочурмосун берууго милдеттуу.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга томондогулор негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган корсотуунун тартиби сактлбашы.
2) Талапкерде пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди корсоткон субөектин ушул берененин 1-болугундо корсотулгон бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жонундо чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай беруу, добуш беруу учун кабиналарды, добуш беруу учун укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону откорууго комок корсотууго милдеттуу.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берууго чейин эки кун калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл лууга милдеттуу.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго укугу бар субөкт кайсы учурда болсо да добуш берууго чейин эки календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо тиешелуу арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субөект тарабынан корсотулган талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл алууга милдеттуу.
ХVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу учун добуш беруу кунуно чейин 2 календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы жана эки мучосу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулу жана айылдык Кенештин окулу болуп эсептоо комиссиясы тузулот.
Эсептоо комиссиясы оз отурумунда курамынан тораганы жана катчысы шайлоо жонундо чечим кабыл алат жана тиешелуу протокол тузулуп, булл тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтуу Кенешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, оз жыйналыштарынын протоколдорун жургузууну уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жан ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коңт.
16.4. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, укокторду орнотуу жана шайлоону өткөруүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүсү милдеттүү.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык Кенештин төрагасы тартат.
16.7. Добуш беүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби.
17.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо атайын бөлүнгөн бөлмөдө өткөрүлөт.
17.2. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү укоктору эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
17.4. Добуш берүүчү укокту ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш берүүчү укокту ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
18.2. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү бсылбаган, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш берүүчү укоктогу бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коет.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептоо комиссиясынын торагасы дароо айылдык Кенештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш беруунун жыйынтыгын жары кылат жана айылдык Кенештин сессиясынын бекитуусуно протоколго киргизет.
18.7. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду айылдык Кенеш бекиткенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы анын мүчөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
18.10.Добуш берүүнүн экинчи туру ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
18.11. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХIХ. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар коп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.3. Эгерде добуш берүүнү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
19.6. Эгерде шайлоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
19.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
ХХ. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттары тарабынан айылдык өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү Кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаны айылдык өкмөттүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттүү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
ХХII. Кенештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кенештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кенештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эң башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кенеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.
ХХIII. Жергиликтүү Кенештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 11 депутатты түзөт.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлөт.
ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
25.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кенештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кенештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат